Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИЗДЕЙМ СЕНИ. “ИНИМ АСЛАНБЕКТИ ИЗДЕЙМ”

№864 23-29-май, 2019-жыл

– Мен 1974-жылы Кадамжай районундагы Орозбеков айыл өкмөтүнө караштуу Күлдү айылында туулган иним Эргешов Асланбек Камаловичти издейм. Асланбек 2001-жылы Орусиянын Иркутск шаарына иштегени кеткен. Аны менен акыркы жолу 2006-жылы телефон аркылуу байланышканбыз. Ошондон бери дайынсыз. “Москвада жүрөт, үйлөнгөн” деген маалыматтар бар. Атабыз аны күтүп, жол карап жүрүп каза болду. 78 жаштагы апам үмүтүн үзбөй күтүүдө. Үйлөнгөн болсо деле үй-бүлөсүн алып келе берсин деп отурабыз. Асланбекти көргөн-билгендер болсо байланышып коюшуңуздарды өтүнөм.

Эжеси Дилбар, тел.: 0773 679903


“УУЛУМ АЛТЫНБЕКТИН 3 ЖЫЛДАН БЕРИ ДАЙЫНЫ ЖОК”

– Мен уулум Алтынбек Камчиевди издейм. Алтынбек Кадамжай районунун Охна айылында 1977-жылы туулган. Орусиянын Москва шаарына кетип, ошол жакта иштеп жүргөн. 2016-жылдын кыш айларынан бери дайыны чыкпай калды. Акыркы жашаган жана иштеген жери Третьяковская (станция метро) аймагы болгон экен. Эгер уулум тууралуу маалымат билсеңиздер, кабарлап коюшуңуздарды суранам.

Апасы Гүлзара, тел.: 0779 133174


Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.

Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.

Байланыш телефону: (0312) 88-27-00


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо