МИРБЕК АТАБЕКОВДУН АПАСЫН ЖАНА КАРЫНДАШЫН ТОНОП КЕТИШТИ

№863 16-22-май, 2019-жыл

6-май күнү Бишкек шаардык Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында белгисиз адамдар үйүнө кирип, күч колдонуу менен тоноп кетишкенин билдирген. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, “Карактоо” боюнча кылмыш иши козголгон. 12-май күнү жергиликтүү маалымат булактарынын бири арыз ээси ырчы Мирбек
Атабековдун
апасы экендиги, каракчылар 60 миң доллар акча жана 10 миң долларлык баалуу буюмдарды алып кеткендиги тууралуу маалымат тараткан. Алгач бул маалыматты ырчынын жубайы Мээрим Төлепберген четке каккан болчу. Бирок 13-май күнү Мирбек Атабеков интернеттеги жеке баракчасына окуянын чындыгы бар экендигин тастыктаган билдирүү таратты:

"Урматтуу мекендештер! Коомчулукта болуп жаткан апам жашаган биздин үйгө куралчан уурулар тобунун киргендиги боюнча төмөнкү маалыматты билдиргим келет. Чындыгында апам, карындашым жана анын балдары жашаган үйгө куралчан уурулар кирген. Жакындарымды байлап, тапанча такап коркутуп-үркүтүү менен үйдөгү бардык акчаны жана баалуу буюмдарды алып кетишкен. Алар психикалык жана физикалык жактан жабыркашты. Көрсөтмө боюнча, кылмыштуу уурулардын тобу жогорку даярдыкта дыкаттык менен уюшулган. Учурда кылмышкерлерди табууга күч органдары бардык иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Өзүмдүн атымдан жалпы жарандарга кайрылгым келет, мындай окуя сиздерде да болбош үчүн коопсуздукка көңүл бөлүңүздөр. Эң башкысы, апам, карындашым аман калды. Акча, дүнүйө табылат, бирок психикалык жабыркоо өмүр бою көңүлдө калат. Жашообузда биринчи жолу ушундай окуя болду. Чынында башыңа келмейинче башканын абалын сезбейт экенсиң. Ошондуктан бийлик өкүлдөрү, эл өкүлдөрү, сураныч, милиция кызматкерлеринин шартын, укуктарын элибиздин тынчтыгы үчүн күчтөңүздөр. Мисалы, Кыргыз Республикасынын жаңы күчүнө кирген мыйзамына ылайык, милиция кызматкерлери кылмышкерди издөөгө бермейинче кармоого укугу жок экен",- деп жазган ырчы өз билдирүүсүндө.

Бул окуя боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери Улан Жумаковго кайрылганыбызда азыр ыкчам иликтөө тобу тарабынан каракчыларды издөө иштери активдүү жүрүп жаткандыгын, бирок алар азырынча кармала электигин билдирди.

 

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
21.05.2019. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кармалмак беле эми ушулар
21.05.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олкобуз уурулардын, каралардын башкаруусуна отуп калбадыбы мындайлар кармалам деп ойлонбойт дагы болуш керек
22.05.2019. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Муну билген кишилер кылды да...уйундо акча бар экенин.Азыр коп нерсе кутсо болот даже тааныштарындан...акча адамдарды неге алып барбайт
22.05.2019. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы кезде ырчылардын үйүнө уруулар көп кирип жатат, себеби алар өздөрү мактанып жатышат, мындай машина алдым, үйүмдү тигиндей салдым деп, аларда чоң суммадагы акча бар экенин билишет, кайра кайра чет өлкөлөрдө эс алып келип жатышса анан
22.05.2019. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошончо акчаны дагы уйдо сактайбы анан? Банкка эле сактап койбоптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо