НУРКЫЗ КОЖОНОВА МЕНЕН КЛИПМЕЙКЕР ЭРНИСТ СЫДЫКОВДУН ЧЫРЫ ЭМНЕДЕ?

№859 18-24-апрель, 2019-жыл

Ырчылар карапайым калк үчүн жылдыз болсо, аларга акын, обончу, аранжировкачы, клипмейкерлер жылдыз. Бул кептин жөндөн жөн айтылбаганына Нуркыз Кожонованын окуясы далил. Ырчы айым былтыр жайында Түркияда клипмейкер Эрнист Сыдыковго эки клип тарттырганын айтат. "Экинчи клибимди 11 ай дегенде араң алдым" деп нааразы болгон Нуркыз бизге кайрылды.

- Эрнистти былтыр жайында Түркияга өз эсебимден 10 күнгө алып барып, эки клип тарттыргам. Биринчи клипти өз убагында бүтүрүп берди. Экинчисин шашпай чыгарсаң болот деген элем, артынан аябай чуркатты.

Клиптин акчасын бербесем бир жөн. Алдын ала бардык сумманы колуна карматкам. “Клипти качан даярдап бересиң?” десем башында созуп жүрдү. Кийинчерээк телефон чалсам албай, СМС жазсам жооп бербей койду. Мейли, зарыл жумуштары болуп бошобой жатса керек деп да ойлодум. Бирок менин былтыркы клибим чыккыча жылдыз досторуна экиден клипти тартканга жетишти. Ал эми мага тоготпогондой мамиле кылды. Кайра-кайра чалып айлам кеткенде "жок дегенде тарткан материалдарыңды берчи, башка бирөөгө монтаждатып алайын" десем да жооп болбоду. Эрнисттин артынан кууп жүрүп 11 ай өтүп кетти. Акыры суранып отуруп клипти колго алдым. Аны телеканалдарга берейин десем техникалык катачылыктар бар экен, кайра оңдотуш керек болду. Эрнистке чалсам, “мындан ары менин тынчымды алба, инилериме чал" деп “кара тизмеге” киргизип салды. Анын катачылыгы болуп турса да, жоопкерчиликти албай, эмне кылсаң, ошол кыл деп койгонуна ызаландым. “Кардыма эмес, кадырыма ыйлайм” деген сөз бар го, мен дал ошондой абалда болдум. Акыры жакшы, иниси Баяман Осмоновдон суранып отуруп клипти кайра жасаттырдым. Биз кардар болуп клип тарттырып жаткан соң клипмейкерлер да ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылышса,- дейт.

Ал эми клипмейкер Эрнист Сыдыковго байланышканыбызда ал "Мен клипти мурун эле бүтүргөм. Нуркыз акчасын бербей, созуп жүрө бергендиктен, акчасын бергенде анан аласың дегем. Башкалар менен ал ошентип иштешип көнүп калса керек. Мен андайга жол бербейм",- деп жообун кайтарды.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
22.04.2019. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошондо кимисине ишенебиз, аман болгула
22.04.2019. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эрнисттин аябай жоопкерчиликтуу,мамилеге так бала дешет. Эрнисттики туура го дейм...
22.04.2019. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акчасын бербей эле догуруна бермек беле Эрнист уялсан боло кичине.
22.04.2019. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акчасын бердим деп жатпайбы ... мумкун клипмейкер жылдыз оорусу менен ооруп жаткандыр...
23.04.2019. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыр калпты чындай эле айтып калышыптыр да, эртен уят болуп калам деп коркпойсунарбы? Экоондун бирин точно калп айтып жатасынар да азыр.
26.04.2019. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги клипмейкер озун жылдыз сезип калса керек,Нуркыз чындыкты айтып атат, анткени мурунку созу мн азыркы айткандары дал келуудо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо