№861 2-8-май, 2019-жыл
Индиянын Телингана штатында начар баа алгандыгы үчүн 20 студент өз өмүрүнө кол салып каза болушкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, февраль жана март айларында миллионго жакын студент экзамен тапшырып, алардын ичинен 350 миңге жакыны начар баа алып калышкан. Ата-энелери "буга тесттерди иштеп чыккан компьютердик программадагы катачылык себепкер" деп нааразычылык акциясына чыгып, кайрадан тест тапшыртууну талап кылышкан. Экинчи жолу тест тапшырууга 50 миң студент жазылып, бирок алган бааларына ыраазы болушкан эмес.
Аталган штаттын башчысы Калвакунтла Чандрашекхар Рао “сынактан жаман баа алып калуу – жашоонун бүткөнүн түшүндүрбөйт. Тирүүлүктүн өзү баалуу. Жашоодо сынактан башка толтура мүмкүнчүлүктөр бар” деп студенттерди жооткоткон.
Дамира Арстанова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |