“СҮЙҮҮМ ШАЙЛООНУН КУРМАНДЫГЫ БОЛДУ”

№859 18-24-апрель, 2019-жыл

Мен жеке ишканада иштечүмүн. Компаниянын ээси калайыкка белгилүү, мен-мен деген байлардын бири. Ал биздин жумушка көп деле келе берчү эмес. Эмнегедир ал адамды өзүмө жакын сезчүмүн. Бирок ортобузда көңүл жылыткан мамиле жок болчу.

Мен деле жөнөкөй айым эмесмин, жек-жаатым көп, чөйрөм кенен, тың десе тыңмын, иштин көзүн билем. Бир күнү “шеф келе жатат” деп шашкалактап калышты. Угарым менен жүрөгүм опкоолжуп, өзүм да бул абалыма таң калып турдум. Менде ал адамга карата сезимдин учкундары бар экенин ошондо сездим. Бурганак ойлорум менен алпурушуп, сезимди төгүндөй албай жатканда Айбектин добушу чочутуп жиберди. “Сизди шеф чакырып жатат” дегенде эс-мас абалда калдым. Ал мени сезип койгонсуп, ыңгайсызданып да кеттим. Анча-мынча нерсеге буйдалбаган курчтугумдун бул сапар мизи кертилип, ал адамга тике жүз баккандан корунуп турдум.

“Кой, болду” деп өзүмдү иретке келтирип алып, төртүнчү кабатка көтөрүлүп, эшикти тыкылдаттым.

“Кириңиз” деген сылык үн угулду. Ал мени жөн чакырбаптыр, компаниянын директорлугуна мени ылайык көрүп жатканын айтты. Бул сунуш чынында мага жакты, ага жакындатуучу жол. Жаңы кеңсеге көчтүм. Жапжаңы директордун бөлмөсү, мен самаган унаа, айдоочу, айтор... Эми мен жүрөгүмдөн орун алган адам менен бир имаратта.

Жай айынын алгачкы күндөрү ал Дубайдан келди. Эртеси биздин мекемеге келип, иш тууралуу астейдил суроо узатып, “бүгүн кечте бир жерде чай үстүндө сүйлөшүп, сиздин ордуңузду майлайлы” деди. Мен кайдан каршы болмок элем?

Кеч. Чакан, тынч, кооз бөлмө. Буга айран-таң калып, жоромолдоого чамам жетпеди. Аңгыча ал өзү жалгыз кирип келди.

– Болдубу, эч ким келбейби?- дедим.

– Таң калба. Мен бул кечени экөөбүз эле белгилейли деп чечтим,- сиз деп кайрылганын дароо сенге алмаштырып жиберди.

– М-мм. Эмнеге?

– Сен жакшы кызматкерсиң, ишиңди жакшы билесиң, мыкты аялзатысың. Сен буга татыктуусуң,- деп чөнтөгүнөн кутучаны алып чыгып мага сунду. Алмаз төшөлгөн шакек экен. Эмне кыларымды билбей нес болуп калдым. Ал мендеги ыңгайсыздыкты байкамаксан болуп шампанды ачып куя баштады. Эмнеге ал адамга байланганымды азыр да түшүнбөйм. Балким, карьераны кубалабай үй-бүлө күткөнүмдө мындай кадамга барбайт белем? Ошентип ал түн бизди кыйла жакындатып койду. Эртеси иш үстүндө кайрадан “сиз” деп кайрылып, эч сыр бербейт. Бул байланыш күндөн-күнгө жакшырып отуруп, акыры Парижге эс алууга жөнөдүк. Мен ага кадимкидей көнүп алдым. Ал ошол сапарда пландары менен бөлүшүп, алдыда боло турган шайлоодо көрүнүктүү партиялардын биринен депутаттыкка талапкер болорун, жакшылап кол топтоп, сөзсүз түрдө мандатка ээ болуу керектигин айтты. Мекенге кайттык. Келерибиз менен үгүт иштерин пландаштырып, ишенимдүү адамдарымды чакырып, чогулуш өткөрүп чоң аракеттерди баштадык. Мамилебиз кызуусунда улана берди. Жаш эмесмин. Бул алака келечексиз экенин билсем дагы катуу берилип, жан дилим менен иш алып барып жаттым. Сүйүү сезимин тизгиндөө мүмкүн эмес экен.

Үгүт иши кызуу жүрүп, аймактарды түрө кыдырдык. Баарына кайыл болгондой ал кайда барбасын мен жанында жүрдүм. Шайлоого 15 күн калганда акча таратууну баштадык. Канча деген акчалар? Эмне деген убадалар? Айтор, шайлоодон жеңип чыгыш керек. Ушул күндөрдө ал мени кечки тамакка чакырып, мага абдан ыраазы болгонун айтып, Бишкектин жакшы жеринде жайгашкан батирдин ачкычын белек кылды. Албай коёт белем, алдым. Аялзатына болгон камкордук катары кабылдагам.

Акыры шайлоо да болду, шайлоонун эртеси да болду. Партия алдыга чыкты, шеф мандатка ээ болду. Биздин аралык өзүнөн-өзү алыстады. Өзүмдү бир нерсеге алаксытайын дейм. Бирок жан дүйнөңдөгү боштук толбосочу? Ошентип күндөр өтө берди, катташып кабар алышмак турсун, телефондон да ал-абал сурашпай калдык. Жарым жылдан кийин жумуштан кетерде аны менен жолуктум. Эч сыр билгизбей, "сиз" деп кайрылып, биздин мамилени төгүнгө чыгаргандай түр көрсөтүп тим болду. Унаа, үй менде калды, бирок алар мага кандай жылуулук бермек эле? Жумуш менен кошо үйдү да, унааны да кайтарайын дегем, бирок “албайм, ал сиздин эмгек акыңыз” деди. Алсыздыгымдан ага каршы ооз ача алчу эмесмин. Канча курч болбо, сүйүү ал адамдын жанында алсыз кылып, башыңды ийдирип коёт тура. Ал учурда мендей эмгекчил, чөйрөсү кең адамдардын канчасын колго алганын ким билсин? Бирок менин сүйүүм шайлоонун курмандыгы болду. Шайлоонун арты менен өзүмдү бүтүн сездим да, бүткөндөн кийин жарым бойдон кала бердим. Ушул күнгө чейин өкүнүчтөн өрттөнүп кетем. “Сүйүүнүн көзү көр, кулагы дүлөй” деген чын. Дагы деле мен ал адамды жаман сөзгө ыраа көрбөйм. Өткөн күндү унутуп, өз жашоомду улантайын деп өлкөдөн алыстап, чет жерде жашап келем...

Назира


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
22.04.2019. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жомок
22.04.2019. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Калп ко, окшошпой калгандай....
22.04.2019. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Олуп эле кет ошол бойдон
22.04.2019. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жоопсуз сүйүүдөн үмүт күтпөй,жүрөктү кайрадан бошотуп,башкага көңүл ачыңыз эми. Аялзатка ойнош,карьера,көңүл ачуу эмес балким үй-бүлөө,бала-чака керек. Аял ошону менен гана көңүлү толуп бактылуу болуп жашай алат.Жакшылыктан үмүт үзбөңүз
22.04.2019. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Жүз сомдук шаурманы кымбат деп эки пирожки жеп отурсам бул үй машина дейт да
22.04.2019. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман болуптур. Суйгонда жаман. Эч бир адам суйуу бул канчалаган адамды азапка салат.
23.04.2019. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Никесиз бирге жашоодон коро ушунусу мин эсе артык. Шугур кылгылачы.
23.04.2019. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Макул машина уй бериптир жон бербесе керек жатып жургон да а бирок башында жумушун майлаганда эле бриллиант шакек бергени окшошпой калган го
23.04.2019. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шайлоо эмес эле уй булосу бар адам го ошон учун кол уздц болуш керек деп ойлойм
23.04.2019. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айиии анда квартиранды бизге берчи биз куну туну иштеп да жер алалбай журобуз.
24.04.2019. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Apeei ksdp da oturat ekenda ,sen bir musor turbaibyisynby kayaka chakyrsa baryp jata bergidei..yras kylat saga okshogon yimany joktur,aram jol mn tapkan ui,mashinany kantip koldonosun.jirkenem ushuga okshogon uibulosu bar adam mn oinoshkondordon.Ata enen kandai tarbiya bergen saga.Ushundai yplas adamdar oto koboiuptur tooba kyldym
28.04.2019. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meken28,не сразу эле Ата энесине асыласыз.Бул чоноюп озу карьера кылып журсо,куно Ата энесиндеби не.Эне торойт экен бирок харектерин кошо торобойт экен.Жазганда да ойлонуп жазайлы туугандар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо