№870 4-июль - 11-июль, 2019-жыл
“Орусиянын Иркутск аймагында катуу нөшөрдөн кийинки суу ташкынында каза болгондордун саны 12ге жетти. Дагы 9 кишинин дайыны чыкпай жатат. Медициналык жардам алуу үчүн 751 киши кайрылган. Бул сандар өзгөрүшү мүмкүн”,- деп вице-премьер Виталий Мутко жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.
Маалыматка таянсак, Ока, Уда, Ия жана Бирюса дарыяларындагы суунун деңгээли 13-14 метрге чейин көтөрүлүп, 83 айыл аймагына зыянын тийгизген. Эң көп жабыр тарткан аймактардын бири – Тулун шаары. Бул шаарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, суу түтүктөрү иштебей турат. Федералдык жол дагы жабылган.
Дамира Арстанова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |