№859 18-24-апрель, 2019-жыл
Интернет тармагы көбүнесе жылдыздардын багын ачса, бир жагынан айыбын да ачып коёт. Бул ирет “кылтакка” ырчы Айар илинди. Инстаграмдагы begemotkyz деген баракчанын ээси Айар менен сүйлөшкөндөрүн тиркеп, өзүн татыктуу алып жүрө албаган жылдыздарга сабак болсун деп билдирүү таратты. Билдирүүгө ылайык, Айар ал кызга клибине тартылып берүүсүн сунуштаган. Ал саатына 3000 сомго тартыларын айткан. Ырчы мырза ага 1000 сом төлөп берем десе, аталган кыз “эгер сүйлөшө албасаңыз, менеджер жалдаңыз” деп жооп берген. Жыйынтыгында Айар аны сөгүп, блокко киргизип салган. Бул билдирүү бат эле талкууга түшүп, ырчы мырзаны сындагандар көбөйдү. Окуя боюнча Айардын пикирин уктук.
Мага кийин кыздын агасы байланышып, "карындашымды капа кылып коюптурсуң, кечирим сурап кой" деди. Агасы мага дос бала болуп калат экен, жигитчилик кылып, агасынан да, кыздан да кечирим сурадым. Алар да мени туура түшүнүп кечирип, элдештик,- дейт Айар.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |