Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№863 16-22-май, 2019-жыл

КОРЕЙ ШОРПОЛОРУ

  1. Достор, бүгүн корей ашканасындабыз. Бул жолу корей шорполорунун даамын татабыз. Кызыгы, корей ашканасында кандай шорпо түрү болбосун сөзсүз жанына сууга демделип бышкан күрүч кошуп берилет.

  2. КИМЧИ ШОРПОСУ

    Кимчи шорпосунун классикалык түрүнө туздалган кытай капустасы (кимчи), жашылчалар, ачуу калемпир, сарымсак, татымалдардын түрү кошулат. Ал минералдарга, витаминдерге, кальций, фосфор, темирге бай. Корей окумуштуулары бул шорпо семиздиктин алдын алып жана ашказан рагынан айыктырарын изилдеп чыгышкан.
    Шорпого керектелүүчү азыктарды супермаркеттерден, корей дүкөндөрүнөн табууга болот.

    Керектелүүчү азыктар:

    Уйдун эти – 500 грамм
    Туздалган кытай капустасы – 400 грамм
    Тофу сыры – 400 грамм
    Соя пастасы – 120 грамм
    Кимчи соусу – 2 аш кашык
    Жумуртка – 2 даана
    Соя соусу – 3 аш кашык
    Суу – 2 литр
    Көк пияз – 5-6 тал
    Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Этти жука, төрт чарчы формада туурайбыз.
    2. Пиязды майда, ал эми кытай капустасын төрт чарчы формада туурап даярдайбыз.
    3. Казанга майды куюп, соя пастасын салып жай отто 5 мүнөт демдейбиз. Андан соң соя соусун, майда тууралган сарымсакты, этти салып кууруп, сууну куябыз.
    4. Эт бышкан соң ачытылган кытай капустасын жана майда тууралган пиязды салып, 7-8 мүнөт жай отто кайнатабыз. Татымына жараша туз салсаңыз болот.
    5. Жумуртканы чагып, жакшылап чалабыз да, аны шорпого чуурута куябыз.
    6. Шорпого төрт чарчы формада тууралган тофу сырын салып, казанды оттон чыгарабыз.
    7. Кимчи шорпосу даяр! Шорпонун үстүнө майда тууралган көк пияз, чили калемпиринен себелеп дасторконго беребиз.

  3. ДЕҢИЗ КАПУСТАСЫНАН ШОРПО

    Бул шорпонун негизин деңиз капустасы түзөт. Деңиз капустасы минералдарга, аминокычкылдарга бай. Ал организмге жеңил жана бат сиңет. Деңиз капустасынын консерваланган же болбосо кургатылган түрүн да пайдаланууга болот. Болгону пайдаланар алдында жылуу сууга бир чайкап алуу шарт.

    Керектелүүчү азыктар:

    Тоок эти – 500 грамм
    Картошка – 5 даана
    Деңиз капустасы – 220 грамм
    Пияз – 1 баш
    Сабиз – 1 баш
    Жумуртка – 4 даана
    Каймак – 4 аш кашык

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Тоок эти менен картошканы төрт чарчы формада туурап, кайнап жаткан сууга салып бышырабыз.
    2. Бул аралыкта көмөч казанга майды куюп, ага майда тууралган пиязды жана сүргүчтөн өткөрүлгөн сабизди кууруп алабыз.
    3. Сабиз менен пиязды, деңиз капустасын кайнап жаткан шорпого салып, 6-7 мүнөттөй жай отто кайнатабыз. Татымына жараша туз, мурч салынат.
    4. Аягында шорпого сууга бышырылган жумуртканы чоң-чоң кылып туурап салабыз. Шорпону каймак менен берүү туура. Тамагыңыз даамдуу болсун!

  4. КУКСИ

    Корей кесмеси менен даярдалган бул шорпонун курамына жашылчалар, эт, жумуртка, татымалдар кошулат. Шорпо муздак берилет. Татымалдарга аллергиясы барлар, ашказанында жарасы барлар татымалдарды көп кошуудан абайлашы керек.

    Керектелүүчү азыктар:

    Уй эти – 200 грамм
    Жумуртка – 3 даана
    Пияз – 1 баш
    Сабиз – 1 даана
    Капуста – 100 грамм
    Бадыраң – 2 даана
    Помидор – 2 даана
    Сарымсак – 4 тишче
    Кумшекер – 1 аш кашык
    Соя соусу – 3 аш кашык
    Уксус – 3 аш кашык
    Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
    Булак суусу – 0,5 литр
    Ашкөк, кориандр, калемпир, туз – татымына жараша
     

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Корей кесмесин туздуу сууга бышырып алабыз. Аталган кесменин ордуна спагеттини же ичке чоюлган лагман кесмесин пайдаланууга да болот.
    2. Этти ичке, таякча түрүндө туурайбыз.
    3. Казанга майды куюп, алгач пиязды, андан соң этти салып 5 мүнөттөй кууруйбуз. Аягында кориандрды майдалап салып, жай отто демдеп бышырабыз.
    4. Бадыраңды таякча түрүндө, капуста менен сабизди ичке туурап, туздан бир аз себелеп, өз-өзүнчө идишке салабыз.
    5. Жумуртканы чагып, жакшылап чалып, андан куймак бышырып, кесмедей кылып кесебиз.
    6. Мискейге булак суусун куюп, ага эт өткөргүчтөн өткөрүлгөн помидорду, майда тууралган сарымсак менен ашкөктү, соя соусун, уксус, кумшекер, ачуу калемпир, татымына жараша туз, калемпир кошуп аралаштырабыз. Бул аралашма кукси-мури деп аталат.
    7. Чоң чыныга алгач кесмени салып, этти, жашылчаларды, жумуртка куймагын салып, кукси-мурини куюп, бетине майда тууралган ашкөктү, күнжүттү себелейбиз. Кукси даяр!

    Дамира Арстанова
    kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
21.05.2019. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жылдан отту кореяда иштегениме тамактарын коргум келбей калды айла жок жейсин, 16 кг арыктадым
26.05.2019. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tihonkg,арыкташ үчүн Кореяга барыш керек турбайбы.
24.05.2019. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Итин этинен жазалганы эмне деп аталат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо