Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өктөм Сапар уулу, ырчы: «СУРАГАН ЖИГИТКЕ УНААМДЫ БЕЛЕК КЫЛГАМ»

№864 23-29-май, 2019-жыл

“Качан гана өзүм иштеп унаа алганда рулга отурам деген элем. 25 жашымда тилегим орундалып, биринчи жолу өзүмдүн унаама рулга отургам”,- дейт ырчы Өктөм Сапар уулу.


Үлгүсү
– Toyota Camry

Жогорку ылдамдыгы – 240 чакырым/саат

Кыймылдаткычынын көлөмү – 2400 сантиметр куб

Түсү – ак

Чыккан жылы – 2011

Баасы – 10 миң доллар

– Өктөм мырза, жоргоңуз канча жылдан бери кызматын өтөп келет?

– Былтыр декабрда АКШдан буюртма менен алдырткам. Февралдан бери айдап жүрөм.

– Эмнеге Тойота үлгүсүнө токтолдуңуз? Эмнеси менен жакты?

– Тойота дүйнөгө белгилүү марка. Мага жаккан жери, тетиктери жөнөкөй, оңдоп-түзөө иштери да оңой болот. Азыр унааны аларда сатууну да ойлоп калдым. Тойотанын сатылышы да бат экен.

Бир нече жыл мурун Хонда Легенда минип жүрдүм. Ошол унааны сата албай аябай убара болгом. Акыры унаа базарда сатыкта тура берип ижарасы 7 миң сомго жеткенде сураган бирөөгө белек кылып салдым. Ал мага эч кандай акча берген жок, болгону ижара акысын төлөгөн.

– Темир тулпарыңыздын талаптарына токтоло кетели. Күнүнө күйүүчү майга канча акча коротосуз?

– Күнүнө 500 сомго бензин куям. Кээде ал эки күнгө жетет. Ак түс кир көтөрүмдүү болгондуктан, аптасына
1, кээде 2 жумада бир жолу жуудурам.

– Унааны бат алмаштырасызбы же муктаждык болгондо гана өзгөртөсүзбү?

– Көбүнчө муктаждык болгондо алмаштырам. Кээде үйдө курулуш иштерине көп суммада акча керек болгондо сатып деле салам. Унааны “престиж” көргөн адамдарга кирбейм. Жумушумду бүтүрүүчү буюм катары кабыл алам.

Бирок 2-3 жыл мурун 1 айда 4 унаа алмаштырган учур болгон. Анткени билбей бузук унааларды сатып алчумун. Ушундай шарттарга байланыштуу көп алмаштырып калдым.

– Көп дегенде канча унаа алмаштырдыңыз?

– Адашпасам, Тойота 20-унаам. Бир унааны ашып кетсе 2 жыл айдайм. Кээде башка бирөөлөрдүн унаасы көзүмө жакшы көрүнүп кетет. Ошондо өзүмдүкүн сатып, үстүнө акча кошуп алмаштырып алам. Бирок темир тулпарларымды сатканда көп утулдум.

– Алгач качан рулга отурдуңуз эле?

– Алгачкы жолу 25 жашымда унаа айдагам. Ага чейин “өзүм унаа сатып алмайынча бирөөдөн суранбайм” деп өзүмө сөз берген элем. Эмнегедир бирөөнүн унаасын алгандан коркчумун. “Кымбатка алган болсо, бир жерин чийип алсам кандай болот?” деп кыжалат боло берчүмүн.

Сөзүмдө туруп 25 жашка чыкканда Мазда үлгүсүндөгү унаа алып, ошондо биринчи жолу рулга отурдум. Мазда мени чыныгы шоопур кылды десем болот (күлүп). Аны досум экөөбүз өңү-түсү, түзүлүшүнө карап жактырып алган элек. Көп өтпөй маселелери чыкты. 5 айдын ичинде 2 жолу электр кыймылдаткычын, жүрмө бөлүктөрүн жасаткам. Акыры оңдото берип тажаганда аны сатып, үстүнө акча кошуп башка темир тулпар алгам.

– Кандай айдоочусуз? Ылдамдыкты сүйгөн же тескерисинче...

– Мен эреже сактап айдайм. Ылдамдыкты ашырбайм. Эрежени буза коюп көңүл чордонунда болгум келбейт. Пендебиз да, кээде кур тагынбай же бирөө телефон чалып сүйлөшүп калганда МАИ кызматкерлери токтотуп калышат. Менден кеткен болсо түшүп эле кечирим сурайм. Кээде түшүнүп коё беришет. Кээде “принципке” туруп алышат. Бир жолу МАИчи тосуп калды. Чыксам эмнеге токтотконун өзү деле түшүндүрө албайт. Негизи талашып-тартышканды жактырбайм. Аны менен да талашпай, тек гана “токтотконуңдун себебин түшүндүрүп берчи” десем айта албай койду. Акыры туура эмес кылганын моюнуна алды окшойт, “кете бериңиз” деп коё берди.

– Ырчыларды МАИ кызматкерлери “тоюмда ырдап бересиң” деп коё беришет экен. Сиз да аларга кызмат кылып калдыңызбы?

– Ооба, кызмат кылгам. Бирок меники башкача болгон. Бир жолу жол чырактын сарысы күйүп калганда жетишип калайын деп жолдон өтүп кетсем, МАИчилер тосуп калды. Барып абалды түшүндүрөйүн десем мени таанып “эртең той бар эле, ырдап бересизби?” деди. Албетте, деп ошол жерден тойго буюртма алып, эртеси барып ырдагам (күлүп).

– “Кырсык каш-кабактын ортосунда” дешет. Сиздер алыс жолдо көп жүрөсүздөр. Жолдо жүрүп кырсыкка кабылган учур болдубу?

– Кудай сактасын, рулда отуруп кырсыкка кабылган эмесмин. Бирок жүргүнчү катары кырсыкка кабылган учур болгон. Бир ирет Кадамжайга Курман айтка бармакмын. Үйгө кеткенче жумуштарымды бүтүрөйүн деп 1 жарым сутка уктаган эмесмин. Алыс жолдо жалгыз айдап бара албайм деп жаныма эки жигитти алып алгам. Таң атканга чейин айдап, чарчаганда балдардын бирөөсүнө рулду бергем. Ошондо унааны сүзүп алганбыз. Кудай сактап баарыбыз аман калдык, унаа жарактан чыккан.

– Мындан ары да кырсыктан алыс болуңуз. Маегиңизге рахмат.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


"Элде жок унаамды белекке берип салгам" дейт Өктөм Сапар уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
27.05.2019. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ушу ырчылар бир ырды бекер ырдап беришпейт,анан машинесин жонэле берип коцгонуна ишенбейм такыр
27.05.2019. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ак түс кир көтөрүмдүү болот дегенди биринчи угушум))))
27.05.2019. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Kamchybek-007,Ак тусто кири билинбейт. Кара машиналар бозоруп калат да
27.05.2019. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kamchybek-007, ошондой болот. Кара түстө бозоруп кирдегени бат билинет
28.05.2019. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
newman,Туура мойкага барсан дагы ак машина аппак болуп калат го,каралар бозоруп тактары коруно берет).
SUPER.KG видео
27.05.2019. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип эле???
30.05.2019. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БИР мы тырышып арзан деп сатпай турсан кайдагы бекерди айтасын да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо