№868 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
– Жаш туруп эмне мынча муңканат дейт чыгарсыз. Анткени мен 24 гана жаштамын. Бирок жашоо каалаган адамын сүйүнтүп, каалаганын мага окшотуп күйүткө малып коёт экен. Балким, мен буга өзүм күнөөлүү чыгармын...
Турмушка чыкканыма 3 жыл болду, эгер жашоону артка кайтарганга мүмкүн болсо, бүт күчүмдү арнамакмын, тырышып агымга каршы сүзүп болсо да жээкке жетмекмин. Бирок бул миф. Реалдуулукта катаңды оңдогонго кеч болуп калат.
Анда сөз башынан болсун. Студент кезимде бир жигит менен сүйлөшчүмүн, жөнөкөй, абдан акылдуу бала эле. 2 жылдай сүйлөшүп жүрдүк. Бирок мен акырында шайтандын ишин кылдым. Айылдаш бир бала колумду сурап жуучу жөнөткөнүнөн байлык, машина, үйүнө кызыгып дароо эле макул болуп, жигитиме айтпай турмушка чыгып кеттим.
Азаптуу күндөр ошондо башталды. Көрсө, буларга келин эмес, күң керек экен. Кайненем такыр жанымды тындырчу эмес. Мына 3 жыл өтсө да ушул эле көрүнүш күнүгө кайталанып келет. Сабырым түгөнүп, ажаан аялга айланып баратам. Күйөөм бир акыбалымды сурап, жакшы сөз айтып койсо эмне. Бир нерсе дей электе уруп-тепкилеп өчүн менден чыгарат. Аны мен адам катары көрбөй калдым, жүзүн көрсөм титиреп, ичимден өлтүргүм келип кетет. Балам үчүн гана бул дүйнөдө жашап жүрөм. Бул үйдө жашоо кунарсыз. Баарынын ою акча, бай карым-катыштар... Үй-бүлө мындай болушу керек, ата-эне менен баланын ортосунда мээрим, сүйүү болуш керек деген мыйзамдар иштебейт. Балам ушулардын тарбиясында чоңоюп, атасындай болуп өсүшүн каалабайм.
Ата-энем менин мындай кыйынчылык көрүп жатканымды билишпейт. Атам абдан катуу киши, мени оңою менен ажыраштырбайт. Бетимдеги көк ала тактар кеткенде барып учурашып турам. Ишенсеңиздер, бардык нерсе жетиштүү: үй, кийим, акча. Бирок бакыт, үй-бүлөдөгү күлкү, кубаныч, сый-урмат, сүйүү жок. Мен ушундай жашоодон чарчадым, келечекке үмүт таппайм. Баламды гана ойлойм. Акыркы күндөрү башым эле ооруйт, бирөө сүйлөсө угам, бирок эч нерсе эсимде калбайт. Же бир сырдаша турган сырдашым жок. Айтайын десем сөз көп... Жок дегенде кайненем же жолдошум жакшыраак болсо, чыдап жашай берет элем. Бирок экөө тең бирдей... Мени уга турган адам деле жок, бар болсо да ачык айта албайм. Жок дегенде гезит бетине бугумду чыгарып алайын дедим.
Жазгүл
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Башында намаз окуганда кайнэне,куйоом не дейт дейсиз. Алардын Эч тартынбаныз алар кудай эмес. Жоолук салынып, Намаз окуп баштаныз. Чын журоктон окусаныз Намаз менен жоолук сиздин бактыныз болот ИншАллах.