ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

№867 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл

Өспүрүм тыпылдап кетип бара жатты. Жүзүндөгү терлер тып-тып. Бирок чарчаса да токтобой үйүнө жетип, жонундагы 5 жашар карындашын төшөккө жаткырды. Ал уйкусурап быйтыйган колдорун агасынын коюнуна салды. Ушундай адаты бар. Алакандары менен агасынын жүзүн сыйпалап бар экенин сезип, анан уктайт. Карындашынын таноосунан келген жумшак жытты искеп жатып, магдыраган өспүрүм дагы уйкуга жетеленди.
– Аа-аа! Алып кетпегиле Аруукени, карындашым жанымда калсын. Арууке-ее! Ал менсиз уктабайт!
Бакырып түшүндө сүйлөнүп жатып ойгонду. Жигиттин минтип бакырганына жанындагылар көнүп калгандай кайдыгер. Өзү дайым кара терге түшүп жатып ойгонот. Жүрөгү куду биринчи күндөй ээнсиреп көзүн ачат. Жонунда, жүрөгүндө, жашоосунда 5 жыл гана жүргөн карындашын издеген түш канча жылдан бери аркасынан кубалап келе жатканын, бир өзү, бир Кудай билет. Алгач апасы Түркияга иштегени кеткен, кийин өгөй апасы... Алар атасы менен калышкан. Аны бар дешке деле оозу барбайт. Сөлөкөтү жүргөн менен, алардын жашоосунда жок эле. Бирок Арууке анын жашоосунда бар болчу. Топтоголок, капкара көздөрү менен агасына сүйкүмдүү тиктечү.
– Мен сени табам!- деди жигит ишенимдүү.

Окурман, мигранттын балдары 10 жаштагы Айдар менен 5 жаштагы Аруукенин баянына ыйладым. Эч кимиси жок 2 жыл өздөрү жашап, карындашы ооруп калганда балдар үйүнө өткөрүлүп, бири-биринен айрылып калышкан эки бир туугандын тагдыры сизди кайдыгер калтырбайт деп ойлойм.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(7)
17.06.2019. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кызым сени аябай сагындым, күзүндө буюрса барам сени көргөнү, апаңдын жеңил ойлуулуунан экөөбүз чогуу эмеспиз, чонойсоң баарын түшүндүрүп берем сага айтаарым жашоодо ак көңүл ишенчээк болбо азабын тартасың, апаң экөөбүз үйлөнгондө кредит алып машинамды сатып карызга батып кеткем,ошонун айынан оруссиядан не выездной болуп чыга албай калдым,а апаң сени көрүп келем деп барып сени таштап, башкага күйөөгө чыгып кетти,ошондо гана билдим мени пайдаланып аркасын жабыш үчүн гана күйөөгө чыкканын..
17.06.2019. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирок сен күнөөлүү эмессиң,сен мага кудайым жөнөткөн белексиң буюрса сени өзүм тарбиялап чонойтом,аялзатынан көңүлүм калды сени эрезеге жеткирип өз колум менен турмушка узатсам ошол менин жеңишим,сени сагындым
17.06.2019. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KaGaH,силерге жаман аял жолукса эле баары жаман аял болбойт да. Балким экинчи аялынар абдан жакшы аял чыгаттыр. Бактылуу болгула!
20.06.2019. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KaGaH, Убакыт баарын дарылайт сабырдуу болунуз. Кундун жарымы карангы болсо жарымы жарык болгон сыяктуу алдынызда дагы жакшы кундор коп.
21.06.2019. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
al79mi,рахмат!
19.06.2019. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана эми калганы? Кызыктырып коюп сайтка чыгарбай коёсунар го ээ?
21.06.2019. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да баламды сагындым, кечир балам сенин жаныңда боло албаганым үчүн, тарбия бере албай жатканым үчүн, бирок мунун баары убактылуу гана, квартирага акча топтосом эле экөөбүз чогуу жашайбыз буйруса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо