Миргүл Эрматова, Данияр Эрматовдун бир тууганы: «ДАНИЯРДЫН ҮЙЛӨНҮШҮН КҮТҮП ЖҮРӨБҮЗ»

№869 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл

Кыргыз шоу-бизнесинде өз орду бар ырчы Данияр Эрматов балалыгында кандай болгон? Бул тууралуу ырчынын бир тууган эжеси Миргүл Эрматова айтып берди.

БИР ТУУГАН ЭРМАТОВДОР:

Миргүл Эрматова – 1981-жылы туулган, жеке ишкер

Кутман Эрматов – 1983-жылы туулган, жеке ишкер

Тагдырбек Эрматов – 1986-жылы туулган, жеке ишкер

Данияр Эрматов – 1989-жылы туулган, ырчы

Айпери Эрматова – 1991-жылы туулган, жеке ишкер

“КИЙИМДЕРИН АЛЫП ҮЙДӨН КАЧЫП...”

– Мен үйдүн улуусу болгондуктан Данияр көз алдымда чоңойду. Кичинекей кезинде жоош, назик көрүнгөнү менен, абдан шок болчу. Бийик бактардан секирип бизди көп коркутту. Сиңдим экөөнү өз баламдай карачумун, дайыма түштө уктатар элем. Бир жолу уктап жатат деп сыртынан жаап коюп, эшиктеги жумуштарды бүтүрүп келсем Данияр жок, терезеден ашып качып кетиптир. Чый-пыйым чыгып издеп барсам, үйдүн жанындагы каналда жыргап сууга чөмүлүп жүрүптүр. Негизи эле ал айланчыктап ошол суудан чыкчу эмес.

Атамдын агасы биздин үйгө жанаша жашайт. Данияр кой десек болбой ошол жакка кача берчү. Бир күнү апам “кийимдериңди алып абаңдыкына кет, сени ошолорго бала кылып берели” деп койгон. Бул сөз ага жага бербей кийимдерин көтөрүп алып кетип калса болобу. Жөн коёлу, эртең келет да десек, эртеси жок, анын эртеси барсак, дале камырабай жүрөт. Апам түтпөй кетип кайра үйгө алып келген.

“МЕКТЕПКЕ БАРАМ ДЕП ЧАҢ САЛЫП...”

– Жашы жете электе эле "агаларым менен мектепке барам" деп чаң салып ыйлаганынан макул болуп жиберип коюшкан. Мектептен эжекелер, чоң класстын окуучулары аны жакшы көрүп улам ар ким бетинен өбө беришкенде тажап “мектепке барбайм, тумчугуп кеттим, аба жетпей калды” деп үйгө ыйлап келген. Кийин өз учурунда эле 1-класска барды. Мектепте жакшы окучу. Өзгөчө математикага кызыгып, эсептерди бат эле чыгарып койчу.

Мектептеги маданий иш-чаралар Даниярсыз өтчү эмес. Ырдап эле жүрчү. Экөөбүз комуз ийримине чогуу бардык. Анткени мен да "чоңойгондо ырчы болом" деп жүрчүмүн. Кээде айылдагы балдарды чогултуп алып, шыпыргыны комуз кылып, пахтадан микрофон жасап концерт уюштурат элек. Өзүбүздү чыныгы сахнада ырдап жаткандай элестетип, көрүп отурган балдарга "гүл бергиле" деп талап кылчубуз.

Данияр 5-6-классында өзү менен окуган Аязгүл деген кызды жакшы көрүп жүрдү. Майрамдарда ошого гана белек берчү. Ал кыз аябай жакшы окучу да. Балдар класстагы жакшы окуган кыздарды жакшы көрө беришет эмеспи. Инимде да ошондой болду окшойт. Ал кыз азыр үй-бүлөлүү, өзүбүздүн айылда жашайт.

“ДАНИЯРДЫ 15 ЖАШТАГЫДАЙ ЭЛЕ ЭЛЕСТЕТЕ БЕРЕМ”

– Чыгармачылыкка жакын болгону үчүн ырчы болом дегенин дароо колдогонбуз. Алгач эки байкеси каржылап жүрдү. Данияр шаарда азыр деле байкелеринин эркеси. Өзүнүн үйү бопбош турса да байкесиникинде жүрөт. Ага балдар менен ойноп опур-топур болгон жашоо жагат. Мен аны 15 жаштагыдай эле элестете берем. Үйдө азырга чейин баарыбыз аты менен эркелигин уйкаштырып "Данек, Айданек" деп чакырабыз. Иним эрке болгону менен, аябай аракетчил, бир ишти жасайм десе тырышып аягына чыгат. Бой көтөргөндөрдү, жасалмалуулукту жаман көрөт. Бир нерсе жакпай калса бетке эле айтып салат.

Данияр келатканда кичинесинен эле капкара болуп алыстан кашы көрүнчү. Апам “баламдын бир кашына жүз кыз туура келет” деп эркелете берчү. “Периштелер оомийин деп коёт” деген кеп бар эмеспи. Азыр апама “мына, бир кашына жүз кыз болуп, балаңыз тандай албай жүрөт” деп күлүп калам.

“СУЛУУ КЫЗ КӨРСӨ, СӨЗСҮЗ КӨҢҮЛ БУРАТ”

– Данияр бала кезинен эле сулуу кыз көрүп калса, сөзсүз көңүл бурчу. Азыркыга чейин ошол адаты бар. Бирок үйлөн десек эле “жакшы кыз тапсам үйлөнөм” дейт. Кээде кыздардын сүрөттөрүн көрсөтүп “кандай экен?” деп сурап калат. Даниярдан башкабыз үй-бүлөлүүбүз, баарыбыз өзүбүз тандаган адамдарга баш кошконбуз. Ошондуктан чечимди анын өзүнө койгонбуз. Кудай буюрса, быйыл үйлөнөт деп баарыбыз Даниярдын үйлөнүшүн күтүп жүрөбүз. Өткөндө келгенде дагы “эмне болдуң, биз дапдаярбыз, таптыңбы?” десем, “тапсам сизге биринчи тааныштырам” деп кутулду.

“ЫРЧЫ БОЛБОСО СПОРТЧУ БОЛМОК”

– Өтө эле өжөр болчу. 5-6-классында рулдан бою чыкпаса дагы астына жаздыкчаны коюп алып машина айдачу. Бала кезинде спортко жакын эле. Эгер ырчы болбосо спортчу болмок. Бир жолу “апа, спортчу болоюнбу же ырчыбы” деп сураганда апам “кой, балам, сенин таяк жегениңди көргүм келбейт, андан көрө ырда” деген. Ошондон кийин ырчы болом деп калган. Азыр деле машыгуу залына барып турат.

Динара Акимова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(4)
01.07.2019. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
айиий үйбүлөлүк бакыт,чыгармачылык ийгилик каалайм,мен сыйлаган ырчы да жөнөкөйлүгүн баалайм
01.07.2019. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Апасы экоо кечээ кайсы бир каналадан интервью береген экен. Апасы оло шайыр аял экен бир демкелерди айтып берип атып куло берет экен. Ачык айрым экен. Озуно окшогон келин кут кылса экен ылайым!
01.07.2019. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бар болгула аман болгула,бактынарга жакшы келин туш болсун,уйунордон ырыскы кетпесин! Эки дуйно бактылуулугун насип этсин Жараткан! Данияр дагыда жакшы ырларды ырдап эл учун кызматыны кыла бер,омуруно АЛЛАХЫМ береке берсин. Жетсе да башын булутка жерде экенини унутпа,жонокойлук эн мыкты сапат ушунунан жазба. Бул жалган жашоо сыноо учун берилген.
Nurkyz1977 түзөттү 2019-07-01 18:38:01
01.07.2019. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Данчик качып барган Үйүнүн жанындагы каналга чогуу чөмүлүп жүрөт элек ээх жаштык кез, ой жок түйшүк жок эле ошол убак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо