Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Асел Кадырбекова, ырчы: «КЫЗЫМ ЫЙЛАСА КОШУЛУП ЫЙЛАЙМ»

№866 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл

Кыргыз шоу-бизнесиндеги популярдуу ырчы Асел Кадырбекова менен Нурлан Насип эки ай мурун кыздуу болушкан. Ырчы айым жашоосунун жаңы барактары, өзгөрүүлөрү тууралуу айтып берди.

– Асел, кандайсың? Акыркы эки жылда жашооңдо чоң өзгөрүүлөр болду. Турмушка чыктың, эне болдуң дегендей. Өзгөрүүлөргө көнүү кыйын болгон жокпу?
– Жаңы турмушка чыкканда көнүшө албай бир аз кыйналдым. Ар бир адам идеалдуулукка умтулат эмеспи. Кандай кийиниш керек, кантип сүйлөш керек, өзүмдү кандай алып жүрүшүм керек, ошого чейин маани берип, жакшы келин болгонго аракет кылдым. Буюрса, ал нерсени басып өтүп, жаңы этапка көнүшүп жатабыз.

– Инстаграм баракчаңа «сахнаны сагындым» деп жаздың. Сахнага чыга элегиңе көп болуп калдыбы?
– Боюмда бар кезде азыраак чыгып турдум, 8-9 айдай сахнага чыккан жок окшойм. Биз, чыгармачыл адамдар, ар дайым кыймылда болгонду жактырабыз. Ошондой шартка көнүп алгандыктанбы, үйдө отуруп калганда куса болдум.
Кош бойлуу кезде 9 ай бою токсикоздон кыйналдым. Анан да «элдин назары тиет» деген чынбы же өзүмдүн алсыздыгымданбы, эл көп жерге барып калганда көп оорудум.

– Эки жаш ата-энелик милдетти кандай аткарып жатасыңар?
– Кош бойлуу кезимде перзентибизди күттүм, бирок азыркыдай элжиреген эмесмин. Кызым төрөлүп, көкүрөгүмө жаткырышканда быйтыйган колдорун, көздөрүн көрүп бакытка балкып кеттим.
Дария азыр 2 айдан ашты. Мурун байкалчу эмес, көрсө, Нурлан экөөбүз тең абдан баласаак экенбиз. Нурлан Дарияны көргөндө эзилип түшөт. Кээде өпкүлөп уктап жаткан жеринен ойготуп салат. Кызымды араң уктатып, "ойгонуп кетпесе экен" деп шыбырап сүйлөп, буттун учу менен басып жүрсөм атасы ойготуп салган кандай болорун энелер жакшы түшүнсө керек. «Араң уктаттым» деп жинденип кала берем.
Тун кызыбыз болгон үчүнбү же ашыкча баласаакмынбы, айтор, кызым ыйласа кошо ыйлайм. Жанымдагылар «ыйлаба, сүтүң чыкпай калат» дешет. Болбой эле кызым күлсө күлүп, ыйласа ыйлап жүрөм.
Энелик инстинкт деген ушунчалык керемет экен, уйкучу Аселди сак кылып койду. «Балалуу болгондо кантем?» деп аябай сарсанаа болуп жаткам. Кудай жалгап, азыр Дария кыймылдаса дароо ойгоном. Бул да энелик сезимдин керемети болсо керек. Апам, Нурлан «уйкучулугуң кантип калып калды?» деп таң калып жатышат. Кызым экөөбүз кээде күндүз эмес, түнү деле уктабай жүрө беребиз үлүп).

– «Балам, балалуу болгондо билесиң» деген кеп бар эмеспи. Балалуу болгондо апаңа карата мамилең да өзгөргөндүр?
– Чогуу жашап жүргөндө адамдын кадырын көп деле билбейт экенсиң. Турмушка чыгып, башка үйгө кеткенде апамдын кадыры билинди. Эне болгонумда апамды ого бетер баалап калдым. Мурун апам телефон чалса, «бош эмесмин, анан чалайын» деп коюп салчумун же албай коёт элем. Азыр кандай жумушум болбосун таштап туруп, апама жооп берем.

– Сенден биринчи ирет маек алганда жаныңдагыларды теңиңе албаган, тарсылдаган, тентек кыз болгонуңду айткан элең. Азыр маңдайымда назик, созулган Асел отурат. Мындай өзгөрүүгө бирөө же бир окуя себеп болдубу?
– Ооба, мектепте 3 тентек кыз бар элек. Кийин Ошто, Бишкекте телеалпаруучу болуп жүргөндө эфирден көргөндөр «баарын бетке айткан, тарсылдаган кызсың» деп айтышчу. Чынында бетке айткан мүнөзүм бар эле, орус кыял болчумун. Ырчылыкка өткөндөн кийин, балким, сынып калган учур болгондур. Ошондон кийин кайра калыптанып, азыркы сиз көрүп жаткан Асел жаралгандыр. Шоу-бизнесте бетке айткан жарашпайт. Бул чөйрөдө сылык болушуң керек, бирөөнүн көзүнө карап мамиле кылган туура. Шоу-бизнестин деле менин калыптанышыма салымы зор болду.

– Калыптанышыңа Нурландын деле таасири барбы?
– Албетте. Мен Нурлан менен 20 жашымда таанышкам. Экөөбүз көп жолу таарыныштык, табыштык. Акыры, буйрук экен, минтип бир үй-бүлө болуп отурабыз. Нурланды көпчүлүк жоош деп ойлошот. Сыртынан жоош көрүнгөнү менен, анын да оор мүнөзү бар, анын талаптарын эске алып жүрүп да, балким, ушундай болуп өзгөргөндүрмүн.

– Атактууларды ар кандай кеп-сөздөр ээрчийт эмеспи. Бул нерсе чарчатпайбы?
– Бизде гана эмес, дүйнөлүк шоу-бизнесте деле жылдыздарга негативдүү пикирлерди жазышат. Эгер атактуулукту тандасаң, анда көтөрүмдүү, чыдамдуу болуу зарыл. Элден терс пикир укпайм десе, анда 4 дубалга жашырынып эле отуруп алыш керек го. Менимче, жөнөкөй, жалкоо адамдын артынан гана ушак ээрчибейт. Ал эми алдыда жүргөн, популярдуу адамды сөзсүз сөз ээрчийт. Жакшы жолдо жүрсө деле көрө албагандар каралап коюшу мүмкүн. Андыктан баарына даяр болуу зарыл.

– 14-февралда «Нурлан мага белек берген жок» деп тамаша иретинде жазган билдирүүңдү көп талкуулашты. Үй-бүлөлүк майрамдарга маани бересиңерби?
– Биз, айымдар, «жөн эле кой, кереги жок» дегенибиз менен, ичибизден белек күтө берет экенбиз. Чынында эле Махабат күнүн майрамдаган эмеспиз. Нурланга бетти «сыйрып» туруп, «кана мага белек?» десем, «менин өзүм сага белекмин» деп жатпайбы. Ошол сөзүн тамаша иретинде жазып киргизген элем. Айрым интернет булактары позитивдүү маалыматты деле терс жакка буруп чыгарганды үйрөнүп алышты.
Нурлан үй-бүлөгө абдан камкор. Жакында түтүн булатканыбызга бир жыл болгонун унутуп калыптырмын. Нурлан эстеп, куттуктады. Менимче, жубайлар турмуш курганда эмес, наристелүү болгондо толук кандуу үй-бүлө болот экен. Биз азыр ошол жолдобуз.

– Ар бир үй-бүлөдө талаш-тартыш болот. Силер түшүнбөстүктөрдү кантип жеңип жатасыңар?
– Мен таарынчаакмын. Кичине нерсеге деле таарынып калышым мүмкүн. Бирок бат эле жазылам. Кээде «дагы бир аз чыдап турсам болмок» деп өзүмө капаланып кетем үлүп). Нурлан да чарт-чурт болуп кеткени менен, бат жазылат. Бири-бирибизден кечирим сурабайт деле экенбиз. Себеби көпкө чейин тултуңдашып жүрө албайбыз.

– Мындан ары да үй-бүлөңөр бекемделе берсин! Маегиңе рахмат!


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


“Кош бойлуу кезде 9 ай токсикоздон кыйналдым” дейт Асел Кадырбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
10.06.2019. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Баягы эле асель,нурлан насип . Надоели если честно. Баласы кантип уктайт,кантип ыцлайт кимге кызык
10.06.2019. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
katerina.li,кызыккан үчүн атайын кирим комментарий жазып жатасында.
10.06.2019. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Коз тийбесин бактылуу болгула
10.06.2019. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуз
10.06.2019. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бактылуу болгула. Бала бакыт бала керек болсо уйкудан да таттуу. Омуру узун болсун Дариянын.
10.06.2019. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менда окуп озумду эстеп кеттим биринчи кызым торолгондо ыйласа кошо ыйлап ооруса тан атканча уктабай чыгат болчум 3 4сундо ыйлабай калат экенсин бактылуу бол
10.06.2019. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
9 ай токсикоз болуптур да байкуш.Азыр да арыктап кетиптир.Кызынардын омуру узун болсун!Ден-соолугу чын болуп,сыймыктанган инсан болсун!Анан негатив жазгандар неге кирип окуп атасынар жакпаса?Асел эне болуп,суйунуп интервью бериптир.
10.06.2019. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менда 9ай таксикоз болгом. Кызым аябай гиппер активная эле. Кызынардын омуру узун болсун. Асел уйундо деле боенуп журот окшойт
10.06.2019. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы маек болуптур бактылуу бол.
10.06.2019. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Энелик инстинкт денен чын. Бактылуу болгула!
10.06.2019. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сахнаны сагынгыдай ал жакта эмнени кыйратып жибердин эле деген адам жок.
10.06.2019. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Назик, адамгерчиликтуу, ыймандуу кыргыз кызы. Бактыныз туболук, телегейиниз тегиз, болсун! Кызыныз сиз сыймыктана турган мактана турган кыз болсун. Нурлан Насип экоонуздорго туболук таттуу суйуу каалайм!
11.06.2019. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен дагы Асель айтса эстеп кеттим. Бир айлык балам тушко чейин сийбей койду эле ар беш минут сайын андыгамын . Туштордо сийди Эле суйунгонумон кайын энемдерге корунбой ыйлагамын . Бала балдан татту . Чонойгондо унутуп калат экенсин. Кантип чонойтконду кантип ыйлаганын баарын.
11.06.2019. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дариянын омуру узун болсун. Мен да озумду эстедимго чон уулумда 9 ай токсикоз болуп ото кыйналганмын. Анан балам назик болчу коп ооругандыктан туну менен коз ирмебей ыйлап тандарды атырганмын. Кудайга шугур азыр чоон жигит болуп калды
15.06.2019. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Асель Дарыя
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо