ТИКЕН БАСКАН ТАЛАА, ДАТ БАСКАН ДАРБАЗАЛАР, КАРАЛБАЙ КАЛГАН СТАДИОН

№870 4-июль - 10-июль, 2019-жыл

Кыргыз өлкөсүндө Союз тарагандан кийин дээрлик көпчүлүк стадион каралбай калган. Аймактардагы стадиондорду кой, борбор калаадагы бир канча стадиондун кээ бири менчикке өтүп, түп тамырынан жок болуп кетсе, кай бири каралбай калгандардын катарында. Бишкек шаарындагы «Эмгек Резерви» стадиону да өлбөстүн күнүн көрүп келүүдө.

«Эмгек резерви» стадиону Бишкектин түндүк тарабында, Чоң Чүй каналынын боюнда жайгашкан. Бетон дубалдар менен курчалып, киргенде эле футбол талаалары көрүнөт. Мында жалгыз бир футбол талаасы сугарылып, каралып турат. Ал эми аймагында дагы 2 футбол талаасы бар, убагында бири резина, экинчиси кум же жыгачтын таарындысы төшөлгөн талаалар болгон. Бирок азыр ал талааларды эбак тикен каптап, дарбазаларын дат басып кеткен.

Мындан тышкары стадиондо эки волейбол аянтча, эки теннистик корт бар. Алардын бар деген аты эле болбосо, бул аянтчалардын каралбай калганына көп убакыт болгон. Волейболдук аянтчанын бирөө гана жарактуу.

Стадиондогу чуркай турган жердин резинасы эбак жок болгон. Ден соолугуна кам көргөнү келгендер бетонду бойлой чуркашат. Ал бетондор да тешилип-жарылып бүткөн, ыңгайсыздык жаратпай койбойт.

Учурда бул стадион Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин карамагында. Андыктан бул кесиптик лицейлердин окуучулары үчүн дене тарбия жана спорттук борбор болуп саналат.

Бул жерде стадиондордон тышкары спорт залдары да бар. Анда футбол, кыргыз күрөш, бокс, эркин күрөш, самбо боюнча секциялар уюштурулган. Залдар Союз мезгилинде салынган боюнча, толук оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

Стадиондун аймагында Союз тарагандан кийин бир гана мини-футболдук аянтча салынган.

Аталган стадиондун аймагы барган сайын жеке менчикке өтүп, жанынан иштери жүрүп жаткан курулуштарды көрүүгө болот.

«Акча каражаты канча бөлүнүп берилсе, ошого жараша оңдоп-түзөө иштери болуп турат. Жалпы аянты 7 гектар, анын ичинде бир футбол талаасы, чуркоочу жай, мини-футболдук талаа, волейболдук аянтча иштейт. Калгандары Союз тарагандан бери иштебей келет. Стадиондун аянты карта боюнча такталып, кирбей калган жерлер киргизилди. Эч жери ижарага берилбей, жеке менчикке өткөрүлбөй турат. Суу түтүктөрү да алмаштырылган эмес, бир жагынан бүтөлсө экинчи жагы жарылат. Бул жакта аянт кенен, каражат бөлүнсө жакшы спорттук борбор куруп койсо болот»,- дейт стадиондун чарба башчысы Рахат Сыдыгалиев.

Бул дарбазанын гол көрө элегине көп болду.
Тешилип бүткөн чуркоочу жер.
Стадион кароосуз калганын тамтыгы кеткен отургучтардан да көрсө болот.
Чөп басып кеткен теннис корту.
Көп жылдан бери топ көрө элек теннис корту.
Тикен баскан футбол талаасы.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
08.07.2019. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Башкалар мындай стадионго жетпей жатса. Биздин чондор бар нерсе барктабайт. Ондоп берсе канча деген жаштар ошол жерде ойномок экен
08.07.2019. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акыбалын коруп ыйлагын келетко. Биздин чондор аман эле болсунда...
08.07.2019. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чейрек сайын ушул жерден физо тапшырабыз.Суротко дагы жакшы жерлерин тартыптыр.
09.07.2019. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ондоп жакшынакай кылып коюшса болот
12.07.2019. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ЧЧКнын(бчк) кайсы жеринде? Ош базар менен Көлмөнүн ортосунда эмеспи?
13.07.2019. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой ондоп берсе деле талкалайсынар. Канынарда бар эркектер. Уйго келип аялдарынарга кыйынсынар кочодо темир тесекке кыйынсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо