№863 16-22-май, 2019-жыл
13-майда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады. Анда үстүбүздөгү жылдын 1-майында Кара-Суу районунда атасынын элесине арналган спорттук иш-чара өтүп, ага Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, фракция лидерлери Алмамбет Шыкмаматов, Алмазбек Батырбеков, депутаттар Руслан Казакбаев, Улан Примов, Тазабек Икрамов, Канатбек Исаев, Жанар Акаев жана башкалар катышкан. Мындан улам иш-чарадан тартылган сүрөттөр жарыяланып, коомчулукта талкууга алынган. Ачык кайрылуунун себебин Райымбек Матраимов коомчулукта Матраимовдор тууралуу бир беткей каралоо жүргүзүлүп жатканы менен байланыштырды.
“МУРДАГЫ МАГА КЫЛГАН ЖАКШЫЛЫКТАРЫҢЫЗДЫ ЭСКЕ АЛЫП, КАРМАНЫП КЕЛДИМ"
-Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сизге кайрылуума 1-май күнү кичи мекенибиз Кара-Суу районунда маркум Исмаил атабыздын жаркын элесине арналган, көп жылдан бери үй-бүлөбүздө салтка айланып калган спорттук чоң иш-чаранын өтүшүнөн кийин бир катар сизге таандык болгон жана сиз менен тилектеш айрым массалык маалымат каражаттарынын коомчулукка бир беткей каралоолору түрткү болду. Анткени аталган салтанаттуу маараке түпкүлүгүндө эч кандай саясаты жок эле бизди тарбиялап өстүрүп, эрезеге жеткирген атабызга түбөлүк таазим көрсөтүү менен бирге өз өрөөнүбүздүн элине майрамдык маанай тартуулап, жаштарыбыздын спорттук шык-дараметтерин арттыруу максатын көздөгөн. Тилекке каршы, жумурткадан кыр издегендей ага саясий боёк сүртүп, биздин үй-бүлөбүздүн аброюна шек келтирип, бир беткей кара өзгөйлүк менен ыксыз каралап, коомчулукка чагым иретинде бурмалап чагылдырууга далалаттанган сиздин айгайчыларыңызга жол болсун. Андыктан биз мындай ыпластыкка чыдап, унчукпай тура албайбыз. Буга атанын уулдары деген биздин бийик атыбыз, ар-намысыбыз жол бербейт. Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сиз буга чейин да, акыркы бир жарым жыл аралыгында да бир нече жолу массалык маалымат каражаттары аркылуу мени тынымсыз каралап, коомчулукка жек көрсөтүп, жаманатты кылып келдиңиз.
Унчукпастан, сиздин мурдагы мага кылган жакшылыктарыңыз менен колдоолоруңузду эске алып, сабырдуулук менен карманып келдим. Анткен сайын сиз адамгерчилик чектен ашып токтобой баратасыз. Эсиңизге салсам, убактыңыз тартыш болуп, премьер-министрди баш кылып, эң жакын кишиңиз Икрам Илмиянов досум баш болгон командаңыздагы жоон топ адамдарды жөнөтүп жүрбөдүңүз беле. Сиздин командаңызга кошулганга чейин жөн гана Райымбек болсом, сиз "Раим миллион" атка кондурдуңуз.
“ЭКИ АЯЛДЫН ЧАТАГЫНАН ЭКӨӨБҮЗДҮН ОРТОБУЗДУ КАРА МЫШЫК АРАЛАДЫ”
Ачууга алдырып, бийик даражаңыздан менин деңгээлиме түшүп алдыңыз. Ошондон бери мен мамлекеттик кызматта эмесмин.
“ЖАМАНАТТЫ КЫЛУУНУ ТОКТОТПОСОҢУЗ МЫНДАН АРЫ ЖӨН ОТУРБАЙМ”
Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизге ачык кайрылам. Убагында мамлекетке кызматымды өтөдүм. Сизге да колумдан келишинче кызматымды кылдым. Мындан ары азыркы президентибиз менен болгон мамилеңиздерге мени аралаштырбоону суранам. Аягында айтарым, мага карата ыксыз каралоону, калпты чындай кылып жаманатты кылууну токтотпосоңуз мындан ары жөн отурбайм. Сиз менен күрөшүүгө менде да жетиштүү маалыматтар бар жана күч-кубатым жетишерлик.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |