САМАРА КАРИМОВАНЫН УУЛУ АПАСЫНЫН ЭМЕС, ДАНИЯРДЫН КҮЙӨРМАНЫ

№861 2-8-май, 2019-жыл

«Алма сабагынан алыс түшпөйт» демекчи, ырчы Самара Каримованын уулу апасынын жолун жолдоп ырдап жүрөт. «Барсбек кичинекейинде аябай ыйлаак болчу. Тун балам болгондуктан ал ыйласа, мен да кошулуп ыйлап калат элем. Эми ыйлаак балам минтип чоңоюп, ырчы болом деп жатат» дейт Самара. Барсбек Элчиев ырчы Данияр Эрматовдун күйөрманы. Тили чыккандан бери анын ырларын сүйүп угуп, ырдап келет. Сахнада чогуу ырдаганга, чогуу ыр жаздырганга жетишти.


– Ассалому алейкум (Телефонду алганда Барсбек дароо ушинтип учурашты).

– Алейкум салам! Кимдин баласысың?
– Асандын баласымын.

– Апаң кайда иштейт?
– Апам ырчы.

– Сен канчага чыктың?
– 7ге. Сентябрда 1-класска барам.

– Жакында апаңдын туулган күнү өтпөдүбү? Кандай майрамдадыңар?
– Данияр акем (ред.: Данияр Эрматов) экөөбүз «Билем, жактырасың» деген ырды ырдап сюрприз кылдык.

– Сен Даниярды каяктан билесиң?
– Аны менен кичине убагымда таанышкам. Атам 3 жашымда тааныштырган. Чоңойгондо Данияр акемдей ырчы болгум келет.

– Дагы кайсы ырчыларды тааныйсың?
– Данияр акемди, дагы Нурматты (ред.: Садыров) жакшы көрөм. Биздикине көп ырчылар келе беришет. Алар «только» мага келишет.

– Эмне белек алып келишет?
– Менин айтканымды алып беришет. Көбүнчө «продуктыларды», алма, банан алып келишет.

– Сага ким көбүрөөк «подарка» алып келет?
– Атама, апама бере беришет да. Анан алар мага алып келишет.

– Сен ырдайт экенсиң го,ээ?
– Данияр акем менен, өзүм деле ырдап жатам, апам айтса эле. Апамдын концертинде, анан Данияр акенин концертинде ырдадым.

– Ырдаганда сага «подарка» беришеби же акчабы?
– Көп жүз сомдуктарды, миң сомдуктарды беришет. Мен акчаларды чогултам да, атам менен апама «подарка» алып берем.

– Апаңдын кайсы ырын жакшы көрөсүң?
– «Менин атам, жакшы адамды» жакшы көрөм, ошону көп көрөм. «Издебечи» дегенине Алихан укам (ред.: иниси) түшкөн (ред.: клипке тартылган), ошону да көрөм.

– Кийимдериңди апаң алып береби?
– Өзүм тандайм. Ак костюм-шым, кара рубашка кием. Данияр акем кандай кийим кийсе мен да ошондой кийинем.

– Азамат жигит экенсиң. Сага ийгилик каалайбыз!


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(7)
06.05.2019. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бир ,,сериясында,, Самоша бир сериясында Анжоша пффффф
06.05.2019. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Апасы,атасына таптакыр окшобойт,а Даниярдын копиясы)))
06.05.2019. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mela,базар жок бирок))))
07.05.2019. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай жаш жигитке тийсен кандай сонун жарашмак экен,баарыбыз суктанат элек...
07.05.2019. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nur777, койгула эми, бешенесине жазган адамга турмушка чыкты, бактылуу жашап жатат, көз тийбесин...
08.05.2019. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Самара менен Данияр уйдонсо укмуш жарашмак экен бири бирине. Даниярга окшош экен уулу
09.05.2019. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчылар бараберет экенда жаш бала алдабайт балада окшойт экен ырчыларга даа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо