№862 9-15май, 2019-жыл
Өткөн санда «Күйөөм түрүң суук деп эки балам менен үйдөн кууп чыкты» деген 26 жаштагы Бактыгүл Аскар кызынын арманын уккан элек. Бул ирет келиндин кайын журту, кошуналары менен байланышуу мүмкүн болду. Бактыгүл Аскар кызынын айткандарына анын кайын журту, кошуналары кандай жооп айтышат, ушул материалдан окуй аласыздар.
«МЕНИ УРУП ЖАТКАНДА КОШУНАЛАР АЖЫРАТЫШКАН»
Токтогулдун Торкен айылынын тургундары 70 жаштагы кайната менен 63 жаштагы кайнене уюлдук телефон колдонушпайт экен. Андыктан алар менен кошуналары аркылуу байланыштык. Бактыгүл Аскар кызынын кайненеси Айчүрөк Бейшекеева өзү келининин колунан таяк жегенин айтты:
Сумкасын көтөрүп качып да кетет. «Ата-энең жок экен. Тынч жашай бербейсиңби» деп айтабыз, болбойт. Бизди сабайт, таш менен урат. Бир ирет мени уруп жатканда кошуналар ажыратышкан. Келин мага эле эмес, кайнатасына да кол көтөрчү.
«КЕЛИН АЯЛЫМ ЭКӨӨБҮЗДҮ ҮЙДӨН КУУЙ БЕРЕТ»
70 жаштагы Раимкул Акматалиев да келининин жоруктарын айтып кейиди. Ага да келини кол көтөргөнүн айтып берди:
Тамакты бекитет дегени боюнча, тамакты өзү жасайт, бербей койбойбуз, баары өзүнүн колунда. Кээде тамакка таарынып «ичпейм» деп кетип калат. 1-2 күндөн кийин кайра келет.
Уулум Орусияга иштегенге кеткен. Ал «акча салып турам, сен үйдө эле жүрө бер» десе болбой, Бишкекке эки жолу кетип калды.
«КАЙНЕНЕСИН ВАГОНГО КАМАП КОЮП, ТАШ МЕНЕН УРГАН»
Бул үй-бүлө менен жанаша жашаган кошунасы Гүлнар Шатманалиева да келиндин калп айтып жатканын айтат:
Бир жолу жайында үйгө чөп алып келип, күйөөм унааны дарбазадан артка айдап киргизип жатканда Айчүрөк эже жүрүп бараткан унаанын артынан чуркап өтүп кеткен. Көрсө, Бактыгүл кайненесин таш менен уруп кубалаган экен. Аны да кошуналар көргөнбүз. Ошондо унаа аны тебелеп кетсе эмне болот эле? Бактыгүл барда Айчүрөк эже үйүндө жалгыз калгандан коркуп, үйүнө жатпай, улуу баласыныкына же дагы башка жакындарыныкына барып жатып калган.
Бир жолу келинди ооруканага жаткырышканын билем. «Оолуга бергенинен алпарып таштадык» деп айтышкан. Анан «ооруканада жатканда кошуналар мени сурашыптыр» дептир. Аны эч кимибиз сураган эмеспиз.
Кайнене, кайнатасы тынч жүргөн кишилер. Кайненеси баласынын такма жалаяктарынан бери карыз алып, балдарын багып жаткан. Акча берип келинин ооруканага көрсөтүп турушат. Бир аз мурун эле Бишкекке барып, томографияга түшүп келген.
Келин сабатсыз. Бирок көркөмдөп жакшы сүйлөйт. Келин үйдө иш кылсам да жакпайм деп жатпайбы. Ал тамак-аш жасап, балдарын карачу. Эл сыяктуу короого чыгып иштебейт. Эмнеден кыйналды, билбейм. Күйөөсү болсо жоош, уруп-сабай турган жигит эмес.
Үй-бүлөнүн жашоо шарты начар. Бирок эч кимден эч нерсе сурабай жашашат. Кошуналар колубуздан келген жардамды беребиз. Кийим-кечек, азык-түлүк берип турабыз. "Кайненем сарайга тамак-ашты катып коёт" дептир. Аларда күнүмдүк тамак-ашы өздөрүнө жетиштүү. Бирок бекиткидей ашык тамак-ашы деле жок.
«АГАМ АНЫ МЕНЕН ЖАШАЙМ ДЕП АКЧА САЛЫП ЖАТАТ»
Бактыгүл Аскар кызынын жолдошу Алмазбек Акматалиев учурда Орусияда иштеп жүргөн чагы. Анын иниси Майрамбек Акматалиев жеңеси тууралуу мындай дейт:
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |