КЫРГЫЗ АРТИСТТЕРИ МОСКВАДАГЫ ФЕСТИВАЛДА БИРИНЧИЛИКТИ АЛЫШТЫ

№868 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл

Москва шаарында 8-16-июнь күндөрү артисттер арасында «Арт футбол» аталышындагы фестиваль өттү. Фестивалга жалпысынан 16 өлкөнүн искусство өкүлдөрү катышып, жыйынтыгында Орусия экинчи ирет жеңүүчү деп табылды. Бирок биздин өнөрпоздор чыгармачылык жагынан эч кимди алдына салышкан жок. Ырыскелди Осмонкулов, Тынай Алыбаев, Марат Ибраев, Атай Өмүрзаков жана башка жылдыздар фестивалдын алкагында өткөн музыкалык сынакта биринчиликти багындырышты. Кыргыз өлкөсүнөн барган команданын жаш катышуучусу бийчи Атай Өмүрзаков төмөнкүлөргө токтолду:
– Биз алгачкы жолу 2015-жылы «Арт футбол» фестивалына катышканбыз. Быйылкы турнирге даярдык мыкты болду. Мен Кытайдагы дүйнөлүк сынакка катышып жаткандыктан, Словения, Сербияга каршы оюнга бара алган жокмун. Акыркы Германия, Венгрия, Түркия менен болгон беттештерге катыштым. Биздин команда Германияга 0:3 эсебинде утулуп жатып, оюн бүтөрүнө аз калганда 4:3 эсебинде утуп алдык. Ал эми Түркия менен болгон оюнда, тилекке каршы, 2:1 эсебинде жеңилип калдык.
Футболдон тышкары фестивалда шоу-концерт орун алды. Концертте ырчылар ырдап, мен бийлеп биринчиликти багындырдык.
Чыгармачылыгы менен атаандаштарын артта калтырып, футболдо да татыктуу оюн көрсөткөн артисттерибизди жеңиши менен куттуктайбыз!


star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(1)
25.06.2019. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Не очень
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо