Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«НЕ ЛОМАЕМ АЙГҮЛ ГҮЛҮ, НЕ ОТОРВЁМ, НЕ СЛОМАЕМ...» АЙГҮЛ ГҮЛҮНҮН КОРГООЧУСУ БЕКБОЛОТ

№860 25-апрель - 1-май, 2019-жыл

Интернет айдыңына айгүл гүлүн коргогон шайыр, тамашакөй жигиттин элге кайрылган видеосу тарады. Видеодо «Өзүңүздөрдүн коопсуздугуңуздарды сактаңыздар. Айгүл гүлүн(ү) жулбаңыздар жана кайрыбаңыздар... Уважаемые отдыхающие гости, не ломаем айгүл гүлү, не оторвём, не сломаем... Как приехали, так и уезжайте...» деген сөздөр айтылат. Кокустан интернет жылдызына айланган Бекболот Саткынов Баткендин тургуну, патриот жигит. Ал бир жолу мекендештерине жардам берем деп Москвадан депортация болуп да кеткенин айтат.

– Саламатсыңбы, айгүл гүлүнүн коргоочусу? Сени коомчулукка тааныткан видео тууралуу сурагым келип жатат. Видео кокустан тартылганбы же атайын уюштурулган беле?
– Ал видеонун чыгып кетерин билген эмесмин. Ошол күнү Адилет деген дос балабыз Бишкектен келип, ага айгүл гүлүн көрсөткөнү тоого алып барганбыз. Майсалбек, Адилет, Кубатбек аттуу досторум менен чокуга чыгып, үзүлгөн гүлдөрдү таап алдык. Гүлдөрдүн бийиктиги 1 метрдей болгондуктан, аны алып кете алышпайт, айып салынат. Ошон үчүн картошкасын үмүрүн) алып, гүлүн ташка бастырып кетип калышыптыр. Ошондо муну чокудан түшүп бараткандар кылды, жулгандар алыс кете элек дедим да, тоодон түшүп бараткандарга кайрылып кыйкырдым.
Айгүл гүлү гүлдөгөн маалда толтура киши Айгүл тоосуна чыгышат. Биз барганда өзбек, кыргыз, тажик, казактар жүрүшкөн. Ошондуктан аларга түшүнүктүү болсун үчүн билген сөздөрүмдү айткам.
Мен чынында досторумдун видеого тартып жатканын көргөн эмесмин. «Эми англисче айт» деген жери бар го, ошондо гана аларды байкадым. Ошондо «иш өлдү» дедим да, биротоло англисчесин сүйлөп салайын деп билген сөздөрүмдү айттым. Видеого тарткан досум тааныш кызына жөнөтүптүр, ал өзүндөгү группаларга жөнөтүп, видео тарап кетиптир. Эртеси турсам эле мен жылдыз болуп калыптырмын.

– Өзүң Баткендин кулуну болосуңбу? Учурда эмне менен алектенесиң?
– Ооба, мен Баткен районунун Ак-Турпак айылынан болом. Аты-жөнүм – Бекболот Саткынов. Жашым 25те. ОшМУнун юридикалык колледжин аяктагам. Кесибим боюнча бажы кызматкеримин. Бирок учурда Баткенде жашайм, кесибим боюнча иштебейм. Үйдө 5 бир туугандын улуусумун.

– Көпчүлүк сенин патриоттук сезимиңе баа беришүүдө. Элге минтип таанылам деп ойлобосоң керек?
– Патриот десеңиз, Москвадагы окуя эсиме түшүп кетти. Ушундай кайдыгер боло албаганымдан Москвадан депортация болуп келгем.
Бир жолу жумушка баратып полиция бөлүмүнө кирип кеткен кыргыздарды көрүп калдым. Кечинде жумуштан кайтып келатсам алар бөлүмдүн айланасындагы карды күрөп жатышыптыр. Дароо видеого тартып алдым. Билишимче, ал жердин нөөмөт бөлүмүндөгү кызматкерлер өз иштерин мигранттарга жасатышат экен. Ушундай нерселерди көрсөм мен кайдыгер карап тура албайм. Эртеси бөлүмдүн жетекчисине кирип, телефондогу видеону көрсөтүп, «мына буну көрүңүз, өзүңүз түшүнсөңүз керек» дедим. Аны көрүп жетекчи, азыр аты эсимде жок, коридорго чыгып менин көз алдымча 3-4 кызматкеринин сазайын берди да, машинасына түшүп кетип калды. Мен да кетип калбаймынбы десеңиз, эмне кылат болду экен деп күтүп тура бериптирмин. Баягы төртөө балдарды коё берип, мени алып калышты. Эч нерсени сурабай бармактарымдын изин алып, документтерди толтурушту. Ошентип күтүлбөгөн жерден «10 күндүн ичинде Москвадан чыгып кетишиң керек» деген кагазды колума карматып, 1 сааттын ичинде тагдырымды чечип салышты. Бул окуядан кийин досторум «сага эмне зарыл?» деп айтышты. Өзүм деле үйдө жатып алып, эмнеге аралаштым деп ойлондум. Анткен менен ичимдеги бир адам акыйкатсыздыкка жол бербейт экен. Акыйкатсыздыкты көрүп унчукпай коёюн дейм да, кайра эле бир нерсе кылып салам. Бирок ошол мекендештерим мага аябай ыраазы болушкан. Ошол нерсе өкүнүчтөрүмдү жууп кетти окшойт.

– Үйгө келгенде ата-энең эмне дешти?
– Атам менен апама «полицияга көчөдө кармалып калып, депортация кылып салышты» деп калп айтып койдум. Алар чындыкты угушса «сен даана жиндисиң го, андайдын эмне кереги бар?» деп урушмак. Келгенден 1 айдан кийин дипломумду колго алып, аскерге кызмат өтөгөнү кетип калгам.

– Жакында видеонун экинчи бөлүгү, футболчулар менен бараткандагы гид болгонуң чыкты. Ошондой эле бирөөлөрдү жарнама кылып баштадың. Интернет жылдызы болгондун пайдасы тийип жатат окшойт?
– Ооба, видео тарагандан кийин мени көпчүлүк билип калышты. Жадакалса Баткенге Бишкектин «Дордой» футбол командасы келгенде тосуп ала тургандардын тизмесине кошуп коюшуптур. Футболчуларыбыз менен Тажикстандын Худжанд шаарына барып, колдоо көрсөтүп келдик. Футбол күйөрмандары автобуста баратканда мени суранып сүйлөтүп, видеого тартып алышкан болчу. Ал да элге тарап кеткен турбайбы.
Жарнак боюнча айтсам, ооба, «бизди жарнамалап берчи» деп сурангандар, «төлөп беребиз» дегендер болууда. Кечээ гана Ошко барып жаңы тамактануучу жайды жарнама кылып келдим.

– Маек аягында элге же гүл үзгөн эже-агаларга кайрылууң болсо айтсаң болот...
– Сиздерге рахмат, бизге көңүл бөлүп койгонуңуздарга! Ал эми айгүл гүлүн жулган эжеби, агабы, ким болсо да гүлдү үзгөн учурунда кармап калсам башкача сүйлөшмөкмүн. Баары биле жүрүшсүн, менин шаарымдан дүйнө жүзүнө аты чыккан гүлдү эч ким жулбасын!

– Маегиңе рахмат!


Гүлжамал Абылкасымова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(9)
29.04.2019. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Хаахаа молодец жакшы жонокой бала экен.
29.04.2019. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу деле тажике окшош балаго
29.04.2019. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
katerina.li,климат окшош да
29.04.2019. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ПОЗИТИВ го бул бала:-)))))), азаматсын, баракелде!!!
29.04.2019. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец красавчик
30.04.2019. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аззамат!!!
30.04.2019. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир отоло видеолорун дагы кошуп койсонор болмок супер.кг
03.05.2019. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кайра-кайра кайталап угуп аябай кулгом. азамат.
03.05.2019. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аты эле кыргыз болбосо,заты тажик го дейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо