Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“ҮЙДҮ МАГА ЭЛ АЛЫП БЕРДИ”. Ырчы Алмаз Шаадаевдин үйүндө конокто

№870 4-июль - 10-июль, 2019-жыл

Ырчы Алмаз Шаадаев жакында ак өргөөлүү болгон. “Силер менин үйүмө келген алгачкы конок болдуңар” деген ырчы бизди жакшы маанай менен тосуп алып, үйү менен тааныштырды. Ырчынын үйү менен сиздерди да тааныштыра кетели.

Курулган жылы – 2015-жыл

Аянты – 60 чарчы метр

Баасы – 35 миң доллар


Чай маек

“ҮЙДҮ ГО АЛДЫМ, ЭМИ ҮЙЛӨНҮШ КЕРЕК”

– Алмаз, ак өргөө кут болсун! Буга чейин батирде жашачу белең?

– Чоң рахмат. Бул өз эмгегим менен сатып алган биринчи үйүм. Буга чейин ата-энем алып берген үйдө жашачубуз. Ал жакта жүргөндө санаа жок болчу. Кийин иним менен келиним шаарга келгенде “кой, үйдүн улуусу болгондон кийин эртерээк өзүнчө бөлүнөйүн” дедим. Элдин жакшылыктарында кызмат кылып, жүрүп чыгармачылыктан тапкан акчамды 7-8 ай чогултуп, 2 бөлмөлүү үй алдым. Бул үйдү эл алып берди десем болот. Үйдү алар замат гастролго чыгып кеткем, жакында эле келдим. Туугандарды чакырып ырымдап чакан той берейин деген оюм бар. Алгачкы конок силер болуп жатасыңар.

– Азыр ырчыларга курулуш компаниялары үйдү арзан же узак убакытка бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү менен беришет. Сен кандай жол менен алдың?

– Мен андай нерселерди көп түшүнбөйм. Нак акчага эле сатып алдым. Насыяга же жарнама кылып бергениң үчүн албай, өз мээнетиңе сатып алсаң жүрөгүң да тынч болот. Бирок үйдү алгандан кийин курулуш компанияларынын бири “бизди жарнама кылып бербейсиңби” деп байланышка чыкты.

– Үйдү сатып аларда эмнелерине көңүл бурдуң?

– Эң негизгиси, шаардын ортосунда жайгашканы жакты. Үйдүн аурасы да жакшы. Кирип келгенде эле көзүбүзгө жаркырап, жашаганга ыңгайлуу сезилди. Сатып алганы келсек мурунку кожоюндар менен алыскы туугандар болуп чыктык. Аларга тамашалап “асма шамдарды алып калалы” деп жатып алып калдык. Жакында эле алардын уулу үйлөнүп, тоюна барып ырдап берип, асма шамдардан кутулуп келдим (күлүп). Туш кагаздарын да алмаштырган жокмун, болгону ичине эмеректерди алып келип өзүм жашаганга ыңгайлуу кылып жасалгалап алдым.

– Мурда бизге берген маегиңде унааңды “алтышкам” деп эркелетериңди айткансың. Үйүңдү эмне деп эркелетип жатасың?

– Унаамды чындап эле “алтышкам” деп эркелетчүмүн. Үйүмдү эркелете элекмин. Бирок чындыгында үйдү өз мээнетиң менен алсаң жерге нандын күкүмү түшүп кетсе да ошону өзүң эңкейип ала калат экенсиң. Мен ошону үйлүү болгондо байкадым. Мурда ата-энемдин үйүндө жашап жүргөндө андай болчу эмес, үй чачылса деле жүрө берчүмүн (күлүп).

– Өзүң эле жашайсыңбы?

– Башында өзүм жашап көрдүм. Бирок көп өтпөй менден кийинки бир тууган иним менен келинимди “мен үйлөнгүчө чогуу жашап тургула” деп жаныма алып келип алдым.

– Жалгыз корктуңбу?

– Жок, жалгыз зеригип кетет экенсиң.

– Үйдү го алдың, эми кожойкени качан аласың?

– Ала келипсиңер го (биздин кесиптеш кызды карап күлүп). Тамаша, буюрганда болот. Үйдү го алдык, эми үйлөнүш керек. Билинбей эле 30 жашка жакындап калдым. 30 жаштан ашпай үйлөнүп, балалуу болгон бакытты сезгим келет. Ал күндөр деле алыс эмес деп ойлойм. Бойдокмун да, азырынча бул үй жетиштүү. Үйлөнүп, бала-чакалуу болгондон кийин өзүмдүн табитимде 2 кабаттуу, короо-жайлуу үй салам деген ниет бар.

– Үйүңдө жакшылыктар көп болсун!

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


Алмаз Шаадаев: "Үй алдым, эми үйлөнүш керек"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(10)
08.07.2019. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Нурландын уйуно окшогон ак жолтой уй болсун
08.07.2019. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сонун балада, молодец.Сакадай бою сары алтын деп ушуну айтса болот.Ырлары уккулуктуу
08.07.2019. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйду го алыпсын. Эми билим алып ал, нормальный коррупциясы жок университетке тапшырып.
09.07.2019. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
karabet,Алмаз Кыргыз түрк Манас университетин бүткөн
08.07.2019. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Журналист кызды жактырат окшойт. Кыргызстанда ушундай эмгекчил эркектер коп болсун,молодец.
09.07.2019. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Merelisha,журналист кызга 2-жолу тийишип атат Ачык эле)))
SUPER.KG видео
08.07.2019. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак оргонуз кут болсун!


Ушул журналистка кыз жагат, ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-08 11:36:07
08.07.2019. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
3 мин сом карызын кутулдунбу?? Ырчы катары айтсам не в моем вкусе.
10.07.2019. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ак өргөң кут болсун!Алмаз кечирип кой сен Аваз,Нурлан,Данияр баарыңар окшошсуңар.Жеңил желпи ырларды ырдап
15.07.2019. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almaz sen kaigyluu yrlardy adamdyn juroguno jetkirip yrdaisyngo.senin yrdaganyn jagat.senin kuiormanyn katary sunushum bar.Kyrgyzstanda kor bolgon jash baldardyn jashoosun chagyldyryp ,maanisi jana klipti jetkiliktuu kylyp jash uibulolorgo sabak bolo turgandai yr chygarchy suranych.Kyrgyzstanda jash baldardy oto ele kor kylyp salyshty,kanchasy olup ketti ata ene meerimin korboi.osholordun surottorun kosho chygaryp.Eldin meerimin oigotchu.Saga ishenem
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо