БИШКЕКТИ ЫРДАЙБЫЗ ДЕП МОСКВАНЫ СӨКТҮКПҮ?

№403 23-29-июль, 2010-ж.

“KG club” тобунун “Бишкек” же “Пошла на ... Москва” аттуу ыры жөнүндө баян кылабыз. Ырдын сөзүн жазган аталган топтун мүчөсү Элдияр Кененсаровдун жумушу чачынан көп окшойт, айтор, маектешүүгө келе албасын билдирди.

БИР СӨЗ МЕНЕН ДҮЙНӨ КЕТЕТ КУРАЛЫП,
БИЗ СӨЗ МЕНЕН ДҮЙНӨ КАЛАТ УРАЛЫП
Кайсы жерге барба ушул ыр жаңы­рып, кафе-клубдарда бул ырга бийге түшкөн жаштардын саны арбын. Ушундан улам чын эле ырдын хит болгонун танбаспыз. Бул жакшы жагы. Ал эми терс жагы – бизге жеткен маалыматтар боюнча, аталган ырды уккан орус туугандар өз ойлорун айтып кейишкени. Чынында, биздикилер тамашалуу ыр катары кабыл алышат. Ал эми орус калкы аны түшүнөбү, кеп ошондо. Биз деле өзбек ырчысы Юлдуз Усманованын чыгарган ырына канча какшап, ардандык. Анын сыңарындай, “Пошла на ... Москва” дегенди уккан москвалыктар да рахматын айтпасы анык. Ошондуктан борборду мактайбызбы же ырчыны даңктайбызбы, эки калктын ортосуна көлөкө түшүрө турган ыр болбосо экен деп тилек кылабыз.
Анан да бул ырда “орустар, дунгандар, кыргыздар, кыргыздар, анан албетте, оштуктар...” деген сап бар. Эх, кыргыз болуп туруп оштук, көлдүк деп бөлүп-жарсак, башка улуттан биз жакшы мамиле күтөбүзбү? Ошол эле бөтөн улуттун чырагына май таамп жатпайбы, “өздөрү бөлүнүп, өздөрүн шылдың кылып” деп. Же андай эмеспи? Бир акындын “бир сөз менен дүйнө кетет куралып, бир сөз менен дүйнө калат уралып” деген учкул сөзүн эске салууга аргасызбыз, туугандар!

Бул ырда ырчы жигит Мирбек Атабеков даңкталат.
Андыктан Мирбектен комментарий алдык:

– Албетте, бул ырды уккам. Башында балдарга айткам, Москва жөнүндө айтылган сөз өтө эле одоно болуп калыптыр, башка сөзгө алмаштырып койсоңор болмок деп. Бирок алардын өз эрки да. Атымдын аталганы эле болбосо, буга менин тиешем деле жок. Аларга же ырдабагыла деп айтканга укугум болбосо. Андыктан бул ырдын жаңырышына каршылыгым жок. Ал эми орустардын берүүсүндө талкууланганы жалган болсо керек. Андыктан бул ырды тамашалуу ыр деп кабыл алып, москвалыктар көңүлүн чөктүрбөй эле коё турган нерсе.

Канат Култаев, продюсер:
– Бул ыр кантип, эмнеден улам жаралып калганынан кабарым жок. Башкалардай эле уюлдук телефондон уккам. Мирбектин ысымын атаарда сурап коюшса болмок. Бирок эми жакшы, тамашалуу ыр болуп жатпайбы, унчуга алган жокмун. Тамашалуу ыр деп кабыл алдым. Түз мааниде алып караганда, бир аз туура эмес болуп калган.
А Орусиянын телеберүүсүндө чырдуу ыр катары талкууга алынганын уккам, бирок көр­гөн эмесмин.

Раллия, бул ырдын кайырмасын сен коштоп
ырдаган турбайсыңбы, ээ?

Раллия, ырчы:
– Ооба, мен кош­­тогом. Ал эми ыр­­дын эң аягында “Бишкекке кош ке­липсиңер...” деген жерин “KG club” юмор тобундагы Элдиярдын келинчеги сүйлөгөн. Бул ыр “Ekаrecords” студиясында жазылган. Мен аталган ырды патриоттук ыр деп эсептебейм, жөн эле жаштардын юмор ыры деп айтам. Бул жөнүндө Андрей Малаховдун “Мейли, айта беришсин” (“Пусть говорят”) көрсөтүүсүндө талкуу болгонун көргөм. Бирок алар чычалагандай бул ырда москвалыктарга тийишкен эч ким жок. Болгону, алар аман эле болушсун, а бизде Мирбек “красавчик” деген сыяктуу тамашалуу сөздөр коштолгон.


“БИШКЕК”

Здесь крутые тачки, понты нагоняют,
Дорогу лишь одному уступают.
Ведь он здесь хозяин и он господин,
С госномером “01”.
Случились понты, ищешь номер ты в спешке,
Звонишь всем подряд, братанам и байкешкам.
Всем по фигу, кто у тебя за спиной,
В Бишкеке каждый пацан не простой.
В Москве есть Билан, а у нас Атабеков,
У них есть "Спартак", а у нас Атабеков.
Там Кремль стоит, а унас Атабеков,
Короче красавчик – Мирбек.
Это наш Бишкек, всей столице салам,
Всем малышкам и всем крутым пацанам.
Это наш Бишкек, не пустые слова,
Ну, а как же Москва?
Пошла на ... Москва!

Кайырма: Я люблю тебя, Бишкек!
тттттттттттттАта Мекеним!

Мы заходим в клуб, нас встречает столица,
Отжигаем реально, видим новые лица.
На танцполе всякие Бемы и Айки,
И прочие клубные чайки.
Девчёнки прутся от "Армани" и "Гуччи",
"Роберто Ковалли" не знают, что лучше.
Здесь у каждой лейбл совсем не простой,
До здравствует рынок “Дордой”.
Здесь казахи, кавказцы, узбеки, славяне,
Уйгуры, татары, корейцы, дунгане.
Кыргызы, кыргызы, кыргызы, кыргызы, кыргызы и конечно ошане,
Пусть каждый знает, пусть знает страна.
Мы золотом пишем свои имена,
Повторяй за нами простые слова, только Бишкек,
Пошла на ... Москва!

Уважаемые дамы и господа,
Наш самолёт совершил посадку в аэропорту “Манас”.
Температура воздуха за бортом охренительная,
Наслаждайтесь нашим вечно зелёным городом,
Добро пожаловать в Бишкек!

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(20)
26.07.2010. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун эмнеси проблема болуп атат,тамашалуу ыр болуп турат го?
26.07.2010. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамашалуу ыр экенине кошулам.Бирок "оюндан от чыгып" кетип журбосун.Биз кыргыздар Ю.Усманованын ырына кандай гана каныбыз кайнады мумкун орустар учун да бул ыр ошондой болуп журбосун.Бизде бир уюм тузулуп ар бир ыр эл алдына ырдалып чыгарда маанисине конул буруп анан чыгарса болбосо угуп алып кыжырын келе турган ырлар ото кобойуп кетти
26.07.2010. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо!! Озунор медиа порталга чыгарып алып анан талкууга алып жатасынар,биринчи талкууга алып анан чыгарсанар болмок!!!!!!!!
27.07.2010. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Здесь казахи, кавказцы, узбеки, славяне,
Уйгуры татары, корейцы, дунгане.
Кыргызы, кыргызы, кыргызы, кыргызы, кыргызы и конечно ошане


кыргызы и есть ошани) чё то аларды болуп койгон гоо
27.07.2010. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото начар ыр. Вообще ыр деп эсептебейм!!!! Кочодо галдиреп жургон сабатсыз адамдарга таандык го!
27.07.2010. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар кичине оригиналдуу болсонор!Kg шоу-бизнеси- Сплошной ПЛАГИАТ! Тата улан, Каныкей эсепке кирбейт.
28.07.2010. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кундуздай кара чачтардын күйүп, сары болгону такыр жакпайт. анан усмановага "кыргыздар кыйынбыз, башкаларга тийишпейбиз" деп кыйын болуп жатсак, орустарга тийишип уят кыласыңар да.
28.07.2010. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото начар ыр. Вообще ыр деп эсептебейм!!!! Кочодо галдиреп жургон сабатсыз адамдарга таандык го!

Tuura aitkan!
El birige albai jatsa, kaira alardi uruwtur gula!
Uwul toptu men en ja-man korom!
29.07.2010. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдын мааниси деле жокко дейм. Кремль, Спартакты- Атабековко кантип салыштырган тушунгонум жок. Атабеков ким ал эми "спартак", "Кремль" эмне. Салыштырган нерселерин айтып кой. Жининди келтиретко ыр эмес эле.
30.07.2010. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болбой калган ыр экен уят эле ырдабай эле койгулачы маанисиз кимдерге кимди салыштырып койгонсунар
30.07.2010. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Угуп отуруп башым ооруп кетти! Байкуш, Москва! Коптогон кыргыз нанын ошол жактан таап жеп жатышат, а биз аны Бишкекте отуруп маскара кылганыбыз ашыкча!
01.08.2010. 07:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bishhkkeek, men seni syiom!! Birok ty6ynboim Moskva silerge emne kyldy? Molodzy, Bishkektin atyn bulgap, kyrgyzdardy ozynor jerge tebelepsiner!!! ayabai kulturnyi ekeninerdi dalildep, kyiyn boluptursunar go, kolunardan bir nerse kelbei...
01.08.2010. 07:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yoo 6utka dostor, birok prikol'no eken lol
01.08.2010. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдайт десе эптеп эле тантый бербегилечи! Фигня короче!
02.08.2010. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-klubdy KG-klab kylgan Moskva go deim.Emnege mintip yrdaganyna ech tushungon jokmun.
02.08.2010. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kichine baikap jazyshsa bolmok.
02.08.2010. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ary jak beri jakty oilonup jazyshsa bolmok eken.
02.08.2010. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oto nachar yr degenden alysmyn
21.09.2010. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
норма! супер!
30.10.2013. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каяктан кочурсок болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо