Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айнура Салахидинова, ырчы: «ҮЙДҮН ДИЗАЙНЫН ӨЗҮБҮЗ ЖАСАДЫК»

№864 23-29-май, 2019-жыл

Эстрада ырчысы Айнура Салахидинова "таза абасы бар, шаардан четирээк жерде үйүбүз болсо деп тилек кылчумун. Талыкпаган эмгектин артынан максатыбызды ишке ашырып отурабыз" дейт. Бул ирет биз Айнуранын жаңы курулган 10 кабаттуу үйдүн 5-кабатында жайгашкан ак өргөөсүнө сапар алдык.

– Айнура, азыр көпчүлүк дизайнер менен иштешип калды. Үйүңөрдүн жасалгасына дизайнердин кызматын колдондуңарбы?

– Жок, үйдүн дизайнын өзүбүз жасадык. Жолдошум экөөбүз табитибизге жараша эмерек, туш кагаздарды тандаганбыз. Ал эми аларды бөлмөлөргө ылайыктуу кылып бөлүштүрүү менин моюнумда болду. Жолдошум “Мен сырттагы оокатты кылам. Сен үйдүн кожойкесисиң. Бөлмөлөрдү өзүңө жаккандай кылып жасата бер” деген. Ошентсе да албетте, кеңешип жаттым. Байкасаңар, үйдө күзгү көп. Мен үйдө күзгү көбүрөөк болгонун жактыргандыктан, кыялымды ишке ашырдым.

– Буга чейин канча үй котордуңар эле?

– Баш кошконубузда алгач Чыгыш-5 кичи районунда жашадык. Ал бетондон курулган үй болгондуктан, кышында суук болчу. Кошуналардын баскан-турганы, жарыгын күйгүзүп-өчүргөнүнө чейин угулуп турчу. Андан кийин 2 бөлмөлүү батирде жашадык. Бул үчүнчү үйүбүз. Азыр балдарыбыз кичинекей болгондуктан, бардык шарты бар ушул үй жагып жатат. Кийин дагы көбөйүп, балдарыбыз чоңоюп калганда, балким, кенен жер тамга көчүп кетербиз.

– Жылдыздардын үйүндө сыйлыктары, дипломдору жайгашкан атайын текче болчу эле. Силердикинен андайды көргөн жокпуз?

– Туура айтасыз, кесиптештеримдин дипломдорун тизип койгондорун көп көрөм. Бойдок кезде мен да дипломдорумду тизип койчумун. Азыр негедир кызыкпай калдым. Мен ашыкча нерселерди жактырбагандыктан, баарын өзүнчө бөлүп алып койгом.

– Маегиңе рахмат. Үйүңөр ак жолтой болсун!

КИРЕ БЕРИШ

– Биз үйдүн жарык болушун жактыргандыктан, ак түскө басым жасадык. Кире бериште ашыкча эч нерсе жок. Бут кийим, сырткы кийимдерди жайгаштырганга атайын шкаф-купе жасатып, анын бетине күзгү орнотуп койгонбуз.


ЭС АЛУУЧУ БӨЛМӨ

– Эс алуучу бөлмөгө атайын балкону бар бөлмөнү тандадык. Керме шыпты асманды элестеткен көгүлтүр түстө жасатып, дубалга көздү эс алдырган жаратылыш cүрөтү тартылган туш кагаз чаптаттык. Коноктор каалашынча сүйлөшүп, зериккенде сыналгы көрүшсө болот.


УКТООЧУ БӨЛМӨ

– Балдарыбыз кичинекей болгондуктан, аларды бөлгүбүз келген жок. Ошондуктан эки уулубуз менен кызыбызды жаныбызга кошуп алдык. Дубал кагаз, керме шыптын түсү, эмеректердин баары агыш түстө. Шамчырак кооз болсун деп гүл формасында тандадык.


КОНОК ҮЙҮ

– Эмеректердин кооздугуна гана эмес, сапатына да маани бердик. Стол, отургучтар кара жыгачтан жасалган, баасы да “жакшы эле” (күлүп).


АШКАНА

– Убактымдын көп бөлүгү ушул бөлмөдө өтөт. Кызымды отургучуна отургузуп коюп жумуштарымды жасайм. Кызым отургучунда курсагын тойгузат, сыналгы көрөт, кээде уктап да калат. Ашкана эмеректеринин баарын өзүм тандагам.


ЖУУНУУЧУ БӨЛМӨ

– Бул бөлмөлөрдү тамашалап “ак үй” деп коёбуз. Жолдошум “кезек күтүп калбайлы” деп эки бөлмөгө “ак үй” жайгаштырды.


Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Айнура Салахидинованын ак өргөөсүндө конокто

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(15)
27.05.2019. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Жолдошум экообуздун азыркы убактагы максатыбыз ушундай уйлуу болуу. Кудайым бизге дагы насип кылсын.
27.05.2019. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уйунор озунуздого насип этсин,биздин балдарга да ушундай уйлор,бактылуулук насип этсин.
27.05.2019. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
27.05.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ак жолтой уй болсун!!!
SUPER.KG видео
27.05.2019. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун үй экен,ак эмгектин наны таттуу дегендей,насип кылсын.Уйсузгө үй буюрсун Аллахым.
27.05.2019. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уйнуздор жакшылыктардын тоору болупозунуздорго насип кылып буюрсун.Бизге да насип кылсын ушундай уйлордон.
Айнурага завидую жолдошу хозяйственне чыкты бир маегинде да "мен эч нерсеге башымды оорутпаймын баарын жолдошум кылат " деген болчу.Отурган кыз ордун таапболгондо да мыктысын тапкан.Туболукко бирге болгула.Коз тийбесин.
SUPER.KG видео
27.05.2019. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өнүп өсө бергиле ошол үйдөн.Салахидинова жөнөкөй айым экен.
27.05.2019. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Отурган кыз ордун табат,тапканда да мыктысын табат)))
27.05.2019. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир кыргызды, жаныдан баш кошкон жубайлардын баарына Кудайым Ак орголуу кылсын! Уй булоо чеги жеке турак жай. Канчалаган жаштар уйлуу бололу деп кара жанын карч уруп чет жерде журушот
28.05.2019. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сонун. Уй-було, балдары менен ушул уйлорундо бактылуу кундордо жашашсын. Бардык адамдар уйлуу-жайлуу болуп, бактылуу жашашса деген тилегим.
SUPER.KG видео
29.05.2019. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага кызы жакты. Эми эле микрофон талашат, ырчы болот го
31.05.2019. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уйу сонун экен чындыгында ашыкча дунуйо жок
01.06.2019. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул айым телевизордон чыкканда ар дайым кош бойлуу коромда канча баласы бар негизи?
02.06.2019. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун экен уйу мага жакты
02.06.2019. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комнаталары узун ичкего каридорго окшош,Жана детский болсо жок баарыбир болмодо эметеби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо