Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

– КҮЙӨӨГӨ КАЧАН ТИЕСИҢ?! – УФ-Ф! УФ-Ф!..

№861 2-8-май, 2019-жыл

Узак сапарда таксинин ичиндеги эже-байкелер ар кыл темада кеп козгоп жүрүп отурушат эмеспи. Биздин сапарыбыз да ошондой болду. Арткы орундукта сиңдим экөөбүз, алдыда 40-50 жаштагы эже, байкелер. Сапарыбыз узак. Саясаттан тартып ар нерсени талкуулап баратышты. Бир кезде «ала качууну жойбой эле койсо болмок, жоош балдар үйлөнбөй калып жатышат, кыздардын жашы өтүп баратат...» деп өздөрү ала качып үйлөнгөнүн, ала качып турмушка чыкканын айтып берип келатышты. Анан бизге кайрылып «турмушка чыктыңар беле? Турмушка чыга элек болсоңор, ала качтыралы, кыз кылыгын кылат, анан отурат да» деп жанымдагы эжелер мен жөнүндө сүйлөшүп, тыянак да чыгарып коюшту. Унчуккан жокмун, китеп окуп бара жаткам, китепке үңүлүп отура бердим. «Унчуккан жок, кыздын унчукпаганы макул болгону» деп жиберишти. Анан «ким эле өз жашоосун будуң-чаң кылгысы келсин, азыр мырзалар деле көңүлү жок кызды ала качып алып, эртеңкиси бүдөмүк, туман болгон үй-бүлө күткүсү келбесе керек» десем, «азыркылар тибиреп эле турушат» деди алдыдагы эже.
Ошону менен буга иренжип отуруп таежемдикине да жеттим. Ал жакка барып чайга отургандан тартып эле мен жөнүндө сөз козголду. «Чоңойдуң. Окууну да бүттүң. Эми сүйлөшкөн жигитиң барбы? Болду, жүрө бербей кет. Жашың деле 25ке келип калыптыр. 25, 26, 27… Анан жигит тандамай башталат, анан сен курдуулар үйлөнүп кетет. Жашың өтүп кетпесин. Кичине бирөө-жарым менен мамиле түзүп көрсөң боло. Сенин эмнең кетип жатты эле? Жолук, байкап көр, телефон номериңди бир жигитке берем, оройлонбой жакшылап сүйлөшсөң. Балким, жылдызыңар келишип кетет. И-и, ай, тигил Тамаранын байкесинин баласы менен таанышып көрбөйсүңбү, ичпейт, чекпейт, үй-жайдын баары ага калат. Оокат жыйнайм деп да жүрмөк белең Уф-ф! Уф-ф, ушунча нерсенин баарын айта бериштин кажети барбы? Турмушка чыга элек кыз кимиңерге зыянын тийгизди же кимиңердин наныңарды тартып жеп алды? Алар өз оокатын кылып, үйүнө кол кабыш кылып жатат.
Кайда барбайын, кимге жолукпайын ушинтип айтышат, башың айланат. Анан жигиттерге номериңди беришет, сүйлөшпөй койсоң «көп эле тандай бербесеңчи» дешет. Чынында тандаган деле жокмун. Болгону мен андай ортомчулар аркылуу кадам жасаган балдарды жактырбайм. Аларды болушунча мактайсыңар, эч эле чаң жугузбайсыңар. Анан силер укмуш деген жигитиңер чалат, кыйын болуп алган тим эле «мен Мирлан, баланча эже бир жигит чалса тааныш деди беле сага?» дегенде жөн эле өрттөнөсүң. Өлдү ушул жерден баары, таанышып көрөйүн деген планыңдын таш-талканы чыгат. Силер «тааныш, ушуга тий, сени алаканына салып багат» деп жаткан балдарыңардын сөзүнөн жылуулук сезилбесе, алардын алаканына салып багарынан күмөнүм бар. Мына, ушундай. Анан «тандадың, тандаган тазга жолугат» деп силер кыжырга тиесиңер. Жөн эле кыздарды жайына коюп койсоңор болбойбу? Өз адамын кезиктирсе, жылдызы келишсе, силер токтото албайсыңар.
Таежемдин, жеңелеримдин сөзүнөн кийин ушинтип түн бир оокумга чейин болушунча наалыдым да, анан сени эстедим. Өзүмө «м-м, сени эмне эле эч ким менен мамиле түзбөй, күткөнү бардай эле жүрөт десе, ошондо көңүлүң бар турбайбы» деп кудуңдап алдым. Көрсө, сен жөнүндө ойлонуу да мага кубаныч тартуулайт экен. Мен аны жанагы толгон-токой сөздөрдөн кийин даана сездим.
Чын эле, сенин бир көз карашың жүзүмө жылмаюу тартуулап, илеби бүтүндөй дүйнөмдү жылытат экен. Чечкиндүү кадамдарың, олуттуу сөзүң, билгичтигиң, аракетчилдигиң, ашыкча камкордугуң, дегеле сен мага ар бир кадамың менен дем берет экенсиң... Баса, сен майдаланбайсың, майдаланба, сен ушул турушуңда сонунсуң. Сени ушул бойдон сактап калгым келет.
Бир адамдын гана жанында өзүңдү алсыз сезип, ага таянып, ага жөлөнүп эркелегиң келчү эмес беле, мына, сага негизги каарман. Ушуну сүй, ушунун ийинине башыңды жөлө. Сырдаш, көйгөйлөрүңдү айт, кеңеш. Сезимдериңди билдир. Экөөңөр бирге план түзгүлө. Бирге дегеним баш кошкула деген эле кеп. Көп балалуу болгула. Ал да көп балалуу болгусу келет.
Эй, эй, коё турсаң, сен ал жөнүндө жыргап ойлонуп жатасың го. Калп эле бой көтөрүмүш боло бербесең, мындайлар шалпактап эле кайра-кайра сүйүүсүн арнай бербейт. «Көңүлү жок немени кыйнайт белем?» деп баса берсе отурасың көз жашыңды көлдөтүп. Сага ушул керекпи? Албетте, керек эмес, ошон үчүн сен дагы сүйүүңдү билдир, кам көр, убакыт бөл. Жазса жазам, чалса жооп берем деп жөн эле кыйын боло бербесең. Бул мамиле сенин чечкиндүү кадамыңды күтүп турат. Андан көрө сен бул мамилени жакшыртып жогорудагыдай сөздөргө чекит кой!


Айганыш


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(14)
06.05.2019. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жашың өтсө калып кетесиң деп тим эле экинчи сортко чыгара салышат. Сырттан тааныган адамын өлгүдөй мактап. Дагы тандап атасың дегендери ашыкча. Өмүр бою жашай турган адамды тандабай туура келгенге тийип кетмек беле анан? Эптеп той жеп тамагын майлашса болду. Кыздын чырагы кырк дейт. Эчкимге кулак салбаш керек.
06.05.2019. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошо да ата энем туура тушунуу мн мамиле кылышкан менин жаш курагыма 27ге чыкканда турмушка чыктым эч текеден кур калбадым Аллага шугур 3 балалуу болдум баары альхамдулиллах сырттагылар синдилери тийип кетти эжеси калып калды бирдемеси барда деп соз кылышкан менида
07.05.2019. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чоочундарды билбеймго,жакындарың сени бактылуу болушуңу эле каалашат.Эртең картайганда өкүнөсүң,эрте эле турмушка чыгып төрөсөм болмок деп.Балдардын аркасынан чуркабагыла,кийин өзүңө айтат,өзүң чалбадың беле,жазбадың беле деп.Сага көңүлү бар бала,сенин көңүлүңү сөзсүз алат.
07.05.2019. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кеткиле да журо бербей жалгыз далактап
07.05.2019. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудайым буйруган куну болот го баардык нерсе
08.05.2019. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен 23то тийип 24тоторогом. Кызым 5жашта. 20да торосом кызым чоноюп калмак экен дей берем менда.коп кечикен деле болбойт
08.05.2019. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дал менин оюмду жазган го...
12.05.2019. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monster_high_98,койчай, сен Али кичинекей кызсыңда)))
08.05.2019. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 22де турмушка чыгып 24тө төрөдүм азыр үчүнчүбүздү күтүп жатабыз кудайга шүгүр кечикпей эле баары жакшы. Баардык еерсе убак сааты менен болот да алла таала буйругандай. Тагдырды өзүң курбайсын бешенеге жазылганын көрөсүң деген чын.
08.05.2019. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Улуулар туура эле айтышат. Мөмө-жемиштердин да бышкан убагы болот эмеспи. Убагынан өтүп кетсе мөмө сасый баштайт, чирий баштайт. Эч ким аны карабай калат.Кыздардын дагы кайсы бир мааниде мөмөнүн бышкан маалындай кулпуруп чыга келген убагы болот. Ошол мөрттү өзүнчө эле акылдуусунуп өткөрүп жиберип, артынан өкүнгөндөн Кудай сактасын. Жаш кыздар биринчи Кудайдан ыйман тилеп, өз маалында эле турмушка узаганы оң. А болбосо оңбой калат көбүнчө. Кыргызда 25 тен өткөн кызды карадалы деп койгону ошондон.
jaran.kg түзөттү 2019-05-08 11:10:09
08.05.2019. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эрте эгилген дарак,эрте мөмө берет. Эрте турмушка чыкканындын эрте балалуу болуп,балдарын өзүң менен бирдей чоноюп калган жагынан "+" болбосо, башка жактары айырмасы жок,эрте турмуш курсанда,кеч турмуш курсанда ошол эле күндү көрөсүң.Эрте турмуш курганга каршымын,МАХ 23-24 турмушка чыккан норм элего, жеке оюм.
Өмүрлүк жолдош тандап жатканда эч качан адашпоо керек, өзү айтып тургандай ал адам менен өмүр бою бирге жашайсың.Бир эле тандоо - бул сенин бир өмүрлүк бактың же азабың.
Pandora түзөттү 2019-05-08 12:35:42
09.05.2019. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Bizde tyiyp bala toroso ele oshonu bakyt dep oiloshot birok oshol balany tatyktuu tarbiya berip,kyiymin,tamagyn jakshy karash kk degen tushunuk jok,eptep septep 5 6 ny torop zorgo chonoitup,alardy ar kaisy mamleketke jonot baikushtardy,arasynda kichinekeilerdi okutumush bolup koiushat chon baldar salgan akchaga,,tooba kyldym kachan tushunugubuz ozgorulot,,Baikush jashtar kyinaldy ar jakka baryp tentip ishtep,,oilonboi turmush kurup toroi bergenderdin aiynan
11.05.2019. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Турмуш курганда да татыктуу жашоого козун жетип курган он. Кундо мышык чычкан болуп кырылышып журуп 4, 5 бала тороп же бала жыргабай же эне жыргабай жашаган омурдун эмне кереги бар!
Эртеби кечпи баары Алланын буйругу менен болот. Болгону ниетти туз кылып жакшылыкты тиленип жакшыдан умут узблй келечеке умтулуу керек. Баланы тороп эле эптеп курсагын тойгузганда эмес кеп татыктуу инсан кылып эрезеге жеткируу деп ойлойм!
21.05.2019. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
30 деле кеч эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо