ГОЛЛИВУДДУН КИНОСУНА ТАРТЫЛГЫСЫ КЕЛГЕН КЫРГЫЗ СУЛУУСУ

№870 4-июль - 10-июль, 2019-жыл

Ал “Кыргызстан сулуусу-2017” сынагынын жеңүүчүсү, “Аалам сулуусу-2018” сынагынын катышуучусу, 15 жашында моделдик дүйнөгө баш багып, учурда Азия менен Европанын подиумдарын багынтып жаткан кыз. Сөз шыңга бою, келишимдүү келбети, суктандырган сулуу жүзү менен ийгилик жаратып келаткан модель Бегимай Карыбекова жөнүндө болмокчу. Нарындын Ак-Талаа районунда чоңоюп-өскөн бул сулуу ааламга жол айылдан башталарын миңдеген жаштарга далилдей алды.

«ААЛАМ СУЛУУСУ» СЫНАГЫНА КАТЫШКАНЫМДЫН ӨЗҮ ЖЕҢИШ»

– 15 жашымда моделдикчөйрөгө аралашып баштаганда ийгиликке жетем, кесип катары иштейм деп ойлогон эмесмин. Кудайдын буйругу менен аздыр-көптүр бул чөйрөдө ийгилик жаратып келе жатам. Азырынча карьерамдагы чоң ийгилик катары Кыргыз өлкөсүнөн биринчилерден болуп “Аалам сулуусу” сынагына катышып келгенимди айта алам. Алдыңкы орундарга жетишпесем да, катышып келгенимдин өзү жеңиш. Менин эң башкы максатым – таажы тагынуу эмес, Кыргызстандын желегин татыктуу көтөрүп чыгуу, каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды көрсөтүп берүү болчу. Максатым ишке ашты. Бул өлкөбүз үчүн да чоң сыймык болду деп ойлойм.

Кыргызстандын дүйнө жүзүндөгү аброюн, экономикалык жагдайын эске албаганда, сынакка катышкан кыздардын арасында эң алдыңкылардан болчумун. Тилекке каршы, бардык жагынан экономика жеңип кетет экен.

«КОЛДООГО МУКТАЖ ЭМЕСМИН»

– Сынакка аттанып жатканда социалдык тармак аркылуу мекендештер, белгилүү инсандар, депутат эже-агайлардан бери “Кыргызстанды татыктуу көрсөтүп келериңе ишенебиз” деп колдоп жатышты. Бул колдоолор мага дем берди.

Каржы жагынан өкмөттөн колдоо болгон жок. Анткени өкмөттө сулуулук сынагынан башка да көйгөйлөрү толтура. Мен деле колдоого муктаж эмесмин.

Көптөгөн мамлекеттерди кыдырып жүрөм. Виза алуу, чек арадан өтүү дайыма көйгөй жаратып келет. Ушул мени өкүндүрөт. Кытайда өткөн “Дүйнө сулуусу-2018” сынагына катуу даярдангам. Бирок виза кеч берилип калып сынактан баш тартууга туура келди. Бирок Кудайдын планы меникинен да бийик болду. “Дүйнө сулуусунан” да абройлуу “Аалам сулуусу” сынагына катышып келдим.

«КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЕСИПКӨЙ МОДЕЛМИН»

– Моделинг аркылуу тамак ичип-жегенден тартып сүйлөгөндү, мамиле курганга чейин үйрөндүм. Кыргызстандын ичинде өзүмдү кесипкөй моделмин деп айта алам, дүйнөлүк деңгээлдеги модель болуу үчүн өсүшүм керек.

Учурда Франция, Италия, Азербайжан, Кытай, Германия, Таиланд, Англия жана башка мамлекеттердеги моделдик агенттиктер менен келишим аркылуу иштешем. Бишкекте жаңы ачылган моделдик мектебим аркылуу ушул чөйрөдө чогулткан 5 жылдык тажрыйбам менен бөлүшөйүн дедим.

Ийгиликке сулуулук менен эмес, адамдарга кылган мамилең аркылуу жетесиң. Сулуулардын кыял-жоругу, эл менен мамиле күтө билүүсү маанилүү. Сулуулуктан башка эч нерсеси жок болсо ийгиликке жетем деп ойлобой эле койсо болот.

«СҮРӨТТӨРҮМДӨ ИРЕНЖИТКЕН ЖАМАН НЕРСЕ ЖОК»

– Менин бир дагы сүрөтүмдө иренжиткен жаман нерсе жок. Ар бир сүрөтүмдү жакшы көрөм. Профессионалдык деңгээлде чыгышы үчүн фотосессияларга жоопкерчиликтүү мамиле кылам. Ошондуктан моделдик кесибиме, сүрөттөрүмө ата-энемдин көз карашы, мамилеси жакшы. Шоу чөйрө менен үй-бүлөдөгү мамилени аралаштырбайм. Ата-энеме мен “Мисс Бегимай” эмесмин, алардын акылдуу, тартиптүү, ыймандуу кызымын.

Сулуулук деген эмне? Ар бир айым өзүн сулуу сезсе, албетте, сулуу болот. Өзүңдү сулуу сезбесең, анда башкаларга сулуу көрүнбөйсүң. Азыркы заманбап кыздарга сулуу болгон аздык кылат. Спорт менен машыгып, келбетине кам көрүп, акылын өстүрүү үчүн китеп окуп, билим алыш керек.

«ЭЛДИН ТАЛКУУСУНДА ЖҮРҮП ЧЫЙРАЛДЫМ»

– Мурда ар бир комментарийге ыйлай берчүмүн. Азыр аларга иммунитет пайда болду. Философиялык көз караш менен караганда, чалкып жата берген океанга суу куюлуп турбаса соолуп жоголот, шар аккан суу ташка урулуп жатып бышып даамдуу болот эмеспи. Анын сыңары мен дагы элдин талкуусунда жүрүп чыйралдым, быштым.

Кудай буюрса, алдыңкы 10 жылдыкта 30 жашка чыгып калат экенмин. Ага чейин өзүмдү мээримдүү эне катары көрөм. Бизнес менен алектенүү, киного тартылуу планым бар. Жакшы тилек жарым ырыс дегендей, чет мамлекеттердин шоу-бизнесине, маданият тармагына аралашып, кытай актрисасы Люси Лю сыяктуу Голливуддун кинолоруна тартылгым келет.

Бизнес тармагын өздөштүрүп Кыргызстанга инвесторлорду тартып келүү ойлорум бар.

"Аалам сулуусу" сынагынан көптөгөн курбу кыздарды таптым”.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


Модель Бегимай Карыбекова: “Жакынкы 30 жылда пластикалык хирургияга кайрылбайм”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(35)
08.07.2019. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыймандуу бекен е
08.07.2019. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ayzirek02,ошону айтын. Койнокчон тушсо да мейли эле. Ыймандуу кыздар башкача болот. Алар жарым жыланач эмес даже бутун корсотушпойт
10.07.2019. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ayzirek02,сенчи??
11.07.2019. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
katerina.li, Вот нравятся мне ваши комментарии ) Сколько читаю столько улыбаюсь. Зримо в корень и тонкий такой шлейф сарказма.
08.07.2019. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бикиничен суротунду коргозгонун ыймандуулукка жатат деп ойлобо.Европаны туурап киндигинди ,жоон балтырынды элге эле эмес атана эркек бир туугандарына коргозгонун уят.Аябай уят!
09.07.2019. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azkoni,колго тушкондо катет анжа эледер
SUPER.KG видео
08.07.2019. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кебетен менен жерге киргир уятсыз
08.07.2019. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизге десе Голливудга барып келбей эле кой,мектеп ачып жыланачтардын санын кобойтпо.Ачынып чачылбай деле дуйного таанылсан болот.
11.07.2019. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sprite, сен белгилуу болуш колундан келеби? ачылыш жазабайсынбы
08.07.2019. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койгулачы ай,оронуп алып коптогон арам иштерди жасап жургондорду билебиз.Биз али онуго элек экенбиз.Урматтуу жаштар,онуккуло,окугула.Ото тушунугубуз артта калган.
08.07.2019. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Skarlett-Skarlett,100- кылым болсо да кыргыздын менталитети сакталып келет.Мисалы менде да кыз бар,кызымды жыланач гезит бетинен коргум келбейт,подиумдан да.Баарына ыйман берсин.
meni_kut түзөттү 2019-07-08 16:35:35
08.07.2019. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
аябай сулуу кыз, суктанам тим эле.
08.07.2019. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Sprite, сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
08.07.2019. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен деле жашмын бирок заманбап жашайм,бирок эч качан жыланачтанбайм,эгер кызым ушинтип журсо каршы чыгам,ал эми оронуп жаман жолдо жургондордун куноосу озуно,таанылсын дуйного каалаганын жасасын чын эле Голливуд кинолоруна тартылса жакшы болмок,бирок тигинтип денесин корсотуп эмес.Жыналачтанбаш учун созсуз мусулман болуш шарт эмес,ар бир динде бар денени жаап журуу,айрыкча кыргыз элине туура келбейт,антип гезит бетине чыгууга болбойт.
08.07.2019. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх качан кыргыз кыздары чечинди эле,беш көкүл сулуу кыздарыбыз суусар тебетей кийип көч баштаган эл элек..
08.07.2019. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
KaGaH,Сен ошент кыздарына жайында суусар тебетей кийгизип,беш кокул оруп бак.
08.07.2019. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Dembele84,ооба
09.07.2019. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KaGaH, койнок кийип, жоолук салынып козунду карап уйдо кутуп отурган аялын барктабайт азыр эркектер почти 97 %,
11.07.2019. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Deniza88,Ким айтты сага?Анан жыланачтанып кочого чыккан аялды барктайбы?Менин аялымдын сулуулугу мен учун гана болуш керек.Башка эркекке корсотпойм.
11.07.2019. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mister-X, Сен качан аял аласын, жашоонун ойдо ылдыйын коросун, качан башындан кооооп нерсе откондо анан тушуносун , макул
09.07.2019. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирок биз учун мындай кийингенин жат корунуш.
09.07.2019. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гезит беттине купальниктин башкачараак фасонун тандаса жакшы болмок, кичине денесин жаап.Эркектердин конулун бурдурууго максаты. Гезит карабаган эркек, бул санын алса керек.
09.07.2019. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичин куйсо жата калып туз жала дечу беле.Мындай тушунук менен жашасак анда 21 кылымда жашабашыбыз керек
09.07.2019. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ай болдугула , бул кыздын денгээлине жеткен да бар, жетпеген да бар, так что ичинерди куйгузбогуло.Андан корокчо бактылуу болсун, кыргыз кызы озубуздун кызыбыз.
11.07.2019. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deniza88, лишь бы что написать. Виртуальный отдел нравов ) Я бы посмотрела на них в обычной сфере их влияния. Какие они благочестивые и высокоморальные
11.07.2019. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
NoSugarcoat, наверное мы с тобой люди обычной сферы,нам не понять каждого что внутри,но раз человек в своей жизни добился то чего не добились люди обычной сферы, стоит хотябы восхищаться а не завидовать )))Высокоморальных и благочестивых в наше время в красной книге не найдешь
11.07.2019. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Deniza88, портал кыргыз тилдүү болгондуктан кыргызча жазууну сунуштайбыз.
11.07.2019. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
admin_portal, маакул )))
12.07.2019. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Deniza88, я вот про армию комментирующих)
09.07.2019. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берген маегинин баарын кыргызча бердиби же аралаштырып урдубу,мен окугандай маек берген болсо анда азамат демекмин
10.07.2019. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akylai_aktan, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
13.07.2019. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшынакай кыз экен азаматсын максатына жет.Ал эми жаланач дегендер силерге болбойт карабагыла.
13.07.2019. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз суротторум жакшыле дейт бирок кара шоро жайлоосунан бери коргозуптурго Жаныбектин ункурунон бери корунойн деп калыптырго, киччинеле кыйгачтап кыр ашсан жетесинго
13.07.2019. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулууу кызсын фигура зынк ошону алып жургон акылдуу озун караган сыйлаган кыз
14.07.2019. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХХ
. Мен сулуу деп эсептебейм бул кызды))
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-15 09:34:51
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо