Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Самара Каримова: «АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ ЫРЧЫЛАРЫНАН БИРИНЧИ БОЛУП ТАШКЕНТТЕ ЖЕКЕ КОНЦЕРТ БЕРЕМ»

№864 23-29-май, 2019-жыл

Самара Каримова жакында азыркы кыргыз ырчыларынан биринчи болуп Ташкентте жеке концертин бергени жатат. Таланты менен коңшу өлкөлөргө таанылууну каалаган ырчы бул жаңылыгын алгачкылардан болуп биздин гезиттин окурмандары менен бөлүшкүсү келди.

– Самара, саламатсыңбы? Чыгармачылыгыңда жакшы жаңылыгың бар экен...

­– Чындыгында чыгармачылыгымда жакшы жаңылыгым бар. Жаңылыгым менен эң биринчилерден болуп “Супер-Инфо” гезитинин окурмандары менен бөлүшкүм келди. Анткени менин калың элге таанылышыма “Супер-Инфонун” салымы чоң. Жакында Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында жеке концертимди берем. Бул чыгармачылыгыма ташталган жаңы кадам десем жаңылышпайм. Талантым менен коңшу өлкөлөргө, Орто Азия мамлекеттерине жогорку деңгээлдеги концерт берип таанылсам экен деген максатым, кыялым акырындап орундалып баштады.

Жеке концертим 25-июнда Ташкент шаарындагы Мукими атындагы мамлекеттик музыкалык драма театрында өтөт. 26-июнда Өзбекстандын Манас айылындагы туугандарга концерт коюп барам. Булардын баары Өзбек Республикасынын Эл артисттери Азатбек Назарбеков жана Мырза Азизовдун демилгеси менен ишке ашып жатат. Буга чейин Ташкентте азыркы кыргыз ырчылары жеке концерт бере элек болчу. Бул биздин ырчылар үчүн, 2 мамлекеттин ынтымагы үчүн жакшы жөрөлгө десем болот.

Ташкентке концерт бергенден кийин Өзбекстанга таанылам деп ойлойм. Азыркы кыргыз ырчыларынан биринчи болуп Ташкентте жеке концерт коюп жатканым мен үчүн сыймык. Концертимде оркестр коштоп турат, мыкты бийчилер бийлешет, Өзбекстандын белгилүү ырчысы менен дуэт ырдайм, ал кайсы ырчы экени азырынча сыр болуп турсун. Мындан тышкары кыргыз-өзбек достугу боюнча ыр жаздыруу үчүн акындарга буюртма бердик.

– Жакында кытай тилинде ырдап чыктың. Ыр кандай кабыл алынып жатат?

­– Репертуарымда түрк, орус, тажик, казак, азербайжан тилинде ырларым бар. Чыгармачылыгымды кеңейтүү үчүн кытай тилинде ырдап чыгууну туура көрдүм. Бирок тилим сынып калайын деди. Кээ бир сөздөрүнө тилим келбей жатты. Кытай тилинин котормочусунан тилди 2 ай үйрөнүп, ырдап чыктым. Бул ыр репертуарымда эле калат го деп ойлогом. Кудайга шүгүр, эл ырды жакшы кабыл алды, жакшы пикирлерди жазышты. Кытайлык Нуржамал деген эжекебиз бар. Ал Пекиндеги кытай досторуна жөнөтсө, алар “кытай кыз ырдадыбы?” дешиптир. Интернет булактарында “кыргыз кызы ырдап чыкты” деп тарап жатыптыр. Бул мен үчүн чоң сыймык.

– Ыр эмне жөнүндө?
­– Достор тамашалап “менин арманымды, жашоомду ырдаптырсың” деп күлдүрүп жатышат. Чындыгында бул ыр сүйүү жөнүндө эмес, “жакшы күндөрдө Кыргызстанда жолугалы, мамилелеш бололу” деген мааниси бар ыр.

– Эми жеке жашоого кайрылсак. Сулуулукту сакташ үчүн пластикалык хирургияга кайрылышың мүмкүнбү?
­– Медицина азыр укмуш өнүгүп жатат. Айымдар жүзүндөгү кемчиликти оңдош үчүн, сулуулугун арттырыш үчүн пластикалык хирургиянын жардамын колдонуп жатышканына каршылыгым жок. Бирок өзүм азырынча муктаж эмесмин.

Чыгармачылыкка жаңы аралашып баштаганда ар кандай сулуулук салондоруна барып боёно берчүмүн. Ал кезде кандай косметика менен боёп жатканына маани берчү эмесмин. Губка, кисточканын тазалыгына көңүл бөлбөй жүрүп бетимди аллергия кылып алдым. Бетимдин терисин бузуп алгандан кийин косметиканын пайдалуу жагынан зыяндуу жагы көп экен деген тыянакка келдим. Айымдарга салондон макияж жасаткыңар келсе өзүңөрдүн кисточка, губкаңарды ала баргыла деген кеңешимди бергим келет. Мүмкүн болсо боёнбой эле койгула. Мурда бетиме калың тоналдык крем сүйкөп беришсе, “макияж ушундай болот турбайбы” деп жүрө берчүмүн. Азыр сахнага чыгарда, тойго барарда, тартуу иштерине катышарда гана боёном. Күнүмдүк жашоодо боёнбой калдым.

– Мээрим төгүп чоңойткон балдар бактылуу болушат дешет. Балдарыңызды кандай ыкма менен тарбиялайсыз?

­– Бизди апам кандай тарбияласа, мен да балдарымды ошондой тарбиялайм. Апам бизди аябай катуу кармады. Апам кайраттуу, катуу аял болсо, атам кумурсканын да көңүлүн оорутпаган жумшак киши. Балдарды өтө эркелетпейм. Кичинекей болгонуна карабай мектепке барып келгенден кийин үй жумуштарына жардам беришет. Мен гастролго кеткенде таята, таенесинин колунда калышат. Улуу муундун тарбиясы өтө маанилүү болот экен. Азыр балдарым колдорун көкүрөгүнө алышып “келиңиз, жакшы барыңыз” деп конокторду тосуп-узатышат. Балким, бул нерселерди мен үйрөтө алмак эмесмин.

– Бала тарбиялоо темасына кайрылып жатканымдын жөнү бар. Себеби акыркы учурда үй-бүлөдө кордук көргөн балдар көп болуп жатат. Бул көрүнүштү кантип токтото алабыз деп ойлойсуң?
­– Үй-бүлөдө ур-тепкиге алынып, анын айынан каза болгон балдар көп болуп жатат. Мындай окуяга көбүнчө мигранттардын балдары кабылып жатканы да өкүндүрөт. Мамлекет мигранттардын балдары үчүн жатак мектеп-интернат уюштурса жакшы болмок. Айбандар деле балдарын коргошот. Адам болуп туруп ырайымсыздыкты көргөндө эне катары жүрөгүм ыйлайт.

Мен балдар тилди укпай жатышса какыс-кукус кылып, колго чаап, чымчып коюшум мүмкүн. Бул менин балдарды жазалоомдун жеткен чеги. Денесине, башына чаппайм.

– Уулуң Барсбек Данияр Эрматовдун күйөрманы экенин билебиз. Аны ырчылык чөйрөгө аралаштырайын деп жатасыңбы?

­– Балдар ата-энеси кайсы чөйрөдө жүрсө, ошол жакка ыктап калабы деп калдым. Барсбек Данияр Эрматовду аябай жакшы көрөт. Аны “Данияр акам” дейт. Ал бала бакчага такыр барбай койду. Алдап да, урушуп да көрдүм, такыр болбой койду. Анан “Данияр орусча, англисче жакшы сүйлөйт, математиканы жакшы билет. Сабакка барбасаң, окубасаң, кутурганды эле билесиң, ал сени менен сүйлөшө албайт го” дедим. Ошондо гана ал таенесине барып “мага сумка, дептер, калем сап алып бергиле, сабакка барам, Данияр акам менен англисче сүйлөшүшүм керек экен” деп айтып мектептин даярдоо классына барып баштады. Данияр менен жолугуп калганда ал Барсбекке “эмкиде сени менен орусча сүйлөшөм, математиканы сурайм” десе, ошондон бери сабактан калбай жакшы окуп калды. Данияр аны шыктандырып койду.

­– Маегиңе рахмат! Ийгиликтерди багынта бер!

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


Самара Каримова: "Инстаграмдан көп акча табам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(43)
27.05.2019. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Журналист "Саламатсызбы"деп кайрылса алик албай эле мактанганга отуптурго шыр эле. "Маданияттуу " адамдардын чыныгы жузу ушу.
27.05.2019. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
katerina.li, Ал эми, маекти жазган журналисттен да. Алик алганын жазбай койгондур
27.05.2019. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lui,баарына бактылуулук каалап койолу, ошол нерсе коп адамдарга жетишпей! Качан гана бактылуулук келгенде гана адам озун туздоп, ойун туздоп, ар бир адамдын жетишкендиктерине аз гана болсо да суйунуп калышат, негатив эмне мынча куч адамдарда? Тушунбойм кантип жаман коммент жазганга дили, колу барат???? Ич куйдууулуктун да чеги болуш керек, орозонуз кабыл болсун
28.05.2019. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
daniel87, Мен Самаранын жекелигине өтүп сындаган да, жамандаган да жокмун байкасаң. Болгону бул адам тууралуу калың журтта керектүү маалымат жетиштуу деген ойдомун. Мен БОЛГОНУ унутта калып бараткан дагы башка таланттарыбыз тууралуу маалымат окугум келгенин айттым.
27.05.2019. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li,сизге бактылуулук каалайм, иштеринизге ийгилик жакшы кундорун уз коооп болсун, орозонуз кабыл болсун, ар бир адамдын жакшы жагын коргонго аракет кылып, жакшылыгына суйунгонго уйронун! Бактылуулук, жакшылык да ар кимден, ар нерседен тапканга аны журоктон бапестеп бакканга уйронуп аракет кылыныз, ичти кен койуп, жакшы жанга жагымдуу, мээримдуу, суйуктуу, маанай которгон нерселерди жасоону уйронун.
27.05.2019. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Албетте азамат, таланты бар. БИРОК, бул маалыматты бир бүркүм жаңылык катары чыгарып, ордуна улуу муундун мыкты, чыгаандарынан маек алсаңар жакшы болмок. Акыркы учурда күтүүсүздөн көптөгөн инсандарыбызды жоготуп алдык. Эстелик болот эле..жана жаштар үчүн тарбиялык сөздөрүн айтышат беле деген эле ой...
27.05.2019. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Ушу Самараны айтса болот жадатты деп. Кандай тушунбойт озу?? Элдин пикирин окубайбы???
27.05.2019. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Ташкенге концерт коём деп мактанбай, акчаң болсо тиги рак болгон келинге жардам бер,орозодо сооп болот,деги сенин ырыңды ким угат дейм да,Ташкентте да билет саттырабы Асан студент бюджеттик мекемелерге?
02.06.2019. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
силер өтө боорум ооруду! эмнеге мынча куйугосунор? Балким элге,сага айтпай берип жаткандыр жардам,алланын ыраазычылыгы үчүн!Эми жардам берсе дагы көрө албайсыңар,ой ушу кылганын жарыялабай эле кылса болмок деп,деги койчу өзү кыргыз элине эч нерсе жакпайт, таланттуу болоюн деп изденип,тытынса да көрө албай,жок болуп кетсе да эч нерсе кылбай жатат го неге деп тооба!ошодон көрө астындагы өз ишиңди билип жасай бериш кыргыз элим!
27.05.2019. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ал жакта да 15 20 кундоп коюп албасале))). Ийгилик концертине жогоруда бироо айтмакчы ошол концерттен тушкон акчана рак менен ооругандарга жардам берсен оллло кооооп сооооопто каласында. Озундо Аллахка шугур жетиштуу эле жашайсын.
27.05.2019. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Эн биринчи болуп космоско учса олтурмок экен.
27.05.2019. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Самаааш анан ташкенттеда 15-20кун концерт койуп албагын ааа))) алжак кыргызстан эмеес зордоп билет саттыра турган
27.05.2019. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ташкентте концерт коём десе эле болотда.биринчи жолу экенсин баары билет.
27.05.2019. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Баласы Барсбек Даниярдын эле куюп койгон копиясы:тикирейген чачы,кара кашы,жымшык коздору,ичке эриндери.....
28.05.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur777,мен да ойлодум эле
27.05.2019. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Данияр акам эмес Данияр акем де!
Кыргызча уйрот балана!
27.05.2019. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Nur777, Данияр атам де дебейсинби
27.05.2019. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Apyn8793,)))))
27.05.2019. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Копияго Данияр менен самаранын баласы
27.05.2019. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Самаранын бвласы даниярды ака дейби,экоо чогуу орусча суйлошобу,же англисче суйлошобу кимге кызык эми???
27.05.2019. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аракетчил .Азамат. Суурулуп чыгып баратат копчулуктон.Акчаны,колдоочуну да туура пайдаланып жатвт.Ийгилик
27.05.2019. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Губка, кисточка эле эмес, озундун косметиканды дагы ала барыш керек го. Бироонун губкасы, кисточкасы тийген косметика деле ар кандай бактерияларды таратышы мумкун да.
27.05.2019. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллергия иммундук система жакшы иштебей калганда болот деп журотко интенетте. Иммундук система болсо, бетинерди кечке ар кандай кошулмалар менен тазалай берсенер жакшы иштебей калат деп.
27.05.2019. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Озодбек Назарбеков маданият министринин орун басары кичине чыгарабыз десе Озодбек үчүн эл келет Самараны Ташкентте эч ким тааныбайт өздөрүнүн кээ бир артистерин зорго таанышатко 5млн артисти бар Өзбекстандын
28.05.2019. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kamchybek-007,туура айтасыз
28.05.2019. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kamchybek-007,15 жыл мурун 5млн.болчу.Азыр 10млн болуш керек)))
27.05.2019. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Азаматсын чыгармачылык ийгилик мактана турганы бар мактанат.
27.05.2019. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Негатив жазгандарга тан калдым.кимди жадатса кирип окубай эле койгула да,жардам Бер соопко кал дегендер,акыл уйрото бербей озунор акча таап соопко кала бергиледа ким кармап жатат силерди,эмне мынча ичинен тар эл журт.
28.05.2019. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир эки сан откоруп эле кайра эле ушу Самара чыга берет экен да((.тиги кытайча ырына жазылган 100коменттен экоо мактап койсо эл жакшы кабыл алды десе боло берет экен э)).
28.05.2019. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытайда биринчи болуп ырдаган мен экен деп койбоптур биротоло эле.
28.05.2019. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми барсан барып кел эми...Мактап коммент.жазсак да,жамандап жазсак да баары бир барасын.Андыктан жон гана ийгилик!Делай.
28.05.2019. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ХХХХХ ушу сен чыккан Супер инфонун санында рак оорусуна кабылган кыргыз 2баланын энеси рак оорусуна кабылыптыр ошого жардам берип кой болоору болбоско акча коротуп эн акыркы улгудогу эч кимде жок машина белек кылды деп мактанганды жактырбайм деп мактанасын орозонун кунундо сооп болот
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-11 12:45:46
28.05.2019. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ака созу диалектика, а байке деген соз жагалданып-жалпандаган формадагы соз. Ага деген соз туура варианты. Эми Самаранын жолдошу колдойт экен, ырдасын да, Шахзода деле бизге келип ырдап жатпайбы... Акчан болсо арыкта шорпо... Самаранын уну бар, сулуулугу да бар, болгону картан адамга тийгени копчулукко жакпайт сыяктуу...
28.05.2019. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tiken, Асан акада да иштин баары )))
29.05.2019. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудай буйруса койосун
30.05.2019. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмнеге кыргыздын ичи тааруу баткыс тар болот дейм да. Эми ушул кызыбыздын талантын, сулуулугун,ийгилигин коро албай негатив жазып жатып эле калдык го. Тообоо,азамат, ийгилик болсун, Ташкентке эле эмес, андан да башка алыс -жакынкы чет олколорго барып Кыргызстаныбызды таанытып кел десек тилибиз тушуп же компьютерибиз бузулуп калат да ээ? Самара силерди тынч уктатпай жатабы же нанынарды тартып алдыбы? Кен дуйнону озубуз таарытып эле басып журобуз, ушинтсек онолобузбу?
30.05.2019. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жогорудагы комментарий калтыргандардан көралбастардын бир бүтүн армиясы куралыптыр. Ичибизге ит өлүп эле калыптыр, ушундай да жаман сөздөр болобу. Кыргыз эли качан бири бирибизге жакшылык каалаганда гана оңолот. Самара ийгилик каалайм сага, эсен аман концертиңди өткөрүп кел. Балдарыңдын, ата-энеңдин, жакындарыңдын бактысына дайым аман бол.
03.06.2019. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самаранын берген маегин бир да окуган жокмун, анткени комментарийлерди окуу мен учун кызыктуу болду. Аман болгула кыргыз элим!!! Орозонун кунундо тамакка болгон напсини Гана тыйбастан, тилдин напсисин да тыюу керек. Окуп калсан Самара мындан ары гезит бетин улуу муундарга берчи, алардын жашоо-таржымалын, жаштарга кеп-кенешин окуп калалы коздору тируу убакта.
11.07.2019. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur777, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Коомдук адепти сактаңыз. БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо