Айзада Жамгырчиева, алпаруучу: «ЖИГИТТЕР, МЕНИ КОРКПОЙ ЭЛЕ АЛА БЕРСЕҢЕР БОЛОТ»

№860 25-апрель - 1-май, 2019-жыл

Түрдүү тармактарда өзүн сынап көрүү ар кимдин колунан келе бербейт. Ал эми сиз бул кызды бир күнү спорт менен машыгып жаткан видеосун көрсөңүз, экинчи күнү расмий иш-чарада алпаруучулук кылып жатканын, үчүнчү күнү ырчы катары сахнадан көрөсүз. Анда алдыңызда Айзада Жамгырчиева.


– Айзада, алпаруучулук, тамада, актриса, ырчылык... Дагы кайсы жактан өзүңдү сынап көрө элексиң?
– Өзүмдү келин катары, балдарымдын апасы катары сынай элекмин. Бир гана жолу өзүмдү келин катары сынасам деп көп тилейм. «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» дешет го. Талант ийне сымал, ал баары бир тешип чыгып кетет экен. Ташкындап турган учурда бардык нерсени кылып көргөн жакшы. Алпаруучулукту жактырам, тойдун акчасы жакшы дегендей.

– Анан «Манастан Чубак кем бекен?» деп ырдап чыгайын деп чечтиңби же бул алдыңа койгон максат беле?
– Ырчылык – бала кезимден эңсеген нерсе. Негизи ырчы болушум керек болчу. Кандайдыр бир башкача жол ачылып алпаруучулук жаатында өзүмдү сынап, ошол тармакта калдым. Кичинемде үйүбүздө бензин сатчубуз. Келген эл шыпыргы кармап алып эле ырдап жүргөнүмдү көрүшчү. Шаарга деле ырчы болом деген максатта келгем. Бирок жолдор дайым эле биз чийгендей болбойт экен. Эмне себептен алпаруучу болуп калганымды өзүм деле билбейм. Вокалдан сабак алгам, 3-4 жылдык билимим болбосо да үч ай окудум.

– Күчтүү кыздардан эркектер качат дешет...
– Мага да ошондой сезилет.Сырткы көрүнүшүмдөн улам, бат-бат сүйлөп тарсылдап жүргөнүмдөн көбү мени «стерва» деп ойлошот. Жакшылап билгенден кийин менин чыныгы жүзүмдү көрүшү мүмкүн. Жашоодо, тескерисинче, өз дүйнөмдө көбүрөөк калганды, сүйлөгөнгө караганда укканды жакшы көргөн адаммын. Жигиттер, менден коркпой эле койгулачы, ансыз деле картайып баратам деп койбоймунбу үлүп).

– Куюлуштуруп сүйлөгөн сөздөрүңдү кээде Назира Айтбековага окшоштурам. Таасирленгенсиңби?
– Назира эже менен 2012-жылы таанышкам. Ошол жылы мен анын ордуна «Алтынчы күнү кечинде» көрсөтүүсүн алпарып калгам. Кара чачыбызданбы, «келбетиңер да, сүйлөгөнүңөр да окшош» деп айтып калышат. Таап сүйлөгөнүбүз, кээде каап сүйлөгөнүбүз үчүн мүмкүн окшоштурбуз. Бирок мен таасирленген инсандар башка.

– Сөз баккан, сөз тапкан адам катары кандай китептерди окуйсуң?
– Социалдык тармактардан мага терс пикир көп жазышат. Ошол нерсени жеңе албай кеткен учурум болду. Марк Мэнсондун «Тонкое искусство пофигизма» деген китебин окуп чыктым. «Ораторское искусство» деген Чыңгыз Исмаиловдун китебин окудум. Адам жан дүйнөсү сүйүүгө суусап турса сүйүү тууралуу китептерди, ал эми өзүн-өзү издөө жолунда болсо психологиялык китептерди көп окугусу келип калат экен.

– Бир мырзаны сынап жүрөм дедиң эле, сындан өтпөй калдыбы?
– Ооба. Кыргыз мырзаларына үйгө келсе жылуу тамагын жасап, үйдө отурган аял жагат да. Мага окшоп тойго кетип калбашы керек үлүп). Той түнкү 12де бүтөт. Мен акчамды алгыча түнкү бир болот. Кийимиңди жыйнап, этек-башыңды жыйганча эки болот. Келгиче үч болот. Бул нерсени түшүнүү оор. Өнөр жолунда жүргөн кыздарга ушул үчүн түгөйүн табыш оор болот окшойт. Колдоо таба албадым. Мага машина алып бербесин, алтын, күмүш да белек кылбасын, мага болгону эле «Айзада, сенин колуңдан келет, алга» деген колдоосу керек эле. Андан аркы жолубузду экөөбүз тең көрө албадык.

– Атаңдын кызы сыяктуу сезилдиң, чынбы?
– Атамдын кызымын. Үйдө «ата мекен» жана «апа мекен» деген эки партия бар. Биздин партияда атам экөөбүз элебиз. Каршылаш партияда апам жана бир туугандарым үлүп). Кыз киши атасына жакын болот окшойт, апам буга кээде таарынып калат.

– Байкасам, жеке баракчаңа мырзалар көп терс пикир калтырышат экен...
– Эркектин эркек эле болгону жакшы. Коомдо майдачыл, үйдө отурган эркектер көбөйдү. Менин эркин жашоо образым андай адамдардын жинине тиет. Анан колу да бош. Терс комментарий жазып бугун менден чыгарып албаса кыйналышат да. Бир нерсени эстен чыгарып коюшту, алардын деле мендей эже-карындашы, балким, кыздары бардыр. Мени алардын ордуна коюп, буга оор болуп калбасын деп эмнеге ойлошпойт? Болбосо алар менин ким экенимди, жашоодо кандай экенимди деле билишпейт. Инстаграмдан жашообуздун 15 эле пайызын көрүшөт, чыныгы жашоодо эч ким андай эмес. Мындай мырзаларга азыр көңүл деле бурбай калдым.

– Жашоодо сага эмне жардам берет, же эмне бут тосот?
– Өйдөлөп бараткан адамды ылдый тарта берген, түлкү болуп жойлогон адамдар болот. Ошондой адамдар жашоомдо тоскоолдуктарды жаратышат. Дос кыздарым өтө аз, санасам беш манжам да жетпейт болуш керек. Жашоомо спорт менен машыгуу жардам берет. Көп нерсеге жиним келгенде бирөөгө айткандан көрө машыгуу залына барып кара териң чыкканча машыгып алсаң эс алып каласың. Бирөөгө айтсаң эле эртең 5 адам сенин сырыңды билип калган болот. Андыктан өзүмдү өзүм коргоого спорт жардам берет.

– Айзада Жамгырчиева деген ысымды жаратканга канча убакыт кетти?
– Жети жыл убакыт кетти. Учурунда силердин гезиттин фанаты болчумун. «Ушул гезитке кандай адамдар чыгат болду экен, мен да ушул адамдардын катарын толукташым мүмкүнбү деп кыялданчумун. Мына, бүгүн алдыңарда интервью берип отурам. Жөн эле келип отуруп калган жокмун, аябай эмгек кылдым, бул жолдо тырыштым, улам максат коюп жүрүп отурдум. Башында концерттерди бекер эле алпарчумун. «Бекер жүргөнчө бекер иште» дегендей, ал мага тажрыйба топтош үчүн керек болчу. Концертке жатаканада жашаган кыздардын көйнөгүн сурап алып кийип барчумун. Чыгып алып жөө келчүмүн.

– Орус тилинде расмий иш-чара алпарганыңды көрүп ар түрдүү пикир айтышты...
– Кыргыз мектепти бүткөм, ЖОЖдо да кыргызча окудум. Орусча билбей калуудан эмнеге уялыш керек. Биз татаалдаштырганды жакшы көрөбүз. Грузиндер деле өмүр бою орусча акцент менен сүйлөп жүрүшөт, аларды эмнеге талап жатып калышпайт. Бизде басымды туура койсоң эле баса калышат. Ош жергесинде «Түрксойдун» иш-чарасын алпарып жатканымда аябай толкундандым. Колу-бутум титиреп, дары ичсем да өзүмө келе албай койдум. Анан «орусча алпарат элем, катуу толкунданып өзүмө келе албай жатам» деп апама чалдым. Апам жоошутуп, батасын бергенден кийин өзүмө келип жеңилденип алып чыктым. Аркасынан көп сөздөр айтылып жатат. Эми жаңылган эмес, жаңылам деп бир жерде коркуп отуруп алуу туура эмес. Коркпош керек.

– Ар бир адамдын ичинде бир жаныбар отурат имиш. Сеникинде ким отурат деп ойлойсуң?
– Арстан. Жылдыз белгим да арстан, жүргөн турганым да тарс-турс болуп жүрөм. Ичимде ушул жаныбар отурат болуш керек деп ойлойм.

– Маегиңе рахмат.



ТАНДООҢ...

– Инстаграм же Твиттер?
– Инстаграм.

– Кофе же чай?
– Чай.

– Байлык топтообу же саякатпы?
– Саякат.

– Үй-бүлөбү же карьерабы?
– Азырынча карьера.

– Шаар ичиндеги батирби же дачабы?
– Дача.

– Китеппи же уюлдук телефонбу?
– 50-50.

– Сырыңды апаңа же курбуңабы?
– Апама.

– Көйнөкпү же шымбы?
– Шым.


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


Айзада Жамгырчиева: "Жигиттер, мен "стерва" эмесмин. Коркпой эле үйлөнө берсеңер болот"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(29)
29.04.2019. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Коп суйлойт, Журок сыры ырын бузуштун кереги жок эле
29.04.2019. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кыйын кыз тыкылдаган. Азыркы заманга ушундай адамдар туура келет.
29.04.2019. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Achyk suylogon erkek kyz eken. Molodes.
29.04.2019. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ото жагымдуу кыз, мунозу да эркекче экен. Теледен чыкканда тиктеп эле отура бергин келет!Ишине ийгилик!
29.04.2019. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Уащще жагат мага Айзада.
29.04.2019. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
evidens,уащще деген каяктын созу
29.04.2019. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Мен аракет кылып корот окшоймун. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кучтордун офицердин келинчеги болот бекен.
29.04.2019. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
voennyi88,күмөн айтбай так айт офицердей болуп.
01.05.2019. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
voennyi88,аракет кыл ойлонбой
03.05.2019. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
voennyi88,КР Куралдук Кучторунун офицеринин келинчеги
29.04.2019. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Обу жок...Ашыкча кетип калат.Эрге тийем деп кечке айтат.22-23жашта болуш керек. Жакшы менеджер менен иштешсе,талантын,жашиыгын туура ппцдаланмак.
29.04.2019. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Стерва эмесмин дейсин бир жолу коргом (Жибек жолу,Тоголок Молдо)кесилишинде кызыл фит айдап алган экенсин баласы менен отуп бараткан пешехотту сигнал басып аябай согуп кеткенсин.Ошодон кийин ойлоп калгам стерва эмес экен.
29.04.2019. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Arman7,жазганына озун тушундунбу
30.04.2019. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Arman7,кызыл фит машинасы болгон эмес
29.04.2019. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошто "Ош маданий түрк дүйнөсүнүн" кечесин эң сонун алып барды! Ийгилик каалайбыз.
29.04.2019. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Баары эле корунушумон ушундай ойлошот. Озум аябай жакшы адаммын дей беришет тооба:))))
29.04.2019. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чын журоктон баары бир....
30.04.2019. 06:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Комментарийлерди окуйт болду бекен... Окусан айтаар элем, анчалык ачык кийинип, энкейип тонкойбостон деле элдин конулун бурууга, таанылууга мумкунчулугун бар. Инстага киргизген фотолоруна эркектердин жазган комменттерин окуп мен уялам. Ал жагынан бул жагынан кылгым келди дегендер болот, неужели ошолор жагат? Алардын шилекейин куюлтуп, куноого батып ошондой фотолорду киргизип не кереги бар???
30.04.2019. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бойдоктор ушундай кызды аялдыкка алсанар куйбойсунор, мен бойдок болгондо зордоп болсода алат элем, мындай кыздар менен жашоо курган турмушту женил алып кетет, жакшы кыз бакыт каалайм, тенинди тап
30.04.2019. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Менда биринчиден узунураак кий деер элем.Бирок мага жакты суйлогондору тарс-турс кыз экен ачык айрым.Адам деген бул жактагы элдин пикири менен эсептешиш керек.Жанада элдин сынга алганын коруп демек менин кемчилигим ушунда тура деп озун тузоого аракет кылуу керек.Сагада кенешим эл кобунчосу сенин ачык кийингенине асылат экен сен элдин асылганын токтотуш учун жабыгырак (узунураак)кийинишин керек!Азырго мейли эчким эчнерсе кыла албайт,Бейишинди ойло!Чыныгы дуйнонду ойло!Акыретти ойло!Суракты ойло!
30.04.2019. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Да номерин бергилечи бир көрүп сүйүп калдым коркуп аттык эле бир жакшына кызго
30.04.2019. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фит машинеси бар свети кызыл болчу
30.04.2019. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мага тийесинби айылда пахта чабабыз. Десен кыздарды таппай калсан керек аа.
SUPER.KG видео
02.05.2019. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-инфо ушундай маектерге суйлоп жаткан учурда музыка кошпой эле койсонор болобу? Маекти укканга тоскоолдук жаратат экен.
03.05.2019. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тыкылдап турсан сенден коркпогондо анан кимден коркот карындаш жигитер
03.05.2019. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карочи ийгилик Айзада
03.05.2019. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кап кеч калыпсында болбосо сени эле алып алмак экем...
30.10.2020. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уже корктум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо