№868 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков бала кезинде атасынан айрылган. Жакында ырчы атасынын урматына туулган жеринде концерт уюштурарын айтат.
– Атам кезинде Талас районунда маданият бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген. Өзү да чыгармачылыкка жакын инсан эле. Убакыт билинбей өтүп отуруп, быйыл атамдын арабыздан кеткенине 30 жыл болуптур. Ошондуктан 25-июнь күнү атамдын элесине арнап туулган айылым Жон-Арыкка бекер концерт уюштуруп жатам. Концертке Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, ырчы иним Нурлан Насип баш болгон атактуу ырчылар катышат. Атамдын көзү тирүү болсо быйыл 60 жашка чыкмак,- дейт ырчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |