Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жамиля Ишенбаева, модель: "СУЛУУЛУК СЫНАГЫН ЖЕҢГЕНИМЕ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР КУБАНЫШСА, МЕКЕНДЕШТЕРИМ СЫНДАШТЫ"

№867 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл

“Супер сулуу-2009” сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева Орусиянын Ставрополь шаарында өткөн сулуулук сынагын жеңип келди. Сынак ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда өткөрүлгөн фестивалдын алкагында уюштурулуп, 12 өлкөдөн 16 сулуу катышкан.

– Жамиля, куттуктайбыз! Жеңишиң кут болсун! Адатта сулуулар сынагына аттанып жаткан кыздар алдын ала элге жар салып же колдоо сурашат. Сенин бул ийгилигиң тууралуу жеңип келгениңде гана уктук...

– Рахмат! Ставрополь шаарында 18-ирет өткөрүлүп жаткан “Студенттер ханышасы” (“Королева студенчества”) эл аралык сулуулар сынагына Кыргыз өлкөсү баш болгон Түркмөнстан, Тажикстан, Армения, Беларусь, Орусия, Камбоджа, Шри-Ланка, Комор аралдары, жалпысынан
12 өлкөдөн студенттер катышты.

Туура, сынакка барганымды жакындарымдан башка эч ким билген жок. Анткени мен бирөөдөн колдоо сураганды жактырбайм. Мен өзүмө ишенип көнгөм. Буга чейин “сулуулар сынагына барат элем, президент жардам берсин” деген сулууларды көргөм. Мени ата-энем, жакындарым колдосо, күтсө, сүйүнүшсө жетиштүү. Калганына өзүм колумдан келишинче аракет кылам. Сынактын жеңүүчүсү болгонумду орусиялык сайттар жазып чыгышкан соң жергиликтүү маалымат каражаттары билишти. Ошондо гана мен баракчама сүрөттөрүмдү киргиздим.

– Сынактан кийин мекендештериңе капа болгон оюңду жаздың. Мындай ой эмнеден улам жаралды?

– Сынакты утканымда Орусиянын тургундары абдан колдоп, мен үчүн сүйүнүштү. Уюштуруучулар, журналисттер “аябай сулуу экенсиз. Башында эле сизди утат деп ойлогонбуз” деген ойлорун айтышты. Ал эми жеңиш менен мекениме келсем, биздикилер колдоп, сүйүнгөндүн ордуна “сулуу деле кыз эмес го, келбети идеалдуу эмес экен” деп сындап жатышат. Ошого абдан капа болдум. Маалымат катары айта кетсем, сулуулар сынагында сулуулугуна гана карабайт, акылына, жүрүм-турумуна, кийин сулуу деген титулду татыктуу алып жүрө алабы, жокпу, ошолорго чейин карап, талантына баа берип, анан тандашат. Биз сынактын катышуучулары менен 1 жумадай чогуу жашадык. Ошондо эле менин алдыңкы орунга илинерим билинип калган. Бирок жеңем деп чынында ойлогон эмесмин. Албетте,
12 өлкөнүн сулууларынын арасынан мени тандашканына кубанычтамын!

– Сынактан тышкары деле чет өлкөдө көп жүрөсүң. Сырттан мекениңе кайтканда эмнеге кейийсиң, эмнеге кубанасың?

– Ар бир адам чет өлкөгө барганда сөзсүз өзүнө бир нерсе алып, өзгөрүп келет. Мен Ставрополдо өткөн фестиваль тууралуу гана айтып берейинчи. Фестиваль мыкты деңгээлде уюштурулуптур. Дүйнөлүк жылдыз Эйкон, Уилли Уильям конок катары келишти. Бизге калыстык кылгандардын арасында муз үстүндө бийлөө боюнча Олимпиада чемпиону Аделина Сотникова отурду. Ошонун баарына таң калып, бюджетине кызыктым. Көрсө, биздин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кеткендей каражат коротулуптур. Бирок деңгээлинин айырмасы асман менен жердей. Биз деле ошондой мыкты деңгээлдеги иш-чараларды уюштура алмак экенбиз деп кейидим.

– Сулуу кыздарга көз арткан мырзалар көп болот. Бул нерсе тажатпайбы?

– Мен Бакуга барганда мырзалардын кыздарга болгон мамилесине таң калгам. Кыздар баратса жигиттер жол бошотуп, ушунчалык сый мамиле кылышат. Колубуз тийип кетпесе экен, түртүп алгандай болбойлу деп турушат. Биздикилерге окшоп ышкырып, тийишип же кармалап жиберишпейт. Мурун мен тийишкендерге маани бербей, байкамаксан болуп өтүп кетчүмүн. Барган сайын андай көрүнүшкө кыжырдана турган болдум. Үй-бүлөлүү кишилер сыртынан көрүнүп эле турат да, тийишип калганда, токтоп туруп көзүнө карап, “уялсаңыз байке, кызыңыз менен тең болсом керек” деп катуу айтып салам. Өзүм мейманканада башкаруучу болуп иштегендиктен мындай жагымсыз абалдан чыгып үйрөнгөм. Эркектер менен чектен чыкпай сүйлөшкөндү билем.

– Достук тууралуу жазганыңды окуп калдым. Негизи сулуулук чөйрөсүндө чыныгы достук жок, атаандашуу, көрө албастык гана болот дешет. Ошого кошуласыңбы?

– Ар бир адам деңгээлине жараша мамиле күтөт. Биздин чөйрөдө достук деле, кастык деле болот. Тилекке каршы, менин айланамда сатып кеткен адамдар болгон. Азыр байкасам, жыл сайын досторумдун саны суюлуп баратыптыр. Бир жагынан бул деле жакшы, тандалып отуруп айланамда мага чын дилинен мамиле кылгандары калат деп ойлойм.

– Жашоодо кандай принциптер менен жашайсың?

– Карьера үчүн бирөөнүн башын аттап өтпөйм. Сүйүүдө болсо сүйүп-күйүп кетпейм, жүрөгүмдү акыл-эсим менен башкара алам. 25 жашка чыксам да турмушка чыгууга шашпай элемин. Үйдөгүлөр деле шаштырышпайт. Эрте же ойлонбой турмушка чыгып алып бир айдан кийин ажырашып жүргөнчө бойдок жүргөнүм жакшы. Мен өзүм үчүн жашайм. Окуйм, эл-жер көрөм, өзүмдү өнүктүрөм. Эгер туура эмес бир нерсе кылсам, ага башкалар эмес, өзүм гана күнөөлүү болом. Кылым жаша, кылым оку деп коюшат эмеспи. Андыктан дагы деле студентмин.

Сынактан кийин мени “дагы деле студент бекен?” дегендер болду. Ооба, дагы деле студентмин. Учурда Экономикалык университетте магистратурада окуп жатам. Мени ата-энем “окуп, билимдүү болушуң керек” деп тарбиялашкан. Чоң атам болсо мени "профессор бол" деп күтүп отурат (күлүп). Буюрса, чоң атамдын кыялын да ишке ашырам.

– Кыска, ачык кийингендериңди сындагандар да көп экен...

– Ооба, айрымдар “ата-энесине боорум ооруйт” деп жазып кетишет. Мен кийимдеримди керек болсо апам менен чогуу тандайм. Ошол эл кыска деп айтып жатышкан сүрөткө түшкөндө атам да жанымда эле отурат. Кыска же ачык кийинсе эле жаман адам эмес да. Мени жаман нерселер менен алектенет дегендерге айтарым, мен бардар үй-бүлөнүн кызымын, бирөөнүн акчасына муктаж эмесмин.

Ата-энем мени дайым колдоп, ийгилигиме кубанып келишет. Алардын бактылуу жүздөрүн көрүү мен үчүн чоң сыймык!

– Маегиңе рахмат, Жамиля! Мындан ары да ийгиликтерди багындыра бер!



Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


"Сынакты жеңгенде мекендештерим сындашты" дейт модель Жамиля Ишенбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(14)
17.06.2019. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушундай ой жугурткон кыздарды баалайм.алга жамилия
17.06.2019. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тарс турс эркекче жооп бериптир,мурун тааныбасам да аябай жагып калды,сиздей ой жугурткондор кем.Ийгилик!

Сулуу да ,жылдыздуу дагы экен,сулуу деле эмес го дегендердин кебетесин коргум келет!?Озулору Барби эмес бекен?
17.06.2019. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адамды жанынан корбой, тааныбай эле сындап жатып калабыз.Онукпой, жан-дуйнобуздун жакырлыгы дагы ушул коро албастык саппатарыбыздан болсо керек.Келгиле туугандар, карындашыбызга дем-куч берип, жакшы ой-тилектерибизди билдирип, алдыга суройлу...
17.06.2019. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Биздин эркектер аман эсен эле болушсун
. Денгээлинер канчалык экени ушул жерден комментарий бергенинерден эле билинет. Айылдагы ущакчы женелер жетпейт силерге.
Жамиляга айтаарым бактылуу бол. Омурун узун болуп,телегейин тегиз болуп жаша. Кудайдын колдоосунда жур дайым.
17.06.2019. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркектер,бийик болгула ылайым!
SUPER.KG видео
17.06.2019. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жеңишиңиз кут болсун. Кыргызстандын желегин желбиреткениңизге рахмат.
17.06.2019. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куттуктап койгондун ордуна, кайра жаман соз жазабыз. Ушунтип коро албастык боло берсе, Кыргызстандын атынан эч ким чыкпай калат.
18.06.2019. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
мындан артык кандай сулуу болушу керек??? супсулуу болуп турат го! Жамиля, сыйлык кут болсун, азаматсын! Сыймыктанабыз сени менен!
SUPER.KG видео
18.06.2019. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жамиля вы такая красивая и шикарная, не расстраивайтесь что некоторые недоумки плохо говорят о вас, Вы Достойная, ВЫ КРАСИВАЯ. Поздравляем вас и желаем дальнейших побед и всего самого хорошего, еще больше влюбилась в вас после этого интервью, вы такая добрая, простая и умная.Успехов Вам.
21.06.2019. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
М*л
21.06.2019. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин мырзалар тууралуу жакшы ой айтыптыр. Мен да мейманканада ресепшнда иштеп азербайжандан келген коноктордон уккан элем "Бизде аял затын өтө сыйлашат. Көп жерде эркектер өзүнүн жашы бир топко барып калса да аял затына орун бошотуп, сыйлап турушат. Мейли ал жаш кыз болсун, мейли кемпир болсун баарын бирдей сыйлашат. Кичинекей кыздарга да жол бошотобуз" деп. Биздин мырзалар "эркекмин" деп төш каккан менен көпчүлүк учурда ошол "эркек" деген атка өзүн ылайык алып жү
Zhiidegul_Abdinazarova түзөттү 2019-06-21 21:09:08
29.06.2019. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапжакшынакай супсулуу эле кыз экен. Азамат маанилуу маек болуптур, анча мынчаны окусан суроо берсе созду алып качып бир демке кылып жооп берип салатго. Так, даана, коп созмолобой кыска жооп бериптир. Бактылуу бол!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо