№867 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл
Ысык-Көл облусунун Түп районунда 6 жана 4 жаштагы бир тууган ага-ини ойноп жатып эски муздаткычтын ичинде камалып калып, тумчугуп каза болуп калышты. Ысык-Көл облустук милициясы билдиргендей, каргашалуу окуя Түп районунун Михайловка айылында 3-июнь күнү болгон.
Аталган күнү күндүзгү саат 11:55 чамасында эки бир тууган үйдүн короосунда ойноп жатып дайынсыз жоголуп кетишкен. Мындан улам балдардын ата-энеси милицияга кайрылышкан. Балдарды издөө иштери кечке чейин жүрүп, бирок алар табылган эмес.
Бир туугандар үйдүн короосунда турган СССР убагында чыгарылган эски муздаткычтын ичине ойноп кирип, кайра чыга албай, тумчугуп калышкан.
Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, аталган окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. “Саат 17:00дө үйдүн короосунда турган эски муздаткычты ачып көрүшкөндө балдар муздаткычтын ичинде болгон. Алар ойноп жатып муздаткычтын ичине камалып калып, тумчугуп калышкан. Ал муздаткыч сырттан гана ачыла турганы аныкталган. Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалды”,- деп билдирет аталган басма сөз кызматы.
Каза болгон балдар облустук ооруканага жеткирилип, ал жактан чарчап калышканы тууралуу балдардын туугандарына айтылган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук деп катталды.
Бул кайгылуу окуя болгон жерден тартылган видеотасма социалдык тармактарда тарап кетти. Ал тасмадан эшиги жарым ачылып турган каргашалуу муздаткычты, анын ичинен баланын кийими көрүнүп турганын байкоого болот. Эки баласынан бир күндө айрылган ата-эненин, алардын жакындарынын абалы оор. ЖМКларга комментарий берүүдөн кескин түрдө баш тартышууда. Ошондуктан бул видеону кимдер интернетке таратып жибергени учурда териштирилип жатканын облустук милициядан кабарлашты.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Менимче балдар муздаткычка өздөрү кирген, муздаткычтын эшигинин чөнтөгү менен эшигин жапкан го
Муздаткыч ичинен ачылбагандыктан тумчугуп калышкан
Эми кокустук болуп кетиптир Аллахым бейиштен жай берсин