Кайрат Нуртас: «КАЙРАТТЫ БИЗГЕ БЕРГИЛЕ ДЕГЕН КЫРГЫЗ ТУУГАНДАРДЫН КОЛДООСУНА ЫРААЗЫМЫН»

№862 9-15май, 2019-жыл

1-май. Нөшөрлөп жаан жаап жатты. Суу болгонума карабай көлчүктөрдөн аттап-буттап шашып баратам. Үйдө тынч жатып алайын десем да болбойт, бул күнү концерт болот деп кулак чалып калгандан кийин баргым эле келе берет экен. Анан да коңшу казак элинен Кайрат Нуртас үй-бүлөсү менен келип, концерт берип жатса кантип барбай коёсуң?

Концерттин аталышы –
Кайрат Нуртастан үй-бүлөлүк шоу концерт

Өткөн күнү – 1-май

Өткөн орду – Спорт ордосу

Башталышы – 20:10 (40 мүнөт кечигип башталды)

Концерттин алып баруучусу – Азамат Эркинбаев

Көрүүчүлөр – залдын 100 пайызы

Мыкты номерлер – “Алматынын түндөрү”, “Ламбада” жана “Күттүм, ай” дуэти

Билет баасы – 1000-2000 сом

ЭЛ МЕНЕН ИШТЕШКЕНДИ БИЛЕТ

Бул Кайраттын Кыргыз жеринде коюп жаткан биринчи концерти эмес, экинчиси, үчүнчүсү да эмес. Ырчы өзү да тамашалагандай, 7-8 жылдан бери эле ушул жакта жүрөт. Анын ар бир концертинде чыгармачылыгын сыйлап келгендердин саны көп болот. Бул жолу да зал толо эл болду. Сахнанын алдында менден эки келген 10 чакты эңгезердей жигиттердин тизилип турганын көрүп, “ии, бүгүн Кайратты катуу кайтарышат го” деп ойлоп койдум. Сахнадагы быжыр-быжыр жарыктар күйүп, концерттердин “ачкычы” болгон бийчилер чыгышты. Мына, андан кийин

“Ол сенiмен ойнап жүр-ау,

Ойнап жүр-ау...

Байка...”- деп көпчүлүккө тараган “Байка” ырын аткарып Кайрат Нуртас чыкты эл алдына. Кичинекей кезинен сахнага чыгып, учурда бир канча мамлекеттен көптөгөн күйөрман топтой алган ырчы бул даражага жетиш үчүн канча эмгек кылганы көрүнүп турат.

АБАЛДАН АЛЫП ЧЫККАН ДЖОННИ

Арты-артынан популярдуу болгон ырларын аткарган Кайрат ар бир ырдын ортосунда куудулданып элди күлдүрүп жатты. Анан да “мен Инстаграмга көп убакытымды бөлөм. Бир жолу концерттин афишасынын алдына “ээ, койчу ушул Кайратты, кечке эле концерт коё берет, тажатты” деген сыяктуу билдирүүлөрдүн алдына кыргыз туугандар “анда Кайратты бизге бергиле” деп жазып кетишиптир. Колдооңуздарга абдан ыраазы болдум” дегенде мактоого дардайып кол чаап эле болбой калдык.

Көп учурда жандуу ырдап, эч кандай “сценарийи” жок бийлеген ырчы тыныгуу алып, эс алып келгенче сахнага кыргыз ырчылары чыкты фонограммасын “сүйрөп”. Чолпон Талипбек, Амир Аскаров, Айдана Дека, Анжелика өнөрлөрүн тартуулап бүткөн соң коңур үндүү Джонни чыкты. Эртеден бери шылкылдап бийлеген ырчы кыздардын бийине, көйнөктөрүнө көңүл буруп отурган жаным Джонни ырдап чыкканда “ии, бизде деле сендей ырдаган ырчы бар” деп ичимден казак баурга дароо теңтайлаша калдым. Джоннинин “Күттүм, ай” ыры ырчынын бактысын ачып, бир канча өлкөдө жаңырып жатканы мактоого арзырлык нерсе. Бул ырды Кайрат Нуртас да которуп ырдап жүргөнү маалым. Джонниге улай сахнага чыккан Кайрат ырдын экинчи куплетин ырдап, эки ырчы жандуу аткарып беришти.

БАЙПАКЧАН БИЙЛЕГЕНДЕ...

Баягы менден эки келген жигиттерге бир токтоло кетпесем болбос. Кыркалекей тизилсе деле сахнанын бир бул, бир тигил жылчыгынан суурулуп ырчыга умтулган элди токтото албай шайлары кетти. Бир маалда сахнанын ортосуна бир жигит секирип чыкты. Кайраттан микрофонду алып, эки сөздүн башын кошуп ыр айтып, акыр-аягы ырчыдан костюм сурады. Ыңгайсыз болгон ырчы сахна артынан костюм алдырып, жигитке бергенге аргасыз болду. Жанымда отургандардын бири “ии, уят эле, эч нерсе көрбөгөнсүп” десе, дагы бири “Кайрат өзү көндүрүп койбодубу, концерттеринде костюм берип. Бекерге бат көнөбүз да” деп жылмайды. “Кайраттай кыйын инсан болсун” дегендер да болду. “Силерге кийим эле керек болсо мына” дедиби, Кайрат бир маалда курун чечип бирине ыргытса, кийип турган бут кийимин дагы бирине кийгизип, сахнада байпакчан бийлеп кала берди.

Ырчы адаттагыдай эле гүлгө оронду. Сүрөткө түшкүсү келгендин баары эле гүл алып барган окшойт. Гүлдестесин берип-бербей эле "селфилдеп" жатышты. Кайратты туш тарапка сүйрөгөн күйөрмандардын эч кимисинде деле жарытарлык сүрөт чыкпаса керек. Биринин башы, биринин жарым бети, колу, көзү баткан сүрөттөр. Баягы кароолчу жигиттер дале тердеп-кургап жүрүшөт элди тосуп...

ТАЛАНТТУУ ҮЙ-БҮЛӨ

Үй-бүлөлүк концерт болору баарына маалым эле. Алгач сахнага иниси Зангар Нуртас чыкты. Ии, агасына караганда бойлуу жигит экен дегеним болбосо, ырынын сөздөрүнө кулагымды канча “чойсом” да түшүнбөдүм. Кийинки кезекте Кайраттын улуу кызы Сезим чыгып, фортепианодо ойноп берди. Экинчи кызы Алау бийлесе, уулу Нарул күйөрмандарга ыр тартуулады. Ырчынын кенжетайы Хан робот бийин бийлегенде эл дүркүрөтө кол чаап колдоп кетишти.

Үй-бүлөсүн 10 жыл коомчулукка алып чыкпаган Кайрат өзү Кыргыз жерине байма-бай каттаса да, анын жубайы Жылдыз Абдукаримова биринчи жолу келип жатат. “Кандай келип алдыңыз? Биздин жер жактыбы?” деген ырчы келинчеги менен дуэт аткарды.

Биздин ырчылар да башка элден ушунча күйөрман топтоп, ушундай концерт койгон күн алыс эмес деген ишенич күч. Жаш-кары дебей элдин көңүлүн алган ырчынын эки жарым сааттан ашык созулган концерти менен кошо эшиктеги жаан да өз миссиясын аткарып бүтүптүр.

Толик сынчы


Күйөрмандарына күрмө, кур, бут кийимин белек кылган Кайрат Нуртас үй-бүлөсү менен концерт берди

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
SUPER.KG видео
02.05.2019. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят элего, кыргыздар өздөрүн жоготуп коюшуптурго. Кайратты пир кылып алганыңар жаман экен...
13.05.2019. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бекерге десе лом жутабыз да. Кече ооз ачарда мечитте суу таркатып башташты. Карап олтурсам колунда суусу туруп дагы алам деп жулкунуп талап кетишти. Мечиттин ичинде.
13.05.2019. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Tyty1990,Москвада 9чу майда бессмертный полктун журушундо да бекер суу таратып жатышты да,орустар бирден эле алып ичип атышса биздикилер сумкасына салат го)).Уят эле упаковкасы менен которуп алышкан.
13.05.2019. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
karona12,)))
22.05.2019. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karona12, боорум эзилди жазганынызга. Бирок өтө эле уят ушундай нерселер. Неге мынча жанталашабыз
14.05.2019. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактар колдобой койсо Кыргыздарга ыраазы болосун да анан,Кыргыз ырчыларынан койбосун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо