«АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА ТОКТОБОСО, БААРЫН АЙТУУГА АРГАСЫЗ БОЛОМ». Ырчыдан кордук көргөм деген Жанин Ахунжанованын маеги

№865 30-май - 5-июнь, 2019-жыл

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева менен Жанин аттуу айымдын чыры уланууда. Гезитибиздин өткөн сандарында Айчүрөк Иманалиева “Жанин деген аялдын айткандары жалган” деп маек берген. Бул жолу Жанин айым биздин редакцияга кайрылып, өзүнүн версиясын айтып берди.

– Жанин эже, саламатсызбы? Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Кайсы жерден болосуз? Ким болуп иштейсиз?

– Мен Баткен облусуна караштуу Айдаркен шаарчасынан болом. Азыр Куралдуу күчтөрүнүн түштүк аймагындагы бөлүмүндө ыр-бий ансамблин жетектейм. Жан дүйнөм ыр деп тургандыктан, ыр жаздырып, клиптерди тарттырам, шоу-бизнеске аралашып турам.

– Жергиликтүү маалымат булактарынын бирине “Айчүрөк Иманалиеванын үйүндө жашап, кордук көргөм” деп маек берип талкууга жем таштадыңыз...

– Айчүрөк Иманалиеванын үйүндө жашап кордук көргөнүм чын. Ушунча жылдан бери жүрөгүмдө сакталып келген капалык акыры суурулуп чыкты. Маектин арасында башымдан кечирген окуялар айтылып кетти. Бул элге жайылып кетет деп ойлогон эмесмин. Айчүрөк эже ырбатып ушуга жеткирип жатат. Мен да айтып берүүгө аргасыз болдум.

– Ырчынын үйүндө кандайча, кайсы жылдары жашап калдыңыз эле?

– Айчүрөк Иманалиева Айдаркенге келип концерт койгон. 3 күн жүрүп, биздин үйдө конок болгон. “Кызыңыз жакшы ырдайт экен, мен алып кетем” деп апамдын батасын алып жетелеп алып кеткен. Эгерде өзү алып кетпесе мен анын каякта жашаганын кайдан билмек элем? Ал айтып жаткандай, үйүн тыкылдатып, апамды жамандап, өлөм деп барган эмесмин. Мен маекте андан көргөн кордуктардын четин эле айтып бергем. Айтыла элек кордуктар дагы көп.

– Айчүрөк эже сиздин ырчы болуп чыгышыңызга тоскоол болгон эместигин жөндүү түшүндүрүп берди. Эмне үчүн үйүнөн кетип калган жоксуз? Кийинки жылдары деле ырдап чыксаңыз болбойт беле?

– Тоскоол болгон үчүн кыйынчылык, кордук көрдүм да. Анын үйүнөн 3 жолу кеткем. Үчүнчүсүндө биротоло кеткем. Эки жолу кеткенимде мени алдап кайра үйүнө чакырып алган. “Сен бизге керек экенсиң, кайтып келип мени менен иштечи. Сага ыр жаздырып, костюм тиктирип берем” деген. Макул болгонумда майрамдаган. “Эмне үчүн кетип калган жоксуз?” деп суроо берип жатасың. Ал ырдатам дегенинен ошол үмүт өчпөй жүрө бергем.

– Ал кезде канча жашта элеңиз? Канча убакыт жүрдүңүз анын колунда?

– Айчүрөк Иманалиеванын үйүндө жашап, театрында иштеп баштаганымда 16-17 жашта болчумун. Театр кайсы жакка концерт коюп барбасын Айчүрөк эженин жардамчысы болуп жанында жүрчүмүн. Үйүндө үй жумуштарын жасап, кирин жуучумун. Түнкүсүн ызы-чуу түшүп коноктор келишчү. Түнкү саат 2 же 3 болобу, тургузуп алып “пельмен, манты жаса” дечү. Чындыгында ал тамактарды жалгыз жасаган оор болчу. Ашканасы менин моюнумда эле. Ошентип үйүндө 1991-жылдын аяктарынан баштап 1994-жылга чейин жүргөм. 1995-жылы турмушка чыгып, бир жылдан кийин балалуу болгом. Андан кийин жаңы жылдык көрсөтүүлөрдөн 2 жолу кезигишип калганбыз. Ошондо Айчүрөк эже өзү учурашкан.

– Ушунча жылдан кийин буларды айтып чыгууга эмне түрткү болду? Бирөөлөрдүн шыкактоосу менен чыгып жаткан жоксузбу?

– Мен негизи Айчүрөк Иманалиеваны жамандап маек берген эмесмин. Жөн гана жашоом, жумуштарым тууралуу алынган маек болчу. 5-6 суроонун арасында Айчүрөк Иманалиева тууралуу айтылып кеткен сөздөр болгон. Эгерде жамандагым келсе маектин башынан аягына чейин Айчүрөк Иманалиева тууралуу сүйлөмөкмүн.

– Мындан ары кандай болот? Орозо айында өткөн-кеткенди кечиришип, өз ара сүйлөшүп, пикир келишпестикти чечишип аласыздарбы? Же чыр мындан ары уланабы?

– Негизи менин урушайын деген оюм жок болчу, азыр деле жок. Мен Айчүрөк Иманалиевага “Орозонун күнү, Гүлшайыр Садыбакасованын урматына кечирип коюңуз” деп WhatsApp аркылуу жөнөткөн билдирүүмдү социалдык тармактагы баракчасына “Жанин калп айтканы үчүн кечирим сурады” деп жүктөп койду. Андан кечирим сураганым чын. Бирок калп айтканым үчүн же бир нерседен коркконум үчүн эмес. Улуулардын сөзүн угуп, кичүү экенимди эске алып кечирим сурагам. Кечирим сураганда эле ал токтоп калышы керек болчу. Айчүрөк эже далили жок билдирүүлөрдү жазып жатат. Мындан ары токтобосо андан көргөн башка кордуктар тууралуу айтып чыгууга мажбур болом.

– Маегиңизге рахмат! Сиздердин ынтымакка келишиңиздерге тилектешпиз.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(29)
03.06.2019. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кимге ишеништи билбейсин тобоо! Ырынан чыры коп болду го.
03.06.2019. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кылгылыкты кылып коюп ушул катын,эми актанганын,озу биринчи сайылды Айчурокко жамандап.И при чем тут Гульшайыр эже
03.06.2019. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жанды эле кашайтат да ушундай катындар, эки жээкте туруп алып акыйлашкан. Жанымда болушканда экоо тен менден бирден жемек да.
03.06.2019. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ой кокуй чырдашып атып ХИТ болуп кетмей болду бул Жанин
03.06.2019. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Айчурокту эчак эле жамандап койсон болмок экен,атын чыкпаса жер ортто болуптур го.
03.06.2019. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ой тообо токтобосо деп коетго, озу баштадыго биринчи жамандап. Зээрикен ХХХХХго.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-11 14:14:39
03.06.2019. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Негизи Айчурок озу конфликтная окшойт,Динара Акулова 3поколениянын ырчылары мн жакшымын деп суйлоп клиент.берсе бул эже уруш мн эле алек
03.06.2019. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Luna15 интервью
03.06.2019. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Айчурок эже жаманбы жакшыбы бизге белгисиз бирок мына интервью берген ХХХХХ. Канча жүрсөн дагы анын үйүндө сени бутунан байлап койбосо керек эле. Өз башын өзүндө го ошончо нерсени ырбатып дагы урушайын деген оюмда жок дейсиң. Айчурок эже өзү баштабаса сен эмнеге айтып жатасың. Эптеп пиар болуп тургун келип жатабы гезит бетине бат баттан чыккын келип. Орозонун күнүндө Кудай деп эле жашай бербейсинби бирөөнүн айыбын ачпай. Аллахым бирөөнүн айыбын ачкандарды суйбойт. Адам бол эжекеси
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-11 14:15:34
03.06.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
сериал башталыптырда жаны
03.06.2019. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Гульшайыр Садыбакасова эже шоу бизнестин "паханы" окшойт,все конфликты через неё)))
03.06.2019. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Уяттары жок экенда ХХХХ кылып публично урушкандан уялышпайбы эл журттан , ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-11 14:16:50
03.06.2019. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экоо тен чоон чон эле аялдар энелер уят эле ушунча элдин алдында урушуп. Бул элди сыйлабагандык. Ич ара чечишип алышса деле болмок. Эмки санда Айчурок Иманалива чыгат гезит бетине!
03.06.2019. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тойгозду го.Бизге не кызыгы бар? Жолугуп эле чечишип алгыла да.Бул аялды эч тааныбайт экенбиз...Бир жолу туз таткан жериңе миң жолу салам айт дейт.Адам арыгын сактасаң,оозун бир күн кан жалайт болду го бул жагы
04.06.2019. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
94 жылдан бери эшек такалап журдубу? Таланты укмуш болсо чыкпайт белен ошондо эле ырдап Айчурокту аттап, ашып укмуш болуп! 25 жылдан кийин тынып алгандан кийин озун чыгарыштын амалын ойлоп таапсын да, каралоо мн! Озун баштаган чырды озун токтот! Озун тырмалаган жара ачылды Айчурок жаман болсо ошондо эле айтып чыкмаксын. Азыр бир тууган бир тууганга батпайт керек болсо а сен кордукту айтасын
04.06.2019. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Супер инфо силерге сунушум барда. Окурманынар абдан коп экен. Ушул окурмандардын арасында сынактарды уюштуруп турсанар жакшы болмок. Например;бир темага ыр жазуу же баяндама жазуубу же мындан башкача оюндарды кылсанар ушул сыяктуу кылып.Элдер кошуласынарбы оюма.
04.06.2019. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таланты укмуш болсо Айчүрөктон кетип "звезда" болмок. Айчурок жаман болсо 3 жыл тузун татып уйундо журмок эмес. 24 жыл откондо козгоп оз аброюн озу тушурду. Не кереги бар эле бул "айымга" ушунча уят болуштун? Же озун пиарладыбы?
05.06.2019. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул аял кичине жетишпеген аялга окшойт экен.Уят,чоон эле катын болуп калыпсын,балдарын корсо эмне дейт!Айчурок Иманалиеванын оозун кандадынар Анжелика экоонор!Тизгининерди жыйсанар боло алжактабай,жок дегенде Аллахтан корксон боло орозонун кунундо.
05.06.2019. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тойбогон аялдар урушчаак болуп калат, туура түшүнүш керек.
06.06.2019. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок тоже ХХХХ . Кайра жаны санына чыгыптырго супердин. Окусанар шумдук жазыптыр
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-11 14:19:42
06.06.2019. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li,кайсыл жерден окусак болот жаны санын
06.06.2019. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jalgyzym...,сатылып жататко базарларда. Россияда билбейм сатылавы??
06.06.2019. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уят эле, чон эле аялдар, балдары деле чонойду да. Жолугуп оз ара чечишип алышса болбойбу, газетага сериал болуп оздорун пиярлабай. Макул Жанин озун пияр кылыптыр, аны эч ким тааныбайт экен эми Айчурок Иманалиева эмне болуп атат, айтса айта берсин деп койсо болмок коп соз кылбай
06.06.2019. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
GS-Zari,кептин баары ошол айчурокто. Мен ото тарбиялуу,маданиятуумун депатып жайлайт
07.06.2019. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошончо кыйын экенсиз,талантту экенсиз азыр эшек такалап журосузбу?Айчурокту каралап,жамандап,урушуп абийиринди кетирбей,талантын менен,ырын менен,клиптерин менен таанымал болбойсузбу.Арадан 25 жыл откондо чыга калбай.Менимче элдин баарынын жини келип жататго ушул айымга.
07.06.2019. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тушунуктуу Айдаркенден экен, Самаранын эжеси экен)
07.06.2019. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чай ичип кеткен жерин жамандап кетсе озу да жакшы эмес
09.06.2019. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bul ozu kim
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо