Айгерим Акылбекова, журналист: «КЫЗЫМА ҮЧ АЙ БОЛГОНДО ГАНА ЭНЕЛИК СЕЗИМ ОЙГОНДУ»

№861 2-8-май, 2019-жыл

Маектешим менен түрдүү темада кенен сүйлөштүк. Айта турган ойлору өзгөчө, эркиндикти каалаган, баалай билген, эркин коом кургусу келген журналист, телеалпаруучу Айгерим Акылбекова алдыңызда.

– Айгерим, адам турмуш курганда, эне болгондо чоңоёт дешет, сен кандай өзгөрдүң?
– Сыртымдан көп күлгөн, ачык-айрым, ойноок кызмын. Бирок ички дүйнөм бир топ эле өзгөрдү. Аял, эне болгондо турмуш менен чындап жүздөштүм. Көп нерсени көтөргөнгө, эмоция эмес, акыл менен жашаганга үйрөнүп калдым. Өзгөчө эне болуу мени аябай өзгөрттү. Энелик үч мүнөттүк сюжет тартуудан алда канча оор экенин билдим. Балаңды көргөн мүнөттөн баштап, мээримиң ашып-ташып сүйүп каласың деп айтышат го. Менде андай болгон жок.
Энелик сезим кызым 3 жарым ай болуп катуу ооруп, ооруканада жатып калганда ойгонду. Ага чейин жанымда бир кызыл түйүнчөк жатат, ыйлайт, тамак сурайт, сүйлөбөйт дегендей үлүп). Менин жашоом эми ушул кызыл түйүнчөктүн гана айланасында байланып калгандай сезилди. Төрөттөн кийинки депрессия деген нерсе бар. Болгону кыргыз аялдары аны айтпай тартынабыз. Өзүмдү көлдөн чыгып калган кайыктай сездим. Өзүмдү-өзүм таппай эле кыйналып жаттым, акыры үч айда жумушка чыгып кетип депрессияны жеңдим. Бул арада кызым катуу ооруп калды. Ооруканада чыңырып ыйлап жаткан кызымды көргөндө өзүмдү-өзүм жемелеп, жаным көзүмө көрүнүп чебелектеп кеттим. Ошол мүнөттөн баштап кандай болгон күндө да мен ушул баланы коргойм деген энелик инстинкт ойгонду окшойт. Ошондон кийин ага эзилип, куюлуп түшүп эле калдым. Учурда эң чоң мотиваторум – кызым.

– Кесибиң үчүн адамдык принциптериңден баш тарткан учуруң болду беле?
– Болгон эмес. Көп учурда адам укуктарын чагылдырам. Кээде чындап эле укугу бузулуп жаткан адамды чагылдырасың, бирок ал сага адам катары жакпайт. Элден гана талап кылган, өзү эч бир аракети жок, иштегиси келбеген, жакшы турмушка умтулбаган адамдарды принцибимде колдогум келбейт. Айла жок, балдары бар болгон үчүн аларга жардамга кол сунууга туура келет.

– Бизди "аял күйөөгө баш ийиш керек" деп тарбиялашты. Азыр феминизм агымы активдүү боло баштаганда кийинки муунду кандай тарбиялайбыз? Сенин оюң?
– Мен феминист эмесмин. Ага билимим, тажрыйбам жетпейт. Билгеним, аялдардын укугу тебеленбеши керек. Бул аял күйөөгө баш ийиш керек же ийбеш керек деген маселеден ашып түшүп, аялдын укугу корголсун деген нерсеге такалат. Эркектер ошого жетпей эле агрессивдүү кабыл алып жатышат. Аял үйдө отурам десе үйдө отурсун, «үй-бүлөмө жетишем, эми карьера жасайм» десе карьерасын жасасын. «Чай куйбайм» деген сөздү катуу талкуу кылышпадыбы, түпкүлүгүндө «менин ордум ашкана эле эмес, андан да чоң нерсеге мүмкүнчүлүгүм бар» деген аракет. Эл түшүнбөй койду. Жакшы билесиз, кесибибизде аялдарга болгон зомбулукка күн сайын туш болобуз. Түрмөдө күйөөсүн өлтүргөн канча аял жатат, сабалып, кордолгон канча аял бар? Ошол аялдардын баары өз учурунда укугун коргой албай тагдырын талкалап алгандар. Аянычтуусу, аялдар көп учурда өздөрү да көп нерсеге көз жумат. Мисалы, ала качуу. Кызга жоолук салган да аял киши, отургузганга аракет кылган да аялдар эмеспи. Бири токтотуп «кой, бул да бирөөнүн кызы, укугу тебеленбесин» деп айткан жок. Ошол себептен аялдар өз укугун учурунда коргой алышы керек.

– Статистика деп калбадыкпы, учурда ажырашуунун да статистикасы жогорулап баратат...
– Ажырашуунун себептери көп болот. Азыр кыйын болуп экономикалык, социалдык себептер, же кайнене-келиндин тил табыша албаганы, же дагы башка толтура себептер деп айтсам эл өзүмдү айтып жаткандай түшүнүп калышы мүмкүн. Мен тууралуу, менин үй-бүлөм тууралуу да учурда көп айтылып жатат. Жеке жашоом тууралуу кыстара кетейин. Туура, жашообуз азыр силкинип жаткан учуру. Эркин (ред.: Нурбаев, телеалпаруучу, тамада, шоумен) экөөбүз тең эл көзүндөгү адам болгонубуз үчүн азыр деле жазып жатышат. Ажырашуубуз тууралуу эч нерсе деп айта албайм. Күйөрмандарым биздин жеке жашообузга эмес, чыгармачылыгыбызга кызыкса...

– Эл көзүндөгү адамдар сырларын эл менен бөлүшкөндү жакшы көрүшсө керек. Болбосо жеке баракчаңа ажырашып кеткениңерди жазып чыгуунун зарылчылыгы келип чыкпас беле?..
– Жазбай коюшум керек болчу. Ошол күнү белгисиз бирөөлөр жеке баракчамды жарактан чыгарганга аракет кылышыптыр. Андыктан абалды ачыкташым керек экенин түшүндүм. Аял катары эмоцияга алдырып койдум. Ушул учурда жеке жашоомдо бактылуумун деп гана айта алам.

– Бул жеке жашоо деп жооп берүүдөн баш тартышыңды каалабайм, «мен» деп турган эки адамдын союзу кызыктуу болсо керек?
– Оор да, жеңил да болот. Жеңил жагы, экөөбүз тең кесибибизди жакшы билебиз. Мисалы, анын эфирге кие турган кийимдерин сурабай эле даярдап коюшум мүмкүн. Кызыгы, ар дайым Эркиндин эфири, анын тою, анын кызыкчылыгы биринчи орунда турат. Күйпөлөктөп үй-бүлөбүз менен анын камындабыз, бирок ошол эле учурда мен да эфирге чыгышым керек. Мен тууралуу эч кимде суроо да, камкордук да жок. Мен муну туура эле кабыл алдым, анткени ал үйдө мен келинмин да. Бирок баары бир ичимде кичине болсо да таарынычка жетпеген түшүнбөстүк турчу. Оор жагы экөөбүздө тең амбиция бар. Аянычтуусу, эч бир убакта кыялдарыбыз дал келген жок. Мен чет өлкөгө кетем, окуйм дечүмүн. Мен үчүн ал кыялдарынан, максаттарынан баш тарткысы келбейт, менде да ошол. Түшүнүп туруп өзүңдүкүн бере албаган учуруң болот экен.

– Адамда сынган, мүдүрүлгөн убак болот, жаныңда ким болот экен?
– Апам. Былтыркы жыл оор болду. Эч ким менен сүйлөшпөй калгам. Апам экөөбүздүн мүнөзүбүз дал келбейт, көп талашып-тартышабыз, бирок чексиз сүйүү бар. Мендей адамдын апасы болуу апам үчүн оор болуш керек. Мисалы, ошол эле ажырашууну, эл эмне дейт деген сыяктуу нерсени такыр кабыл албайм, маани бербейм. Апам оор кабыл алат. Мисалы, туугандар менен катташпайм. Бирөөнү таарынткым келгенден эмес, же кыйын болгондон эмес. Болгону бирөөнүн турмушу таптакыр кызык эмес. Өз дүйнөм мага жетет. Мага бирөөнүн көңүл буруусу да кажет эмес. Апамда идеалдуу кыздын портрети бар, бирок мен ал портретке такыр дал келбейм. Баары жазып, чийип койгон кадимки аялдын образы мен үчүн эмес. Кесибимди тандоого келгенде өжөрлүк менен өзүмдүкүн бербей туруп алдым.

– Сенин да апаңдай эле кызың бар. Убагы келгенде аны эркиндикке коё бергенге даярсыңбы?
– Даярмын. Мен анын жарык дүйнөгө келишине гана жардам бердим. Каалоосу, дүйнөсү таптакыр башка болушу мүмкүн. Болсун, ага сүйүнөм. Кандай болгон күндө да кызым эркин коомдо чоңоюшун каалайм. Ошол коомду түзгөнгө аракет кылам.

– Азыр өзүңдүн жашооң менен жашап жатасыңбы?
– Балким, кайсы бир учурумда бирөөнүн каалоосу менен жашасам керек. Дал ушул учурда өзүм каалагандай жашап жатам. Бирок эртең эч ким билбеген тоонун түбүндөгү айылда жашап калышым, башка шаарга кетип калышым, же башка бир кесиптин ээси болушум толук мүмкүн.


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


Айгерим Акылбекова: “Бул жеке жашоом тууралуу берген акыркы маегим”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(33)
06.05.2019. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Emnege ajyrawkany aytpasa dele tuwunuktu eken. Erkin jawagysy keliptir. Turmuwka chykkan kyz ech kachan erkin jaway albayt. Kuyosuno baw iyiw kerek.
06.05.2019. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Ананайын кыздар, жигиттер жети олчоп бир кескиле...баланарды тируу жетим кылбагыла!!! Турмушка чыгаарда эркиндикти энсесенер ошол тарапка кеткиле. Балдарды ойлогулачы озумчул болбой
06.05.2019. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кошулам бул кыздын айткандарына, биз келинмин анан уй деп озунду 6чы же 7чи болбосо такыр эле акыркы орунга жылдырасын...кейитет...куйоого тийсен дагы оз оюн, максатын болот да адам катары осууго...мен осом, уй-булом менен чогуу
06.05.2019. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Анда тийбеш керек болчу куйоого. Чындап эле феминистка окшойсун. Бирок куйоосу, кайын журту да озумчул адамдар окшойт. Эмне болсо да кичинекей наристе бактылуу болсунчу. Буларга эмне тугой табылат.
06.05.2019. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыял жоругу начар экен деп бааладым. Жок дегенде апасы менен тил табыша албайт экен.
06.05.2019. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Айтыш бирөөгө сын коюу өтө оңой. Өз башыңа келгенде гана түшүнөсүң. Эркек эркектей болуш керек. Башында кандай болсо...кандай сөз.берсе ошол убадасына туруш керек. Баардык эле аял ұйдө отуругусу келбейт баарына жетишкиси келет... Ұйдө отурсаң артка кеткениң кеткен...стресс депрессия баары кунумдук кайталанма тажатма жашоодон келип чыгат. Аягы нерв оорулары мн коштой. Анан ким жаман Аял жаман..ажылдак катынга айланасың.Тушунушуу мн жашоо курган жн жакшы деп ойлойм.Тушунбойбу колдобойбу кереги жок
07.05.2019. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
SayanRamzan,омур бою уйдо отурбасын, жок дегенде баласын(кызын)кичине чонойгуча уйдо караса болот.Боюна буткондон баштап эле суйунуп мээрим тогуп эсен аман жарык дуйного келишин кутосун го, бул болсо торолуп 3 ай болгуча мээрим того албаган таш боор экен
06.05.2019. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Менин эле ойлорум экен. Тагыраагы эркиндик жетишпей буулуп аткансыйм. Эмне кийиш керек, эмнени кылыш керек, эмнени кылбаш керек баары бирөөнүн каалоосу менен күйөөнүн да эмес кайын журттун каалоосу менен. Тамактангын келбесе да тамактануу керек, ичинде ит өлүп атса да күлүшүн керек, ошого милдеттүүсүн. Сен жөн эле сөлөкөтсүн. Оюң, кызыкчылыгың аларды кызыктырбайт, уруп ойнобойт. Өзүңө керексиз адамдар менен катташуу керек калп болсо да.
06.05.2019. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
lazygirl,эмнеге озунорду кайнжурттун алдцнда калп болсода кулушум керек анан милдеттуумун дей бересинер,менин да кайэнем,4абысыным бар баарыбыз ээн Эркин оз оюбузду айтабыз,жакпаса жаккан жок жакса жакты деген сыяктуу алар дагы оз ата энебиздей эле адамдар да,тил табыша билуу керек деп ойлойм жогоруда бироо жазгандан калп кулуп жасалма болуп ичинен нерв боло берсен оорукчан болуп бутосунго дейм
06.05.2019. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сенин кайын журтун тушунуктуу адамдар экен. Бардыгы андай эмес да. Жакпайт деп айтсан "баары даяр, сага дагы не керек? Элдин келини андай-мындай, керек болсо "бала белде, катын жолдо "дегендер бар. Анан айла жок ары карап ыйлап, бери карап кулуп жашай бересин.
06.05.2019. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Айгерим акылың бар,бирок өтө өзүмчүл кыз экенсин.Сенин апаң деле сен үчүн бир убактары кайын журтунда эркектен бир тепкич ылдый туруп,азыр сен ушундай оюн эркин айта алган адам болуп отурасын.Сен айтканчалык эркин коом биздин динге да,менталитетке да туура келбейт.Ооба аялдар эч качан укугун тебелетпөө керек,ошол эле убакта эркекти сыйлоо аял үчүн биринчи орунда болуусу шарт.Ким кандай ойлойт билбейм,буйруса мен кызымы атаңы сыйла,агаңы ,күйөөңү сыйла,ук деп тарбиялайм.
10.05.2019. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Akylai_aktan,Эмнеге баланызды кызды сыйла,аяр мамиле кыл,какпа,урба деп чыныгы ЭРКЕК кылып тарбиялабайсыз?Качан караба алсыз аялдарга жармашып эле журосунор.Корсо куноонун баары аялдарда турбайбы,ушундай сизге окшоштордун тарбиясынын айынан канча кыз озун билбей чоноюуда.Ою жок,максаты жок,тууй турган машинка болуп.Буту баскандан ошого тарбиялап жатасынар.Эркекти Кудай коргозуп,урса-тепсе жаша деп.Келин деген эптеп жармашып жашайт деп.Тушунбойм,кантип,кантип....
06.05.2019. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошол бири бириңе камкордук көрсөтүп,кийимин даярдап,тамагын кылып,бири бириңи сүйүп,ыраазычылык билдирип жашаганга эмне жетсин?Турмушка чыга элек кыздардын да оюн бузуп жатасыңар.
07.05.2019. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бей баш жаштар. Ар нерсени суйлоп койюшат анан мен кыйраттым дешет. 40тан ашканда бары бир турМушка баш ийип белчейип отуруп каласынар. Ага чейин дооруй бересинер азыркы поколениелер картайганда орустун бабушкаларындай подоконикке жармашып жалгыз калышат го комнаталырында.
Djal1987 түзөттү 2019-05-07 02:51:39
07.05.2019. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгеримди булжашоодо мендей эчким суйо албайт.Турмушка чыккандан бери депрессиядамын.Мени карабай койгон.
12.05.2019. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
voennyi88,эми карайт
12.05.2019. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
voennyi88,бардагы анда
07.05.2019. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Карьеранды жаса,эркиндикке умтул,бирок озумчул болбо да,Эркин Айгеримге уйлонду дегенде эле кобусу "каап" "аттин" дегендердин жону бар экен да...Куйоомдун кийимдерин даярдап берем,а неге меникин эч ким даярдабайт,ашканага байлангым келбейт,туугандар менен катташкым келбейт,эч ким мени кызыктырбайт,баламды жакшы корбойм,апам менен мамилем начар дегенинен эле КИМ экенин тушунуктуу болду..Макул баланды коргун келбегени послеродовая депрессия деп коёлу,бирок ошол бала ошол сенин
Nur777 түзөттү 2019-05-07 10:42:30
07.05.2019. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
колунан даамдуу тамак жегиси келет,куйоон сенин озун айткандай чебелектеп жургонун журогун элжиретсе керек,а туугандарын сени журналист,билимдуу,ар тараптан кызыктуу адам деп баарлашкысы келет,кайын журтун кабагын салбаса экен дейт,ал эми оз апан...Апан сенин эн жакын адамын,ага созум жетпейт,эгер ага жакшы мамиле кыла албасан билбейм анда..соз жок.Баардыгына сыртынды салып,жактырбаганын озундон башка эч кимди жакшы корбогонун,сыйлабагандыгын,пас сезгенин!
Nur777 түзөттү 2019-05-07 10:07:13
07.05.2019. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чындыгында куйоон чоон жанылыптыр,ал да ойлобосо керек,акыл-ою кенен,бирок жан-дуйносу тар,мерез адамга уйлонуп жатам деп...
07.05.2019. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Боюна буткон кундон баштап мээрим тогуп, жарык дуйного келишин кутосун го,торолуп 3 ай болгуча энелик сезими ойгонбосо таш боор го
07.05.2019. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aigulu,ниети башка болгон экен .
07.05.2019. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркиндик деп . Менимче уйбуло бул эн чон жетишкендик эчкандай эркиндик издебеш керек анда сен турмодо жургондой болуп каласын. Окуйт элем чет олкого чыкмакмын ошол учун тийгендей куйоого,анда торобош керек эле . Жакшы 3 айда энелик Сезим ойгонуптур ойгонбосо деле тушунмокмун сени Айгерим ой жугуртуунон элестеттим. Сенин эркиндик деп бала чаканы ойлогон жоксун сен озуну ойлодун озуну .
07.05.2019. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адам эмес турбайсынбы капа болбо озунчо эле мисс
07.05.2019. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Супердин журналисти да супер суроо бериптир:сенин апандай эле кызын бар,кийин эркиндикке кое бересинби деп))) Бул деген озундун кызын кийин озу торолуп,чоноюп алгансып эртен эле сага кергиштеп чыгат,анан сый-урмат куткон сага мен эркинмин,каалаганымды жасайм,мага эч кимдин кереги жок деген кезде сенин куйбогон жерин кул болуп,апандын мээнетин бааларсын ошондо..азыр кичинекей,эмчек бергенден башка туйшук тарта элексин,баары алдыда..
07.05.2019. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менин түшүнгөнум боюнча, жолдошу Эркин менен эрегишип, сен жумушкабы мен да жумушка. Сен кыйынсынбы, мен дагы дегендей болуптур. Кичине чыдап, кызын чоңойтуп алып анан жумушка чыкса болмок. Андай чечим кайын журтка да жакпаса керек. Эмнеси болсо да бактылуу бол. Мүмкүн мен туура эмес ойлоп жаткандырмын.
10.05.2019. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ЭРКИН деле аны билип коруп туруп алганда. Ушу иштетпейм туугандарын менен катышынды азайт деген эркектер окубаган анан деддомго чонойгон кыздарга уйлонсонор болмок.
10.05.2019. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адам адам менен адам го, тууганга каттабаса, кайын журтту сыйлабаса, оз дуйносу озуно жетсе, адамдардын арасында не кылып журот бул кыз?

10.05.2019. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кыз да озунун ойун айтты да Эми аны анчалык соз мн тепкилеп кирдик бирок туугандар мн катташпайм дейсин Айгерим озун жон Адам эмессин элдин козундо жургон адамсын кандай болгон кундо да эркеке баш ийип жашашыбыз кк эркек бир тепкич бийик турат
10.05.2019. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир сөз менен айтканда,аябай эле "ТАҢ калдым" .
Апабыздын көзү барында анын кеп,кенешин,кемчилигибизди угуу, эне болуп бала жытына магдыроо,бала карап үйдө отуруу жана күйөөң болуп ага эркелөө, өзүңдү анын алдында бир азга болсо да назик сезип, күйөөңдүн бара турган иши болсо эрте менен узатып,кечинде күтүп алуу,тууган уругундун көптүгү жана алар менен катташып,баарлашуунун алар менен жолугууну кудайым буйруп тургандын өзү кандай БАКЫТ кандай КЕРЕМЕТ...
12.05.2019. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апам айтмакчы,"эрдин кирин жууп, тамагын кылып"анан бакыт табасыңар,сабыр кылсаң анан жеңишке жетесиң,бермейдин алмайы бар.Озум дегендер убактылуу эле.Жылдар өтүп жеңиш сен тарапта болот.Бош келбе,тың бол,кайынжуртунду сыйла,сый көрөсүң дейт.Кудайга шүгүр, күйөөмдүн үйүндө демократия,жакса жакты,жакпаса жакпады,деп оюмду кеңири айта алам.Тушунуктуу адамдар.
12.05.2019. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял затынын миссиясы,бала төрөп, күйөөң менен бактылуу болуу, балдары чогуу тарбиялап, жашоонун ысык-суугуна бирге туруштук берип анан финишке бирге жетүү.
12.05.2019. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койгула тепкилей бербегиле!!! Чужой семья тёмный лест дейт! Озу айтмакчы Озун оюнда да Айгеримдин бир билгени бардыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо