Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МЭЭНИ ЭС АЛДЫРУУНУН 20 ЖОЛУ

№868 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл

Арт-терапия – бул психология менен чыгармачылыктын айкалышы. Чыгармачылык менен алектенүү аркылуу сиз тажаткан чар-жайыт ойлордон алаксып, күч топтоп, эс аласыз. Арт-терапия жан дүйнөдө кептелип калган көйгөйлөрдөн арылтат, мээнин иштешин жакшыртат. Адистер бул жаатта төмөндөгү кеңештерди сунушташат.

АРТ-ТЕРАПИЯНЫН ЫКМАЛАРЫ:

  • Капаланып жатсаң, күн желесин тарт.
  • Бир нерседен коркуп жатсаң, жоон жиптен буюмдарды жаса.
  • Жан дүйнөң ооруп жатса, пластилинден түрдүү нерсе жаса.
  • Чарчасаң, гүл тарт.
  • Бир нерсени эстегиң келсе, лабиринт тарт.
  • Эс алгың келсе, сайма сай.
  • Айлаң түгөнүп капаланып жатсаң, жол тарт.
  • Бир чечимге келе албай жатсаң, мандала (борбордук чекиттен башталып тартылган геометрикалык элемент) тарт.
  • Эгер бир нерсеге көңүлүн жылыбай жатса, кайсы бир сүрөттү көчүрүп тарт.
  • Санаа тартсаң, оригами фигураларын жаса.
  • Күч топтош керек болуп жатса, пейзаж тарт.
  • Оюңду иретке келтире албай жатсаң, төрт бурчтук тарт.
  • Максатка багыт ала албай жатсаң, тор жана бута тарт.
  • Зеригип жатсаң, кагазды түркүн түстөгү боёк менен боё.
  • Көйгөйдү чечиш керек болсо, толкун же шакекчелерди тарт.
  • Бир нерсеге нааразы болсоң, кагазды майдалап айры.
  • Ачууң келсе, сызыктарды тарт.
  • Бир нерсени эстеп калыш керек болуп жатса, түстүү боёктор менен тактарды тарт.
  • Сезимдериңди түшүнө албай жатсаң, өзүңдүн портретиңди тарт.
  • Эмне кылышты билбей, жол таппай жатсаң, спираль тарт.

    АРТ-ТЕРАПИЯНЫН ПАЙДАСЫ:
  • Адамдын мээси искусстводон таасир алат, буга арт-терапия жардамга келет. Уинстон Черчил: “Живопись – ойду алаксытууга болгон идеалдуу ыкма. Денени чарчатпай, акылды толугу менен сиңирип ала турган мындан башка жолду билбейм. Кандай гана утурумдук тынчсыздануу же келечекке карата коркунуч болбосун, сүрөт тартып баштаганда андай ойлор сиңип жок болот”,- деген. Андыктан психиканы баланста кармаш үчүн күнүгө убакыт таап, аны чыгармачылыкка арнаңыз.
  • Арт-терапия методикасы биринчи жолу АКШда, экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттик лагерлерден чыгарылган балдар менен иштөөдө колдонулган.
  • Арт-терапияны психотерапевттер, психологдор түрдүү оорулар менен жабыркаган бейтаптарды айыктырууда да колдонушат. Арт-терапиянын эч кандай каршы көрсөтмөсү жок. Ошондуктан бул ыкма зордук-зомбулук көргөн адамдарды камкордукка алган борборлордо жана онкологиялык оорулардан жабыр тарткан бейтаптарга да колдонулат.
  • Арт-терапия – эмоционалдык интеллекти жөнгө салат, креативдүүлүктү жана ийкемдүүлүктү өстүрөт, түрдүү маселелерди чечүү жолдорун табууга жардам берет. Оң жана сол баш мээнин иштешин жакшыртат. Өзүн өстүрүүгө жана кесипкөйлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.
  • Арт-терапия – башкалардын сезимдерин сезе билүүсүн өрчүтөт. Анткени чыгармачылык өзүн гана эмес, өзгөлөрдү түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, жеке жашоонун жана мамиленин жакшы жакка өзгөрүүсүн шарттайт.
    Чыгармачылык менен алектенген адам ошол процесске сүңгүп кирип, жалгыз өзү менен калат. Ошол учурда жан дүйнөсү менен таанышып, эмоциясын чыгарат.


Динара Абдыкадырова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
24.06.2019. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун.
24.06.2019. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Куран эң сонун терапия.башка вариант
жакшылап уктап,артынан душ алсам эс алам.
24.06.2019. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Sultanim,Туура айтасыз мен ар дайым обедде ясинди угуп уктаймын ойгонгондо озумчо эле эс алгандай болуп женил ойгономун.
27.06.2019. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MEN95,обетте эмес кечинде жалчылуу уктап алсам дем алып калмакмын.
24.06.2019. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Депрессия болуп нервин чыгып турганда каякта сурот тартасын ?Кызык эле нерселерди чыгара бересинер да.
25.06.2019. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул биздин элге туура келбейтго дейм )))
25.06.2019. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нервин ойноп кетсе кагазды жырт чайнап чайнап кааласан жут
25.06.2019. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Художник бол! Деп эле койбоптур 20 турду жазбай эле убара болуп.
26.06.2019. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүрөт тартуу колундан келбесе кантесин?
26.06.2019. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Силерди эчким художник бол деген жок,жок дегенде бир квадратты тарта албасанар не жашап журосунор?
26.06.2019. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алыстагы адамды сагынсагынып жүрсөңчү?
30.06.2019. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tyrgon, видеочалуу менен сүйлөш.
28.06.2019. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chungyz, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо