ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫ: ФИНАЛДА "ЛИВЕРПУЛЬ" МЕНЕН "ТОТТЕНХЭМ"

№862 9-15май, 2019-жыл

Апта ичинде Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык оюндарынын жооптук беттештери орун алды. Анын бири Ливерпуль шаарында өтүп, жергиликтүү команда укмуштуу оюну менен апта каармандарына айланышты. Англиялыктардын каршылашы Месси баштаган «Барселона» эле...

«ЛИВЕРПУЛЬ» – «БАРСЕЛОНА» – 4:0
Голдор:
Ориги – 7, 79-мүнөттөрдө
Вейналдум – 54, 56-мүнөттөрдө
Биринчи беттеш – 0:3

КЛОППТУН ГАНА ИШЕНИМИ БОЛГОН
Биринчи оюнда «Ливерпуль» «Барсадан» кем калышпай ойногону менен, 0:3 эсебинде утулуп калган. Анда Лео Месси эки гол жаратып, мыктылыгын көрсөтүп койгон эле.
Биринчи оюнда көп мүмкүнчүлүктөр колдон чыкканын «Ливерпулдун» башкы машыктыруучусу Юрген Клопп белгиледи. Жооптук беттеште «Ливерпуль» өз күйөрмандары алдында намысын көрсөтүү гана калган. Себеби бул маанилүү беттеш алдында негизги чабуулчулар Салах менен Фирмино жаракат алып калышкан. Андыктан «Ливерпулга» көпчүлүк ишенген жок. Быйылкы сезондо Испаниянын чемпиону болууга жетишкен «Барселонага» 4 гол киргизүү оңой иш эмес.
Оюн алдында бир гана Клопп өз футболчуларына ишенип жатканын айткан. 2005-жылы дал ушул
«Ливерпуль» унутулгус камбэк жасаган эмеспи.

0:3 – «ЛИВЕРПУЛЬ» ҮЧҮН КЕП ЭМЕС
Оюндун жүрүшүндө англиялык клуб эртерээк гол киргизүүсү маанилүү эле. Дал ошондой болду. 7-мүнөттө каталондуктардын коргоочуларынын катасынан улам Дивок Ориги эсепти ачканга үлгүрдү. Андан ары үй ээлеринин чабуулдары уланган жок. Месси жана анын командасы оюндун нугун сезе билгендей туюлуп, маал-маалы менен кооптуу абалдарды жасап баштады. Бирок Алиссон өз дарбазасын мыкты коргоп жатты.
Экинчи таймда Клопп алмаштырууларын баштады. Жаңыдан оюнга кошулган Вейналдум 3 мүнөт ичинде 2 гол жаратып, конокторду нес кылып салды. Үй ээлери күйөрмандардын колдоосу менен чабуулдарын токтотпой, «Ливерпуль» «Барселонаны» жарга такады. Месси менен Суарестин оюну таптакыр жүрүшкөн жок.
Салах жокто Шакири, Фирмино жокто Ориги. «Ливерпуль» оюнга чекитти 79-мүнөттө койду. Бурчтан чыгарылып берген топту Ориги киргизип, эсепти 4:0 кылды.
Оюн бүтөрүнө дагы 10 мүнөт калып, каталондуктар 1 гол киргизсе эле жетиштүү болмок. Бирок «Ливерпулду» бул күнү эч ким токтото алчудай эмес эле...

ӨЗГӨЧӨ ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫ
«Барселона» мурунку жылы да ушундай абалга туш болгон. Анда «Романы» биринчи 4:1 эсебинде утуп, конокто 0:3 эсебинде утулуп калган. Быйыл да ушундай окуя кайталанып отурат. Биринчи беттештен кийин Мессиге көпчүлүк «Алтын топту» ыйгарып коюшкан. Бирок бул оюндан кийин жагдайлар түп тамырынан өзгөрүлдү.
Негизи быйылкы Чемпиондор Лигасы өзгөчө болуп жаткан чагы. Адаттагы фаворит саналган «Реал», «Бавария», «Ювентус», «Манчестер Сити» сыяктуу командалардын азыр бири да жок. Алардын ордуна Европаны таң калтырган голландиялык «Аякс», англиялык «Тоттенхэм» жана сүймөнчүккө айланган «Ливерпуль» жүрөт.
«Ливерпуль» мурунку жылы да Чемпиондор Лигасынын финалына чейин жетип, «Реалга» утулуп калган. Анда Салах жаракат алып калганы көпчүлүктүн эсинде. Эми египеттик футболчу үчүн дагы, Клопп үчүн дагы жеңүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

"ТОТТЕНХЭМДЕН" КАМБЭК

Лондондук "Тоттенхэм" амстердамдык "Аякс" менен кез келип, конокто жеңишке жетишти. Англиялык клубдун чабуулчусу Лукас Моура 3 гол киргизип, "Тоттенхэмди" финалга алып чыкты.

"Аякс" - Тоттенхэм"- 2:3
Голдор: де Лигт 5-мүнөт, Зиеш 35-мүнөттө - Лукас Моура 55, 59, 90+6 - мүнөттөрдө.

Эми финалда 2-июнга караган түнү "Ливерпуль" менен "Тоттенхэм" кез келет.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
13.05.2019. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ливерпуль СУПЕР, буюрса чемппион-2019
13.05.2019. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ливерпуль утат, буюрса
13.05.2019. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Ливерпуль буйруса чемпион
16.05.2019. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барса ит эле болду э)))).мен тотен мн аякс ойногондо тотенге болеть эткем.себеби реал ювени утканы учун.криро го жаман болгон эле.ал эми анти барса анти месси болгон учун ливерпульга болеть эткем.экоо тен мен ойлогондой болду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо