АПАМДЫН КЫЯЛЫНДАГЫ КЕЛИН

№870 4-июль - 10-июль, 2019-жыл

– Балам, Нурматтын кызы аябай жакшы кыз. Сүйлөшүп көрчү, ботом. Өзү да татынакай. Үй тиричилигине да тың. Келиниң тыпылдап үйдөгү да, эшиктеги да жумуштарды тызылдатып турса сонун да. Анан да жаркылдап чайын сунуп турса...

Апам болочок келини тууралуу кыялданып, бул сөздү миңинчи жолу кайталап маңдайымда отурат. Анысы ичимдеги сезимдерди буркан-шаркан түшүрүп жатканы менен иши жок. Нурмат байкенин кызы сулуу. Аны учурда айылдагы үйлөнөм деген балдардын баары аңдып турган чагы. Анткени ал апам айткандай, үй оокатына тың, үн-сөзү жок жумуш кылып жүрө берген жакшы келин болчу кыз. Анан да ал бул жылы мектепти аяктап жатат. Апамдын көңүлүн калтырбайын деп ал кыз менен сүйлөшүп жатам. Ал дагы менин билдирүүлөрүмө жакшы жооп берип жатат. А сүйүүчү? Мүрөк экөөбүздүн сүйүүбүзчү? Мен Мүрөктү муунуп дем ала албай калганча сүйөм. Сүйүү деген эмне экенин билесиңерби, билбейм. Бирок 2 айдан бери түндө уктай албай, уктап баратып ойгонуп кетип, көкүрөгүмдүн кысып ооруганынан буулугуп ыйлап, тамак жей албай өңдөн азып кеткенимди сүйүү дебей эмне дейм? Сени жолуктурбай калсам, Нурмат байкенин кызына үйлөнүп, балким, бактылуу жашамакпыз. Ал үчүн сени жолуктурган бүтүрүү кечеси болбошу керек эле. Дал ошол мен мектепти аяктап жаткандагы күн...

Балдар менен адатыбызча бири-бирибизди көтөрүп чаап ойноп жатып эле жанымдан өтүп бараткан сенин көздөрүңө көздөрүм чагылыша кеткен. Сенин жүзүң, уялыңкы жылмаюуң мени дендароо кылып салган эле. Өзүмдү жоготуп койдум. Оозум ачылып, сени караган бойдон катып калып балдарга шылдың болгом.

Сен бул күнү классташым Нуржанга жардам берип, кийинтип-жасандыруу үчүн келиптирсиң. Анын бөлөсү болот экенсиң.

Ошол секунддан баштап менин денемдеги ар бир клетканы ээлеп алган сен болдуң. Анда жаныңа даап бара албадым. Сенин карааның көрүнсө эле жүрөгүм кабынан чыгып кете жаздагансыйт. Ошол күндөн тартып Нуржандын үйүнө кароолчу болдум. Күнү да, түнү да ошол үйдү кайтарам. Сен чыксаң эмне деп сөз баштарымды деле билбейм. Бирок ушул көк дарбаза менин түштөрүмдүн башкы каарманы болду. Бул кылыгымды өзүң да байкап жүрүптүрсүң, үчүнчү күн дегенде жаныма келдиң

– Кандайсың? Менин атым Мүрөк.

– М-ме-мен Айбек,- мен дагы деле сенин көздөрүңдө, сулуулугуңда чөмүлүп, эсимден танган абалда болчумун. Мектептин шок баласы сөз таба албай, кыздын жүзүн карагандан тартынып, денесинен кара тер кетип Мүрөктүн маңдайында турган. Сага жагыныш үчүн колумдан келгенин жасадым. Ал үчүн 3 жыл убактым кетти. Мына, жаңы гана сен мага көнүп келатканда апамдын Нурмат байкенин кызы тууралуу баянын бир күндө жүз ирет угуп коюп отурам. Мүрөк үчүн апам экөөбүз миң ирет кырылыштык.

– Апа, түшүнсөңүз, мен Мүрөксүз жашай албайм.

– Тигини кара, жашай албайм деп. Сопсонун эле жашайсың. Сураштырдым аныңды. Буга чейин турмушка чыккан турбайбы.

– Аны ала качып кетишкен. Аракеч экен. Эки ай эле жашаган аны менен.

– Жалгыз балама күйөөдөн чыккан немени алып беремби? Эл алдында жүзүбүз жарык болушу керек. Анан да сенден 3 жаш улуу болуп жатпайбы ал кыз.

– Ал сизге чайын куюп, тыпылдап жумушуңузду кылып берсе болду да.

– Нурматтын кызын аласың!

– Ээк, мага жок дегенде бир жолу өз жашоомду башкарганга мүмкүнчүлүк бересизби, апа?

Мына, бакытымды талкалаган стереотиптер. Алар мени кыйнашат. Кыйнап отуруп кайда жетелеп барышар экен? Апамдын көңүлүн ооруткум келбейт. Бирок анын мээсине сиңип калган түшүнүктү өзгөртүүгө чамам жеткен жок. Ошондуктан көкүрөгүмдүн жанчылып, жан дүйнөм караңгылап баратканына карабай, жакында Нурмат байкенин кызынын колун сураганга барам. Апама өзү тандаган келинин алып берем, өзү тандаган кудалары менен катташуусуна мүмкүнчүлүк түзөм. Мунун алсыздык же күчтүүлүк экенин билбейм. Бир гана апамдын көңүлүн оорутпашым керек экенин билем. Ошол эле убакта Мүрөк менен кошо максаттарым, жоголот. Мен, апам жана апамдын кыялындагы келин үчөөбүз калабыз. Балким, бактылуу болобуз. Ала качылып турмуш куруп, кийин ажырашканы, менден улуу болгону үчүн ташталганын билгенде эрдин тиштегилеп коңшу айылда Мүрөк отурган болот, мен берген белектерди бирден тытып... Бир гана нерсени тилейм, менин балдарым чоңойгончо коомчулук ушул сыяктуу жаңылыш жана маанисиз түшүнүктөрдөн арылып калса экен.

Айбек


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
08.07.2019. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чыныгы суйуу жетбеген суйуу дейт. Турмуш бытовой нерселер менен суйуудон алаксытып койот. Кээде жаман жакшы соз айтылат. Апанын конулунда караганын жакшы.
08.07.2019. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ainura220888,Апан билгенд сен билбейсиң. Айтканын кыла бергениң жакшы.
08.07.2019. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жашоодо гулго гул гана жарвшат демек сен оз тенин менен жашасан кудаа кааласа бактылуу болосун бир кун ортонордон соз отсо сенден кемсинтуу уе
08.07.2019. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Нурмат байкенин кызын жактырыптырсыз да, суйбосонуз Албан.
09.07.2019. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Убагы келип апана мир ирет рахмат айтасын. Жана да өзүн ата болуп уулун сендей учурга туш болуп калса кудум апандай жол тутасын. Бул жашоо! Сен элуудо болгондо азыркыдай ойлонбой каласын. Ар курактын ой жүгүртүүсү ар түрдүү болот, ар замандын эмес!
09.07.2019. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мага Бул жерде бир эле Нармат аканин кызына жалко (
09.07.2019. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мендей болуп атасын сен дагы,мен дагы убагында эрден чыккан келинди суйуп эжелерим каршы болуп кийин башкага уйлондум ал башкага турмушка чыкты,бирок азыр эжемдерге рахмат айтам кантип ошол келинди суйдум экен деп журом азыр
11.07.2019. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ортодо сүйүү жок болсо баш кошпонуз; Өзүнүзгө кыянаттык кылган болосуз. Жашоо сиздики. Анын менен өмүр бою жашай турган сиз. Андыктан жети өлчөп бир кесип өзүнүз сүйгөн Мөөргө баш кошконунуз туура болот
11.07.2019. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
суйуу деген убактылуу нерсе, Мурогунду алсан деле жыргатпайсын, апан омур бою каршы болуп Нурматтын кызын алсан андай болмоксун мындай болмоксун деп омур бою Мурогунду жактырбай отмок. Анын созу менен сен да кыйналыш болгон сайын- жашоодо болбой койбойт, Мурогунду жек коруп жашоосун карангы кыласын.Эркектер баарын мен чечем деп кыйын болот бирок апасы чечет,андан сон аялы чечип калат.Суйуп деле жыргатпайсын Мурогунду ушинтип отурсан
11.07.2019. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
башкаларда кандай бирок бизде кыргыздарда суйуу деген убактылуу кызыгуу бир адамга болгон.Бизде кыргызда эненин балага болгон суйуусу деген гана бар, калганы жон эле понттор ))))
12.07.2019. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Deniza88,башкаларда деле суйуу убактылуу. Ажырашып кетишет да анан любовь прошла, это была ошибкой наверно я ещё не встретил настоящую любовь деп оздорун аалдайт.
12.07.2019. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акыл сезбегенди жүрөк сезет, жүрөгүңө көңүл бур, жүрөгүң кимди каалап атат ошону ал.
12.07.2019. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апан дело говорит, апан макул болуп Мурогуну алсан деле коом жоро достор баары Бир сенин артынан суйлойт, эрден чыккан немени алып алды деп. Досторунун арасында кадырын тушот.
13.07.2019. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bizdin kyrgyzdyn ataeneleri kiriship jashamaiyncha jashoosu otpoit,,kuchu jetpegende bakshyga bara kalyshat,,jindi jashoo
13.07.2019. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал экоон тен, ошондо шорун шорподой кайнайт же кайнабайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо