№868 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
«В Москве есть Билан, а у нас Атабеков» деген тамашалуу ыр саптары эсиңиздеби? Ушул ыр сабындагыдай Кыргызда Атабеков болсо, Корейде G-Dragon. Учурда дүйнө жүзүн каптаган К-рор агымына күйөрмандык кылгандар менен катар, К-рор ырчыларынын ыр, бий, кийим тандоодогу окшоштуктарын сындагандар да аз эмес. Бүгүнкү биз сөз кыла турган каарман окшоштукту ээрчигендердин катарына кирбейт. Ал музыкада болобу, мода тармагындабы рулду өз колуна алып, көпчүлүктү артынан ээрчите турган адам. Көптөгөн корей жылдыздарынын кумирине айланган G-Dragon ким? Жоопту төмөндөгү макаладан табасыз.
КВОН ЖИ ЁН
Туулган жылы – 1988-жыл, 18-август
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары
Бою – 174 сантиметр
Үй-бүлөдө – 2 бир тууган, эжеси бар
Сахнадагы лакап аты (никнейм) – G-Dragon (GD)
Лейбл – YG Entertainment
«Big Bang» тобунун солисти, рэпер, композитор, продюсер, модель
КВОН ЖИ ЁН БАЛАЛЫГЫН ЭСКЕРЕТ
Ырдаган, бийлеген, аз да болсо жүзү таанылып калган балакай 1995-жылы өзүнө курдаш балдардан түзүлгөн «Little Roo’Ra» тобуна кирет. Бирок көп өтпөй топ тарап кетет. Буга нааразы болгон Квон Жи Ён «мен эми ырчы болбойм» деген чечимге келген. Капа болгон баласын эс алдыруу үчүн үй-бүлө лыжа тебебиз деп тоого чыгышат. Кызыгы, Жи Ёндор барган жерде музыкалык фестиваль өтүп жаткан болот. Баягы ырчы болбойм деп жаткан Квон чыдай албай фестивалга катышып, 1-орунга ээ болгон. 1-орун менен кошо ага
К-РОР’ТУН БАШАТЫ – «BIG BANG» G-Dragon’дун 2017-жылы USB-флешка форматында чыккан «Kwon Ji Yong» альбому дүйнөнүн 46 мамлекетинде iTunes’та лидерликке чыккан. Мындай ийгиликке бир дагы корей ырчысы жете элек болчу. Ушул эле жылы дүйнөлүк турга чыккан G-Dragon Азия, Европа, АКШнын 29 мамлекетинде концерт коюп, жалпысынан 700 миңге жакын көрүүчү топтогон.
«МОДАНЫН ПАДЫШАСЫ»
Бул наамды күйөрмандары ырчыга бекеринен беришкен эмес. «2008-жылдын саркеч адамы», «Эң таасирдүү эркек», «Моданын падышасы» наамдарынын баарын ырчыга мода дүйнөсүнүн адистери ыйгарышкан. Кийинүү стилине, чач жасалга, келбетине эксперимент жасагандан чочулабаган G-Dragon’ду Сеул, Париж же Гамбургда болобу «Chanel» брендинин көргөзмөлөрүндө VIP-орундукта отурганын көрүүгө болот. Дүйнөлүк топ-модель Белла Хадид менен Кытайдагы «Vogue» журналынын башкы бетине чыккан рэпердин супер фотомоделдерден айырмасы жок экенин айтышат. 2017-жылы «Chanel» мода үйү менен келишим түзүп, GABRIELLE баштыктарынын жарнамалык жүзү болгон Квон өзүнүн да «PeaceMinusOne» аттуу кийимдер коллекциясын чыгарат. Өзгөчө спорттук бут кийимдерди чыгарганга кызыгат. «Квон, эртерээк кел, сенсиз мода токтоп калды» деп күйөрмандары Квондун аскерден келишин чыдамсыздык менен күтүшүүдө.«Жалгыздыкты жактырам. Бирок кесиптештерим мени «зомби болуп каласың» деп ар кайсы жакка чакыра беришет. Жалгыз жүргөндө «зомби» болгонум менен, сахнада G-Dragon’мун».
«Мен эс тарткандан бери эле тытынып иштеп келе жатам. Кээде ойлоном, качан бүтөт баары? Өзүм үчүн жашаганды үйрөнүшүм керек. Баарыбыз үйрөнүшүбүз керек».
«Саякаттаганды жактырам. Бир гана кооз аймактарды эмес, кейиштүү абалдагы жерлерди да көрсөм дейм. Бардык суроого жоопту ошондой кейиштүү жерлерден табасың...»
«Мага баары жеңил десеңер, адашасыңар. Канчалык оор экенин айтып отуруунун кажети жок го дейм. Бирок сахнага чыкканда, өзүмдүн ырларымды аткарганда, күйөрмандардын колдоосун укканда баарын унутам. Көрүшпөй калсак да баарыңарга кутман таң, кутман күн, кутман кеч каалайм!»
Урматтуу К-рор күйөрмандары, мындан ары «Супер-Инфонун» ар бир санынан корей жылдыздары тууралуу кызыктуу маалыматтарды окуй аласыздар. Кайсы жылдыз жөнүндө окугуңуз келсе, гезиттин Инстаграмдагы super_info_official расмий баракчасына сунушуңузду жазсаңыз болот.
Асыл Орозбекова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |