ЖАҢГАКТАН ИДИШ ЖАСАГАН УСТА

№867 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл

Пенсияга чыккан соң отуруп калбай кызыктуу буюмдарды жасап пайда таап, жашоосун кызыктуу уланткандар бар. Алардын бири Бишкектин тургуну Тажимамат Жусупов. Ал устачылык менен алектенип, жыгачтан илгеркидей табак, кашык, чөмүчтөрдү жасап келет.

- Мен 72 жаштамын. Учурда Бишкекте жашайм. Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында туулуп-өскөм. 1 балам, 4 неберем бар.

Өзүм пенсияга чыккыча куруучулук кесипти аркаладым. Пенсияга чыккандан кийин үйдө бош отурбай, 15 жылдан бери атамдын устачылык кесибин улантып, жыгачтардан табак, поднос, кашык, чөмүчтөрдү жасап келе жатам. Ыраматылык атам ат жабдыктарын: ээр, куюшкан, үзөңгү, тизгин, көмөлдүрүктөрдү жасачу. Алардын айрымдарын күмүш менен кооздоп, көркүнө чыгарар эле. Атамдын жанында жардамдашып жүрүп көп нерсени үйрөнүп алгам, айрыкча ээр чапканды. Атамдын жасагандарын эл бат эле алып кетчү.

Идиштерди кара жыгач, өрүк, жаңгактан оюп жасайм. Керектүү жыгачты жыгач саткан жерлерден сатып алам. Эмне жасай турган болсом ошого жараша бир сыйра оюп чаап, кургатам. Кайра дагы тереңирээк оюп чаап, кургатып отуруп, акыры идиштин формасына келтирем. Анан чабылып бүткөн идишти бышыруу кезеги келет. Казанга жылкынын майын (шорпонун бетине калкып чыккан майы) салып, кайнап чыккандан кийин ага чабылган идиштерди салып, 20-30 мүнөт кайнатам. Май сиңип, идиш өңүнө чыгат. Кокус идиштин жарылган жерлери билинсе ал жерлерге атайын желим сыяктуу табигый затты жабыштырып, бириктирип, анан кайра тазалайм. 1 күндө 3 кашык жасаганга жетишсем, чөмүчтү 1 аптада бүтөм.

Баалары да кеткен эмгекке жараша. Мисалы чөмүчтү 500, кашык 100-200, табакты чоң-кичинесине жараша 2000-5000 сомго сатам. Куурдак салчулары 1000 сомдон. Мисалы бир дөңгөчтөн 3-4 табак чыгат. Дөңгөчтү 2000 сомго сатып алсам, ал акчаны 1 эле табак актап коёт.

Эң бышык жыгач болуп кара жыгач эсептелет. Андан кийинки орунда жаңгак, анан өрүк турат. Жалал-Абад облусунда өскөн жаңгактардын жыгачы жакшы. Бирок жаңгактан идиш жасап жатканда өңү күрөң тартып турат да кийин боз болуп калат. Өрүктөн жасалгандарынын өңү кызыл, кара жыгачтан жасалгандарынын өңү күрөң, кара-күрөң болот. Кара жыгачтан жасалган идиштер эң бышык болуп саналат жана 50 жылга чейин колдонууга жарайт.

Табигый жыгачтан жасалган идиштер жылуулукту жакшы сакташат. Ысыгы сыртка өтпөгөндүктөн кармаганда кол күйбөйт. Ден соолукка пайдалуу. Жаңгактын курамында йод бар, андыктан богок оорусу барларга жаңгактан жасалган идиш колдонуу пайдалуу. Кара жыгачтан жасалгандары ысык-суукка чыдамдуу, сынбайт. Өрүктөн жасалгандарын күнгө коюп койсо жарылып кетет.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатканда сатыкка алып чыктым. Идиштерди кыргыздар, казактар, анан туристтер көп алат. Кыргыздар көбүнчө чөмүч, чеңгелди (айры сымал, эт чыгарат, эт оодарат) сатып алышат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
17.06.2019. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Саламатсызбы сонун колдо жасалган керектуу идиш-аяктар экен .Кайдан алса болот, кайда сатылат булар. Жангак табактар кызыктырып жатты эле.
19.06.2019. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sayragul, Саламатсызбы байланыш номери 0556 587166.
Модератор admin_kinozal түзөттү 2019-06-19 14:28:26
17.06.2019. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Номерин жазып коюнуздарчы ушул байкенин
19.06.2019. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanykeim, Саламатсызбы байланыш номери 0556 587166.
Модератор admin_kinozal түзөттү 2019-06-19 14:28:37
17.06.2019. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соонунго
17.06.2019. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таза мээнет менен жасайт тура,зыяны да жок.Мен да кызыгып калдым.Табак,кашыктарын уй булодо колдонсо болчудай
18.06.2019. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алыш керек экен. Сынып калат деп коркпойсун, кааласан ыргытып да кор.
19.06.2019. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо