«БАЛАСЫН ТАШТАГАН ЭНЕЛЕРГЕ КАЙРЫЛАМ...»

№865 30-май - 5-июнь, 2019-жыл

Акмак! Колуң сынгыр! Бул эмне баянын баштабай жатып сөгүнүп жатат деп жатасызбы? Чарчадым... Жума сайын алсыз, коргонууга чамасы жок балдардын сабалганы, эсин жоготкону, кордолгону, анын кесепетинен каза болгону... Кечээ жакында дагы бир наристе 2 жашка чыгып-чыкпай сабалып, эсине келбей чарчап калды. Жаңылыктардан мындай жүрөк ооруткан кабарларды окуй берип кээ бир адамдардын, чоң кишилердин айбандан да акылсыз болуп маңкуртчулукка бараткан жоругунан чарчап баратам. “Балдар – биздин келечегибиз” деп коёбуз дагы. Жоопкерчилик кайда? Кимде? Аталарды жөн коёюн. Энелерчи?
Эй, эне! Сен эмнеге жүрөгүңдүн түпкүрүнөн, боор этиңден жаралган балаңды ар кимге кор кылып таштап коёсуң? Ал али наристе го?! Сен аны кандай максат менен тогуз ай көтөрүп, кабыргаң сыздап толгоо тартып төрөдүң? Ушул беле каалаганың? Түмөн түйшүк, кара жанды карч уруп жашоо үчүн күрөшүп жатканыңды, багайын деп жатканыңды шылтоо кыларсың?.. Балаңа ошол сен тытынып иштеп тапкан акчаңдын кызыгы барбы? Эгер ал өгөй эненин, же өгөй атанын, же жеңенин, дагы башка адамдардын таш боордук жоругуна, бул дүйнөнүн ырайымсыздыгына кабылып жатса, ага чет жерде жүрүп күнү-түнү эсиң оогуча иштеп тапкан акчаңдын эмне пайдасы? Мындай кырдаалда жашаган ар бир ата-эне жетишпеген турмушту, мекенибизде иштин жоктугун, такыр айла куруп калганда жакынына таштап кеткенин айтып шылтоо кылат, өзүн-өзү актагысы келет. Ооба, турмуштагы муктаждыктар ар нерсеге түртөт, билем, түшүнөм. Бирок бала деген эртеңки келечегибиз да, ал мээримге муктаж болуп, ар кимдин ур-токмогунда калып, акыр-аягы кайгылуу окуя менен аяктап жатса, жашоодогу тукум улоо максатыбыз кайсы?
Мекенибизде колу-буту мунжу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар деле иштеп кара жанын багып жатат го?! Азыр үйдө отуруп интернет аркылуу ар кандай кызыктуу нерселерди үйрөнүп, жасап сатса болот. Бепбекер үйрөнөсүң. Социалдык тармакка кеткен убактыңды кол өнөрчүлүктөрдү үйрөнүүгө, тил үйрөнүүгө жумшап, өзүңдү-өзүң өстүрүп, ошол менен да жан бакса болот го?! Жок эле дегенде балаңды чоңойтуп алгыча. “Кыйын болбочу, башыңа келбесе түшүнмөк белеңдээрсиң? Бирок карачы эми ошол жакын деп билген адамыңа ташталган балаң эмне болду? Сабалды, кор болду, аягында бул дүйнөнүн таш боордугун гана көрүп каза болуп калды. Ушул керек беле?
Эстеп көрчү ошол наристе жаңы төрөлгөндөгү сезимдериңди. Кандай бактылуу элең?! Көзүн ачып-ачпай эмчек издегени, быйтыйган колдору, жыты, жадакалса наристенин ыйлаганы да кандай жагымдуу?! Алгачкы жылмайганын эстечи? Жөрмөлөгөнү, тили чыгып, сөздөрдү айта баштаганы, алгачкы “апа” дегени, тай-тай басып кадам таштаганы. “Мурдуң кана?” десе мурдун бырбыйтканы... Ар бир кылыгы...
Бала алгач энесинин гана үнүн угуп, аны энесинин үнү гана тынчтандырат. Энесин жытынан тааныйт. Ишенгени энеси. Анан бир күнү эле ишенген, таянган энеси жок. Анда-санда көзгө көрүнгөн адамдар жүрөт. Сийгиси келди, айта албады. Жекире караган көздөр. Баягы мээрим толгон энесинин көзү кайда? Эмне болуп жатканын түшүнгөн жок. Денеси ооруп жатты... Сабалып жатты... Жаны ооруду. Апа деди. Жалдырады. Сени эстеди. Энесин издеди. А балким, ал наристе чоңойсо улуу инсан болмок, сен карыганда алаканына салып багып сыйлап турмак... Балким, кыргызды дүйнөгө таанытмак, көтөрмөк... Бала буту чыгып, өз алдынча ой жүгүртүп, жаман-жакшыны айырмалап алгыча өз энесине муктаж. Ал сен аркылуу гана тааныйт бул ааламды. Ушуну бил, жоопкерчилигин ал, бак, таштаба. Кыла албайсыңбы? Анда ар кимге кор кылып өлүмгө жеткиргенден көрө төрөбө!


Дария


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
03.06.2019. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Баарыбыз эле акылдуубуз...
03.06.2019. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура создор,окусан козго жаш келет
03.06.2019. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин оюмдагыны айтыптыр, бага албасаң төрөбө да чын эле. Мигрант болуп кетмек турсун балдарым бала бакчада калса оюм бөлүнүп, жыгылган жокпу, эжеси урушкан жокпу деп эртерээк алып кеткенге шашам. Балам жаңы бакчага барганда ыйлап калса мен да ыйлап кетем. Бутубузга туруп, жакшы жашоого аракет кылабыз ушул балдардын келечеги үчүн, бирок балдарымдын жанында болуп гана
03.06.2019. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бир тааныш брат бар,анын аялы төркүнүнө кетип ошодон ары эрге тийип кетиптир,3 жаштагы кызын апасына таштап,брат депрессияда жүрөт,ал аялы мурун Москвада 2 жолу эрге тийип чыккан экен,ошонун баарын кечирип үйлөнгөм дейт нике түндө колун кесип,аялын невинная овечка кылып алган экен,29 жашка чейин эрге тийбей жүргөн неме барып алып эрин жамандап өзүнүн айылынан бирөөгө тийип алыптыр,бул жашоодо жумшак боорукер болбо иним деп калат азыр, көп сокку жейт экенсиң тагдырдан деп
03.06.2019. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KaGaH, ушакчысынарго эркек болуп алыр
03.06.2019. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Avrora2017,билсин баары ушундай адамдар бар экенин,мен көрсөм ал аялдын бетине тукурмокмун
03.06.2019. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
А Эмнеге аталарды жон коюп деп тим эле, и так аталары ушу жетимдердин постоянно колокодо калат шакалдардай болуп, жазсанар тендеп жазгыла байагы манкурт менталитеттинер менен туйшуктун баарын аялга оодарып жемелей бербей акылдуусунуп
03.06.2019. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Негизи куноо эркекте да баар. Бул жерде бир жактуу карабай тен карагыла! Эркек уйлонгондон кийин багыш керек уй булоону. Аялы торойт бала чаканы баксын. Анан эле таштап кетишет эркек деген соройлор бала жетим калат апасы иштеп багам деп туугандарына берип Россияны коздой жонойт. Кыргызстанда тузугуроок иш жок
04.06.2019. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биир ыйлап алдым, автор рахмат, аталарга тенелип энелер балдарынарды таштап кетпегиле, эгер ишенип таштасанар да бала сагынат журогу ооруйт, кутот, куса болот, жан дуйносу мн да эсептеше билгиле, акча баарын чечпейт, ойлонгула,
04.06.2019. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баланын укугун тебелебегиле! Ал да эркелеп, бактылуу балалык доорун сурууго акысы бар! Сен акча таап, жыртык жерини бутогончо бой жетип калышат. Анан силерге нааразычылыгын айтса тан калбай эле койгула!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо