ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал)

№863 16-22-май, 2019-жыл

(Башы)

Деңизди тиктеп отурду. Толкун жээкке шарпа-шурп. Ысык-Көлдү эстеди. Кыргыз кайсы жерде болбосун чалкып жаткан көлдү, деңизди, океанды көргөндө Ысык-Көлдү эстейт. Кыз да эстеди. Көкүрөктү кусалык өйкөп, анысы томолоктошуп келип кекиртегине такала түштү. Ысык-Көлгө эң биринчи жолу атасы алып барган. Анда атасы жаш болчу. Ал кезде атасы бул кызды баарынан жакшы көрчү. Анда атасы мунун ким экенин биле элек болчу.

Кыз улутунуп алды да, жээктеги майда таштан алып деңизге ыргытты. Ыйлап алса жакшы болмок. Жеңилдемек. Бирок акыркы күндөрү ыйлай албай да калды. Улутунат, үшкүрөт, бирок ыйлай албайт. Турмуш аны мерез кылып бүтүрдү.

– Шаку?- курбусу кыйкырды артынан.

– Оу?

– Кетелиби?

– Ии…

– Жүр, эртелейли. Уктап алсак жакшы болмок. Жетишпейбиз го. Шүмшүктөр эрте коё беришкенде…

– Андайлар качан эрте коё беришчү эле? Туралы көп сүйлөбөй,- Шайыр чачтары саксайып жүдөп, күндөн көзү уялып турган курбусунун жанына келди.

– Бүгүн тигил шүмшүк каякка алып барат болду экен?

– Тапты да. Бас!

Курбусун колунан тартып тургузду. Бийик така кийген, бирок чарчагандыктан эптеп-септеп кыйшаңдап баскан, жүдөгөн эки курбу Ак деңиздин жээгинен алыстап баратышты.

ххх

– Та-ак, бүгүн да орустар бар деп жатышат. Даяр тургула!- сары чачын так төбөсүнө тыкан байлаган Гүкү тамеки түтөтүп турган Шайыр менен Розага карап сүйлөдү.

– Гүкү эже, ушул орустардан башкасын эле табыңызчы. Кечээкилериңиз да таң атканча мас болуп алып жинди кылышты. Эртең менен уктап калышпайт же кетиришпейт!- Роза нааразы боло кетти.

– Туристтер ошолор болсо эмне кыл дейсиң?! Дайыма эле француздар чыга бермек беле силерге? Деги сага эч ким жакпайт. Мына, Шаку эч нерсе дебей эле жүрөт го…

Шайырдын жүзүнөн жылмаюуга окшош мылжыйган эмоция көрүнө түштү. Жок, ал жылмайган жок. Ал өзүн-өзү шылдыңдады. «Мага эмне? Мен да адаммынбы?» Күнөөлөрүнүн баарын азап тартуу менен жуугусу келет. «Мен ушуга татыктуумун» дейт ал дайыма. Мындай абалда жүргөнүнө бир жылдан ашык убакыт болду. Атасы аз гана сөз айткан. «Болду, сен мен үчүн өлдүң! Сен эми мен үчүн жоксуң! Мен үчүн сен адам катарында эмессиң!». Ушул сөз айтылды. Качан болбосун үйрүлүп түшүп, кызына ичи элжиреп эркелеткен атасы таптакыр таанылгыс болуп өзгөрүп кетти. Үйдө турууга мүмкүн эмес эле. Атасы аны менен бир дасторконго отурбай койду. Тамак жасаса анысын ичпейт. Шайыр 3 ай чыдады. Бирок атасы жибип кеткен жок. Кыз кайра Түркияга келе берди. Атасы ошол сөздөрдү айтканча Шайыр өзүн кадимкидей эле сезип келген. Керек болсо анын дал ошол жолго барышына түрткү болгон күнөөлүү адамдар да бар болчу. Өзүндөгү тоодой күнөөнү ошол адамдарга оодарып салчу. Эми болсо ал өзүн-өзү кыйнап гана жашап калды. Күнөө анын өз колу менен жасалганын атасынын сөздөрүнөн кийин гана түшүндү.

– Мага демектен Кинг-Конгду алып келиңиз, Гүкү эже,- Шайыр салкындык менен сүйлөп койду. Ал өз ойлорунан азга болсо да алаксыгысы келип сүйлөдү.

– Ха-ха…

– Сен бирок Кинг-Конгдун деле тилин табасың,- Роза да күлдү.

ххх

– Между прочим, аябай жакшы "клиенттер" экен. Жакшынакай, маданияттуу.

– Бирок 3 жылдыздуу отелде жашашат,- деди Роза жактырбагандай.

– И-ий, ары жок. Анан сени 5 жылдыздуу отелдин "клиенти" карайбы? «Төшөгүңө карап бутуңду сун» дейт билесиңби? Бутуңа карап кардар танда. Буттарың түз болгондо кайкалап ит кылмак экенсиң. Бар, киргиле,- Гүкү кагып-силкип Шайыр менен Розаны жөнөтүп жиберди.

Булар эми бир түнгө сатып алган адамдыкы. Бирок ушуга да шүгүр деп жүрөт Роза. Буга чейин да ал бирөөнүн колунда сойку болуп иштеген. Акчасын бербей айласын алты кетирген анысы. Кийин Гүкүнүн колуна келди. Гүкү өзү кардар табат. Мурда жалгыз эле Шайырды иштетчү экен. Азыр ага Розаны кошкон. Акчаларын теңме-тең бөлүшүшөт. Булардын жашоосу ушул.

ххх

– Мен деген мурда атайын кызматта иштегем. Биз шампандын бөтөлкөсүн башыбызга бир уруп сындыра алабыз,- курсагы салаңдаган орус маңдайына кибиреген эки кыргыз кызды коюп алып аларга мактанып жатты. Кыздар жомокторду угууга аргасыз. Шейшепке оронуп алып, тамеки түтөтүп угумуш болуп отурушат.

– А сен муну башыңа чаап жара аласыңбы?- винонун бөтөлкөсүн көтөрө калды орус.

– Саша, жинди болдуңбу?- Роза жалтактап каткырды.

– А сенчи жара аласыңбы?- эми орус Шайырга тап берди.

– Жара алам,- тамекинин түтүнүн орустун бетине үйлөп сүйлөдү.

– Карап кой муну! Стерва десе,- орустун ачуусу келе түштү. Аны тик карап турган бул азият кыз аны туталантып жиберди.

– На!- бөтөлкө менен баштан ары чаап салды.

– Апа-а!-Розанын ушинтип кыйкырганын укту. Көзү караңгылап төбөсүнөн аккан кан маңдайынан сызылып агып жатканын сезип жатты.

– Ха, бөтөлкө сынды!- Саша каткырды. Ордунан тура калган Роза Шайырдын чачтарына жабышкан айнектерди тазалап башынын жарылган жерин салфетка менен баса баштады. «Мага чала» деди Шайыр ичинен эңги-деңги болуп жатып…


(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(8)
20.05.2019. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мурунку сериалдардай кылып жарым жартылай окутуп жазбай койбойсунарбы?
20.05.2019. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Luna15, Мурунку сериялдардан кийин Супер.кж коп кирбей калдым.
20.05.2019. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мурунку сериялдар эмне болдууу. Чыгарып койгулачы сураныч2
20.05.2019. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул сериалды деле берилип окуган жокмун.
20.05.2019. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чет жерде жургон кыргыз кыздарын жамандоодон башка тема калбай калыптырбы чыгарма жазганга. Киносу деле, клиби деле, чыгармасы деле сойку болуп кеткен. Кызыктуу деп кире калса женил-желпи чыгарма. Аягы эмне болуп бутот окурмандар башында эле божомолдоп коюшса керек. Калк мындай тематикадагы чыгармалардан тажады, мотивация беруучу чыгарма керек.
20.05.2019. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жан дуйного ырахат тартуулоочу, окуп мээн 1 сергип кетчу чыгармаларды жазгылачы. Зордукталды, олтурулду дегендер кун сайын жанылыктан чыгат адамдын уройун учуруп.
22.05.2019. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыркы убакта адамдардын жан дуйносу и так ушундай окуядан тажап,конул калып жургондо, дем куч беруучу серал чыгарсанар туура болмок экен. Анан чет жерде жургон албетте оной эмес. Бирок бул баардыгы эле сойку болуп кетти дегенге жатпайт. Наоборот кыргыздын намысын коргоп,онугуп осуп,ийгиликке жеткен кыздар аз эмес....
27.05.2019. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Munu da jarymyna kelgende toktotup koibonuzdar jazofina menen olumdun uch tusu chyksa sonun bolmok super info.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо