Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№867 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл

Максат Садырбеков, ырчы:«Апам бул күндү абдан күткөн»

  1. 6-июнь күнү Бишкекте ырчы Максат Садырбеков менен сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиеванын үйлөнүү үлпөт тою болуп өттү. Тойго түгөйлөрдүн жакындары, кыргыз шоу чөйрөсүнүн калың катмары, спортчулар күбө болушту.

  2. Тойду жар-жар ыры эмес, чимириле бийлеген бийчилер ачып берди. Андан соң жарыктар өчүрүлүп, экинчи кабаттан түшүп келген колуктусун Максат гүл менен тосуп алды. Жетелеше баскан эки жаш конокторго жүгүнүп таазим кылышты.

  3. Түгөйлөргө өкүл ата-өкүл апа болуп ырчы Бактыгүл Бадыева менен жолдошу Алмаз Закиров шайланды. Жаңы куда-кудагыйлар баш кошуп жаткан уул-кызы үчүн жетине алышпай, бири-бирине ыраазычылык айтып бүтпөй жатышты.

  4. Жылдыздар кезектешип дүйнөлүк хит ырларды аткарып жатышты. Алардын катарын Бек Исраилов менен жубайы Айжаркын да толуктады.

  5. Жубайлардын эсинде түбөлүк сакталып кала турган көз ирмем. Нике шакектерин салып, нике күбөлүгүн колдоруна алышкан Максат менен Айсулуу расмий түрдө үй-бүлө деп жарыяланды. Албетте, бул учурда эки жаштын кубанычында чек болгон жок.

  6. Түгөйлөрдүн үлпөт тойго арналган бийи коноктордун назарын бурду. Бул заманбап бий эки жаштын сезимдерин да чагылдырып турду.

  7. Футболчу Азамат Байматов жубайы Жибек менен досунун жакшылыгынан көз ирмемдерди сактоо аракетинде.

  8. Мирбек Атабековду кадрга илип калгысы келгендер көп болду.

  9. "Асел бала менен бошобой, тойго Нукемди ээрчитип келдим" деп тамашалаган Нурлан Насип менен Нурмат Садыров да тойдун коногу болушту.

  10. Жубайлардын жашоосу таттуу болсун деген тилекте жасалган 6 кабаттуу торт кесилип, Айсулуу менен Максат бири-биринин колунан таттуунун даамын татышты.

  11. Гүл тосууга чыккан кыздарды Айсулуу бир аз убарага салды. Акыры гүл "Эл эмне дейт?" долбоорунун актрисасы Даткайым Кеңешовага буюрду.

  12. Тойдун аягында "Non-Stop" дуэтинде Максат менен өнөктөш болгон Чолпон Талипбек чыгып, экөө конокторго ырдап беришти.

  13. Блиц-маек

    – Куш бооңуз бек болсун! Максат мырза, Айсулуу сиз күтүп жүргөн адам экенине качан көзүңүз жеткен?
    – Ойлоп көрсөм, мен башынан эле сүйлөшкөнгө кыз эмес, жубай издептирмин. Айсулуу менен таанышканда эле менин адамым экенин, ага үйлөнөрүмдү жүрөгүм сезген.

    – Апаңыз "Айсулуу менин келиним эмес, эрке кызым" деп белгилеп өттү. Бул күндү апаңыз абдан күтсө керек?..
    – Апам менин досум, сырдашым. Ал бардык нерседен кабардар болгондуктан "качан үйлөнөсүң?" деген суроону берчү эмес. Бирок жалгыз уулу болгонумдан апам бул күндү абдан күткөн. "Абдан жакшы кыз туш келди, сен үчүн кубанычтамын" деп сүйүнүп жүрөт. 

    – Айсулуу, кайненеңиз менен мурунтан эле тааныш экенсиз. Ошентсе да "жаңы үйгө барганда кандай болот болду экен?" деп кооптонуп жатсаңыз керек?
    – Кайненем менен 6-7 жыл мурун таанышкам. Ошондон бери мени кызындай көрөт, экөөбүз сырдашабыз, кеңешебиз. "Келин мындай болушу керек" деп талап койбойт. Тескерисинче, силер өзүңөр каалагандай жашагыла дейт.

    – Рахмат! Түбөлүк бирге болуңуздар!

    Динара Акимова
    Адилет Бектуров
    star@super.kg


Ырчы Максат Садырбеков үйлөндү. Үлпөт тойдон репортаж

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(5)
SUPER.KG видео
11.06.2019. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макс жазап сүйлөгөнү жакпайт да тилин чайнап
17.06.2019. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баардык уйлонгон ырчылардын созу бир :"Мен биринчи коргондо эле уйлоноорумду билгем"))Бактылуу болгула
17.06.2019. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Stervamyn,олтурдунго боорду эзип,баары алдын ала билишкенде,аялы болоорун
17.06.2019. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisuluu Cholpongo okshoshup ketet eken go
17.06.2019. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бактылуу болгула эки жаш.
Артисттер тойлордогу ашыкча чыгым,ашыкча жүрүм турумуңар чарчатты.Эки жаш ушинтип бийлеп,элде жок болгонуңар менен,ата-эне тууган уруктун астында скромно эле бийлеп койсоңор болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо