МИРЛАН БАЕКОВ КЛАССТАШТАРЫНА ЫР АРНАСА, САМАРА КАРИМОВА МЕКТЕБИНЕ БЕЛЕК БЕРДИ

№865 30-май - 5-июнь, 2019-жыл

25-май күнү бүтүрүүчүлөр үчүн акыркы коңгуроо жаңырды. Бул күн бүтүрүүчүлөрдү толкундатса, мектепти 10, 20, 30 жыл мурун аяктагандар үчүн кубанычтуу күн. Анткени алар классташтары менен көрүшүп, сагынычтарын жазышат. Быйыл атактуулар арасында жолугушууга баргандарды майрамы менен куттуктап, иш-чара кандай өткөнүн сурадык.

Самара Каримова быйыл 10 жылдыгына туулган жери Лейлек районуна караштуу Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Айкөл айылына барып, классташтары менен жолугуп, балалык күндөрүн эстеп кайтканын айтат.

– Бизде 40ка жакын окуучу окуп, эң бейбаш класс болчубуз. Кээде мугалимдер бизди алгысы келбей, класс жетекчиси жок калган күндөрүбүз да болгон. Бирок уюштуруу иштеринде активдүү болчубуз. 10 жылдыгыбыздын урматына балдарыбыз Айкөл айылынын кире беришине арка куруп беришти. Ошондой эле жолугушуунун белек-бечкегине чейин өздөрү уюштурду. Кыздар конок катары барып келдик. Мен да билим алган мектебиме салымымды кошуп, белегимди бердим,- дейт Самара.

Ал эми Мирлан Баеков 20 жылдыкка барыш үчүн атайын “Сексен экилер” аттуу ыр жаздырган.

– Бизде жалпысынан 100гө жакын бүтүрүүчү чогулуптурбуз. 3 күн бою классташтар сүйлөшүп, сырдашып чер жазыштык. Классташтарымдын арасында 25 жылдан бери көрүшө электерибиз бар экен, айрымдарын тааныбай да калыптырбыз (күлүп). Жолугушуу мен ойлогондон да жакшы өттү. 1-күнү Токтогул районундагы Торкен айылыма концерт бердим. 2-күнү эки мектепке белектерибизди тапшырып, кечинде мугалимдерибиз менен тойканада майрамдадык. Акыркы күнү классташыбыздын дачасында эс алдык.

Ошондой эле ырчылар Минюра Рахимжанова, Айпери Кубик кызы, Айар, Нурболот Теңизбек, алпаруучу Улук Сапаров, актёрлор Зияш Турдубеков, Кубаныч Курманбеков, Үрүстөм Аскеновдун мектепти аяктаганына 10 жыл болсо, ырчылар Айжамал Кабылова, Клара Алибекова, Гүлзат Мамытбек, куудул Алтынбек Ажалиев, акын Жылдызбек Турсунбаев, актёрлор Арнис Кыдырмышев, Данияр Жанжигитов, Жеңиш Смановдор 20 жыл мурун мектепти аякташкан.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(3)
03.06.2019. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алдынды карасанда Самара артынды карасанда Самара кара алмага да Самара деп жазып кой буржолу
04.06.2019. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
лейлектиктер арка эле кура берет
06.06.2019. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самарага дагы жакшы бир повод болуптур да мактанганга. 10 жылдык деген эмне кече жакында эле мектепти бутушкон сагынышканга деле жетише элек. Жаш токтоло элек кездери али. 20 жылдык кызыктуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо