«ТИРҮҮ БАЛАНЫ ӨЛҮК ДЕП, БАШЫН ОЮП САЛЫШТЫ». ВРАЧТАРДЫН ШАЛААКЫЛЫГЫ КАЧАН ТОКТОЙТ?

№860 25-апрель - 1-май, 2019-жыл

Токтогул шаарындагы төрөт үйүндө эненин ичинде жаткан түйүлдүктүн жүрөгүнүн согушу аппараттан (түйүлдүктүн жүрөгүнүн согушун уга турган аппарат) угулбай калып, баланы алып чыгуу үчүн акушер-гинеколог вакуум-экстракция деп аталган медициналык процедураны колдонуп башына жаракат келтирген. Бактыга жараша, туугандардын талабы менен кесарево жолу менен төрөлгөн наристени медайымдар жуунтуп жатканда ыйлап жиберген. Ымыркай Бишкекке алып келинип, башындагы жарааты тигилген. 1 жума вакуумда жатып, жашоо менен күрөшүп аман калган ымыркай учурда эне сүтүн жакшы эме албайт.

“ЖЕҢЕМ КЕСАРЕВО ЭЛЕ КЫЛЫП КОЙГУЛАЧЫ” ДЕП ЖАЛДЫРАПТЫР”

Баласынан айрылып кала жаздаган эненин кайын сиңдиси Эсенгүл Бактыбек кызы коомчулукта чуу жараткан окуя тууралуу буларды айтып берди:

– Жеңем 33 жашта, бул 3-төрөтү болчу. Буга чейин агам экөө уул-кызын тарбиялап келишкен. Жеңем боюнда бар кезинде пландык текшерүүдөн өтүп, дарыгерине көрүнүп турчу, 2 жолу УЗИ доплерге түшкөнүн айткан. Балада эч кандай патология табылган эмес. Түйүлдүк козголуп ооруканага да жаткан эмес. Жеңем өзүн караган, туура тамактанган, өз укугун билген аял.

17-мартта эртең менен жеңемдин толгоосу башталып саат 7де төрөт үйүнө алып келишкен. Кечки саат 6га чейин төрөй албай кыйналган. Көрсө, бала чоң экен (баланын салмагы 4 килограмм 530 грамм). Түш оогондо жеңемдин алы кетип, төрөй албаганына көзү жеткенде “кесарево эле кылып койгулачы” деп акушерге жалдыраптыр. Алар “эки балаңды кандай төрөсөң, бул баланы да ошондой төрөйсүң. Кесаревону оңой көрүп жатасыңбы?” дептир. Түйүлдүктүн жүрөгүнүн согушун уга турган аппарат менен тыңшап көрүп “баланын жүрөгү сокпой жатат” деп төрөттү кабыл алып жаткан аталган төрөт үйүнүн башчысы, 35 жылдык тажрыйбасы бар акушер-гинеколог айтыптыр. Төрөт үйүнө жеңемди алып келген апасына, сиңдисине, байкеме да бала өлүп калганын кабарлашат. Жеңем кыйналып жатса да “баланын жүрөгү сокпой калды, өлдү” деп айтыптыр. Жеңемдин айтымында, “бала өлүк” дегендери эсинде, андан ары эмне болгонун билбейт. Баланы алып чыгыш үчүн башын щипцы менен оюшуптур. Ал щипцы кичинекей болуп калып чоңураагын алып келгени кеткенин көргөнүн жеңемдин сиңдиси айтып берди. Байкем, жеңемдин бир туугандары ыйлап, ызы-чуу болушкан. Алар жеңемди да өлүп калат деп ойлошкон.

“БАЛАҢАРДЫ ТИРИЛТИП КОЙДУК”

– Байкем ата-энемди, эжемди үйдөн алып төрөт үйүнө келгенде “бала өлүк” деп төрөтканага алып барган баланын кийим-кечегин колдоруна карматып коюшкан. Апам 11 баланы төрөгөн Баатыр эне. Ал “баланын башын кайра киргизип, кесарово кылгыла, денеси бүлүнбөсүн. Бала эмне себептен чарчап калганын билиш үчүн экспертизага беребиз” дейт. Саат 8де жеңеме толук наркоз берип операцияга алып киришкен. Баланы алып чыкканда ыйлаган эмес. Ага өлүктөй эле мамиле кылышкан. Медайымдар балага боору ооруп жуунтуп коёлу деп сууга салганда бала ыйлап жиберген. Алар эмне кыларын билбей калышкан. Ошол маалда эжем аларга ишенбей “баарын видеого тартып алам” деп кирип барса “балаңарды тирилтип койдук” дешиптир.

Апамдар 1 сутка күтүп, баланын тирүү экенин бизге сүйүнчүлөгөн жок. “Бала жашап кетеби, жокпу?” деп күмөн санашкан. Себеби абалы оор болчу. Башы шишип, тешилген жери чоң болчу. Баланын бутун бөтөлкөгө суу куюп жылытмакчы болуп тизесин да күйгүзүп коюшкан.

Биз ошол акушерге чынында катуу сүйлөдүк. Ал кийин бизге аппарат бузулуп калганын айтты. Биз эне менен баланы Бишкекке алып келүү үчүн “Тез жардам” унаасын берүүсүн сурандык. Ал “мен балага тынчтандырган, уктаткан дары сайып коём, такси менен эле алып кетесиңер” деп жада калса “Тез жардам” унаасын беришкен жок. Биз чуу салдык. Мен кыйкырдым, кыйкырганга укугум бар болчу. Ал “ошондуктан Бишкекте төрөш керек болчу” деди. "Эгер баланын башын чукуп өлтүрүп коё жаздаарыңарды билсек, алып кетмекмин" дедим. Акыры өзүбүз жеке менчик “Тез жардам” унаасын жалдап, 20 миң сом төлөп Бишкекке алып келдик. Кийин ал бардык нерсени четке кагып үйгө 20 миң сом бергени келди. Биз албайбыз десек болбой тергөөчү менен келип “сотко чейинки териштирүү иши башталды, компенсация төлөнүшү керек” дешти. Акчаны жөн адам бербейт да. Эгер ал күнөөлүү болбосо эмнеге кайра келет?

“ВРАЧТАРДЫН ШАЛААКЫЛЫГЫН ТОКТОТУШУБУЗ КЕРЕК”

– Биздин акыркы үмүт Саламаттыкты сактоо министрлигинде болчу. Азыр алар да "баланын башы кичинекей жараат алган" деп айтып жатышат. Мына ушул кичинекей жараатпы? (баланын сүрөтүн көрсөтүп) Демек, министрлик баланын абалын көрүшкөн эмес. “Жашоого керектүү органы жабыркаган жок. Башынын тканы эле жулунуп кеткен” деп жатат. Ушуну кантип айтып жатышат? Азыр баланы колго алгандан коркобуз. Эмчек эме албай, чарчап калып жатат. Жайында башын томографияга тарттырабыз. Толтура антибиотик алгандыктан, эс алсын деп жатабыз. Эми баладан көзүбүздү албай “эмне болуп кетет?” деп караганга мажбур болдук.

Мен жеңемдин, ошол окуяга күбө болгон адамдардын айтып бергенин көбүртүп-жабыртпай айтып бердим. Жеңемдин өзүн силер менен жолуктурмакмын. Бирок азыр анын абалы жакшыра элек. Ошол окуяны эстеген сайын эмчектеги сүтү чыкпай, абалы начарлап, ыйлап баштайт. Ошондогу төрөттөн кайрадан өткөндөй болот.

Мен баштаган нерсени акырына чейин чыгарган адаммын. Мен ал гинекологдун соттолуп, кесилип кетишин каалабайм, болгону иштебесин. Анын мыйзам жообуна тартылбай, коркпой иштеп жүргөнүнө каршымын. Анткени кийин төрөлө турган дени сак балдардын биздикине окшоп өлүк делинишин, башынын чукулушун каалабайм. Врачтардын шалаакылыгын токтотушубуз керек. Учурда бул ишти Токтогул прокуратурасы сотко чейинки териштирүүгө алды. Эгер бул териштирүү үмүтүбүздү актабаса, үй-бүлөбүз акыйкаттыкка жетиш үчүн акыр-аягына чейин күрөшөт.

“БАЛАНЫН ЖҮРӨГҮ СОКПОЙ КАЛДЫ ДЕП ЖАҢЫЛДЫМ”

Ошол төрөттү кабыл алган Токтогул шаарынын төрөт үйүнүн акушер-гинекологу Калипа (аты өзгөртүлдү) окуя тууралуу:
"Баланын башы чукулган эмес. Вакуум-экстракция деп аталган медициналык процедура болгон. Бала чыга албай калганда жүрөгүнүн соккону угулбай калганда ошондой процедура колдонулат. Ал учурда да ошондой кылдык. Баланын жүрөгү сокпой калды. Аны тастыкташ үчүн аппаратка салдык. Аппарат баланын жүрөгүнүн сокконун угузбай калды. Ошондон кийин шашып кетип иш аракет жасадык. Ал 2002-жылкы аппарат да. 1 жолу иштебей калган учур болуптур. Бирок кайра иштеп калган дешти. Баланын жүрөгү аппараттан кулагыма угулбай калганда “бала болбой калды” дегеним чын, ошол менин жаңылыштыгым болду. Калганын колумдан келгенин кылдым" деди.

Бул окуяны Саламаттыкты сактоо министрлиги териштирүүгө алып, атайын комиссия түзгөн. Комиссиянын жыйынтыгында гинеколог вакуум-экстракция кылууга мажбур болгон, бирок ал ийгиликсиз жүргүзүлгөн деген чечим чыгарып, дарыгердин жоопкерчилиги дагы караларын билдиришти.

Көптөн күткөн наристеден төрөт учурунда айрылуу ар бир ата-эне, үй-бүлө үчүн чоң трагедия. Ал эми дени сак, тирүү баладан аппараттын иштебей калышынан, аны алдын алууга жарабаган врачтардын шалаакылыгынан 9 ай омурткасы сыздап көтөрүп, эми боорго аларда чүрпөөдөн айрылып кала жаздаганычы? Эгер бул ымыркай чоң энесинин талабы менен кесарево жолу менен төрөтүлбөсө бул наристеден ал үй-бүлө ажырап калмак беле? Улам-улам кайталана берген ушуга окшогон чуулгандуу окуялар качан биздин коомдо эне-баланын саламаттыгы биринчи орунга чыгат деген суроону жаратып келет.

"Баланын бутун бөтөлкөгө суу куюп жылытмакчы болуп тизесин да күйгүзүп коюшкан".
"Саламаттыкты сактоо министрлиги кичинекей жараат деп айтып жатышат. Мына ушул кичинекей жараатпы?"

Динара Абдыкадырова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(31)
29.04.2019. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Соз деле жок айтканга,не дешти да билбей калдым.Чын эле азыркы врачтар копчулугу конулкош
29.04.2019. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аии бечара бала омуру узун болсо экен. Башынан жабыркаса да жакшына осо экен. Керек болсо камалыш керек колу менен кылганды башы менен тартыш керек!Жеп жутарлар медицинаны карабайбы?!Бул роддомдо иштегендер акча алганды эле билишет!Акчаны коргондо баарын унутушат!
29.04.2019. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эх азыркы врачтарга акча гана керек,андан башка уят,намыс,жоопкерчилик дегенди унутуп коюшкан,жакында синдим да тороду.Кесерево кылышып ичинде марли,инструменти калып калыптыр!
Биздин сот,прократура,саламаттыкты сактоо минстирлиги врачтарга адвокат тим эле!!!
29.04.2019. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сактаааа. Журок ооруйтко коруп алып.
29.04.2019. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чынын айтсам суроттогу баланы коруп жаным ачып ыйладым.Бул не деген шалаакылык.Врач болбой ол эшшек.Каарыпсын жаштарга орун бошот.Антип балдардын да омуруно зыян алп келбей.
29.04.2019. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чын эле качан онолушат экен э? Коркосун...жонокой эл бекеринен эле чыркырабайбыз го акыры....коруп баштан отуп атса айтасын. Буларды ким карайт ким текшерет..ким жазалайт? Бирок тилеке каршы эч ким! Акчан болсо карашат...бир оз укугун жонундо суйлоп же бир нерсесине ни то соз суйлоп коргун итче да карап коюшпайт. Бироого кылган мамилелери оздоруно эки саатка жетпей кайтса го....корот элек. Кудай корсотсун айбандар.
29.04.2019. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Министери баш бп коррупция га малынган,канттип тогодпой дагы иштеп журод,эртен жон эле согуш жарияладык дейд ошо мн бутотда
29.04.2019. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир эле сен тороп жатасынбы деп озуно асылат врачтар,байкуш аял жаны ооруп кыйналып жатса да конул кош калтырып.Селердин деле кызынар эженер бар сураныч тороп чыккыча жакшы карап бергилечи,акча десе эле козунор торт болбой, аппаратка шылтоо кылбай эски болсо жанысын алдырткыла,окмоттон болбосо,ошол жерде канчалаган балдар торолуп жатат,ремонтко деп суйунчуго деп акча аласынарго ошонун 50%жумшагыла жок дегенде.
29.04.2019. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баланын келечеги не болот? Дени сак чоңойоет деп ким кепилдик берет?
30.04.2019. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келесоо болуп баратышат
30.04.2019. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактар.бул врачтарга торотко кирип кетип жаткандале акча карматыш керек.ошондо кыймылдашат шумшуктор.
30.04.2019. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым шыпаа берсин.Ээ Кудайым ушундай врачтардан озун сактаа.Баланын омуру узуун Болсун.
30.04.2019. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы варачтарга кунун тушбосун акча берсен карайт акчан жок болсо ошол жерде еле олуп каласын карап койушбайт
30.04.2019. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журогум ооруп кетти, алтындай баланы неге мынча кыйнашты акмактар жазасын алышсын
30.04.2019. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омуру Узун болсун.тезирек айыгып кетсин.куноо кимде болсо Кудай озу берсин жазасын.окуп алып ыйлагым келип кетти.мен дагы ото кыйналып тородум.кызым торолгондо врачтар бала ыйлаган жок дегендеги абалымды соз менен жеткируу мумкун эмес.Кудайга шугур азыр алдымда томпойуп басып апалап аркаман журот.
30.04.2019. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бала жон эле ыйласа канча болобуз бул жарааты орутат бала ыйлайт эне кошулуп сыздайт бул иш аягына чыгыш керек кайнисиндиси азамат кыз экен
02.05.2019. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
momun74,кошулам туура айласыз, бул ишти аягына чыгарышсын эми
30.04.2019. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пидараз врач экенго каякты карайт жоопкерчилик жок жоопко тартылсын камасын каякты карайт минздрав
30.04.2019. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип? Кантииип ушуну кичине жараат дегенге акысы бар? Айдалсын, пусть айдалсын, иштебесин. Не азыркыларга биринчи акчаны корсотуп анан киришибиз керекпи? Мен торогондо да апам акча сунса албай бирок жакшы карап торотуп алышкан, жаман уйротуппуз .
30.04.2019. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эмнеге айып врачтарда эле дейсинер? Балким эки жак менен да карап корсо болоттур.Чындыгында акча албаган адам жок.Баардык кызматтагылар алат.Врачтар алса деле бирок эки адамдын жашоосу менен курошуп сактап калганы аракет кылып жатышатго? Эмнеге ошолорду эсепке албайбыз?Балким чын бут аппараттар эски бузулганы чындыр.Ким эле куноого батып тирик баланы олдуго чыгарсын,Кудайдан коркотда акыры.Энеге деле кыйын бирок бир тараптан эле карап врачты каргап шилегенибиз туура эмесго дейм
30.04.2019. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Sagizgan,туура айтасыз. Жанылыштык болот. Врач деле аракет кылды да. Кантип эле жамандык ойлосун. Муну тагдыр деп коёт. Балага узун омур, энесине сабыр тилейм.
02.05.2019. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Snejana,Атайын кылбасада шалаакылык кылды кантип жүрөгүңөр чыдап кантип ушул сөздөрдүү айтып жатасыңар үлгөндүн үстүнө тепкен кылып.
02.05.2019. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sagizgan,Ал сенин оюң медикти күнөлөгөн туура эмес деп күнө болгондо да кечирилгис күнө кылды.Эки тараптуу карайлы дейсиң эки тараптуу карап аялдада күнө дейсиңби?9ай көтөрүп жүргөнү айып экенда кайра бул медикерди сыйлаш керекдир азамат ишиңерди мыкты жасадыңар деп.Сен медик окшойсуң көрөт элем сенин балаңды ушундай туулбай атып майып кылып койгондо
Kymbatym түзөттү 2019-05-02 15:12:53
01.05.2019. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу сактасын балага ден соолук берсин

02.05.2019. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш наристе. Өзүңөрдү эле алгыла колуңарды бычак менен кесип алсаңар канча күн таңып, аяп жүрөсүңөр, а бул наристе байкуш айта албайт, сүрөтүн көрүп жүрөгүм эзилип кетти. Саламаттыкты сактоо министри катуу чара көрүш керек, и врачтарга айрыкча гнеколокторго катуу көзөмөл кылыш керек
02.05.2019. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлап алдым, жаным кипкичинекей сакайып кетсин, бактылуу бала болсун!Уктап жатканын көрүп эзилип кеттим
Эми биздин врачтарга сөз жок да, ошол жерде келиндин кайненеси болбогондо тирүү баланы кескилеп олтурушмөк экен да ээ? Мен роддомго баргандан, төрөгөндөн коркуп калдым. Врачтар эле эмес медсестралары да ошол, бир нерсе айтсаң беттен алып өзүң күнөөлүүсүң деп турушат. Акча бербей койгондор каралбай эле калышат. Урматтуу кайынсиндиси аягына чыгарыңыз, сабак болсун шалаакыларга
03.05.2019. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апарат иштебесе.акушер гинекологдор атайын жыгачтан жасалган таякчасы бар го кулагына коюп эле угуп коюшат.тим более 9 ай болсо колу мн деле болуп коюшат го.опыт 35 жыл деген мн нормальный опыт жок экен.анан жаш балага этиет мамиле жасашчу эле.вообще жоопкерчилик жок.ошончо окуп билим алышпы деле культура деген жок экен.ажылдап турсам.кошмар.соз жок
03.05.2019. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы жылдары ушул медицина, билим берүү жана маданият министрлигине нормалдуу министр келбей жатат жалаң эле кудайдан жөө качкандар. Бала батыраак айыгып кетсин ошол жараатты кичинекей эле десе сөз жок министрликке катуу чара колдонуш керек.
03.05.2019. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииии журогум ачышып кети,ушундай да кайдыгер врач болобу.Менда вакуум мн торогом Аллага шугур балам жакшы.Ошо тороп жатканда билгем акушерден козкаранды экен,жакшы торотуп алган.
03.05.2019. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кичинекей перишде омуру узун болсун, тезирээк айыгып кетсин.Шалаакы врачдарга соз жок акча дегенде оздорун тамдан ташташат.
06.05.2019. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактар чоон эле ойуп салыптыр го..айдалсын мындай анкоолор...иштоого негизи жок..ымыркайдын буту да куйсо башы оюулса эмне деген шалаакылык???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо