Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ПЛАНЕТАБЫЗДЫН ЭҢ БАЙ СПОРТЧУЛАРЫ

№404 30-июль - 5-август, 2010-ж.

Өткөн аптада “Форбс” салтка айланып калган 2009-жылдын эң бай спортчуларынын рейтингин жарыялады. Ошондой эле аталган басылма быйыл биринчи жолу планетабыздын эң бай спорттук командасын да аныктап чыкты. Командалар арасында англиялык “Манчестер Юнайтед” эң кымбат команда деп табылса, жеке спортчулар арасында гольфчу Тайгер Вудс кайрадан эң бай спортчулардын тизмесинин чокусунан орун алды.

“МАНЧЕСТЕР ЮНАЙТЕД” –
ПЛАНЕТАНЫН ЭҢ БАЙ КЛУБУ
Жогоруда белгиленгендей, “Форбс” планетанын эң кымбат командаларынын тизмесин биринчи жолу түзүп чыкты. Буга чейин эң бай футболдук командалардын тизмелерин жарыялап келген. Кызыгы, тизмеде америкалык командалар басымдуулук кылат. Ошентсе да биринчи орунда Европанын өкүлү – англиялык “Манчестер Юнайтед” турат. Анын базар баасы 1,8 миллиард долларды, ал эми 2009-жылкы кирешеси 459 миллион долларды түзгөн. Рейтингдин түзүүчүлөрү 2-орунду америка футболу боюнча “Даллас Ковбойз” командасына беришти. Бул команданы сатып алам дегендерге 1,6 миллиард коротууга туура келет. “Ковбойз” өткөн жылы 280 миллион доллар иштеп тапкан.
Мыкты үчилтикти баасы 1,6 миллиард доллар “Нью-Йорк Янкиз” бейсбол командасы толуктайт. Кирешеси – 441 миллион доллар. “МЮнун” түбөлүк атаандашы болгон мадриддик “Реал” 6-орунга түшүп кетти. Айта кетсек, командалардын кирешелери, негизинен, төмөнкү 3 булактан алынат: түз алып берүүлөрдөн, жарнамалык келишимдерден жана стадионго келген көрүүчүлөрдөн.


ТЕҢДЕШСИЗ ВУДС
Ошондой эле “Форбс” жеке спортчулардын да жылдык кирешелерин тактап чыкты. Бай спортчулардын тизмесинин башынан америкалык гольфчу Тайгер Вудс түшкөн жок. Кызыгы, планетанын эң бай 50 спортчусунун 30 пайызын баскетболчулар түзүшкөн.
2009-жылы эң көп кирешеге ээ болгон баскетболчу Коби Брайант болду. Ал жарнамадан жана аты жазылган товарларды сатуудан 48 миллион долларга ээ болгон. Ошентсе да аны бул жагынан Тайгер Вудс (кирешеси 105 миллион доллар) жана Флойд Мейвезер (65 миллион доллар) бир азга ашып түшүштү.
Футболчулардан эң көп киреше №1-гламурдук англиялык футболчу Дэвид Бекхэмге таандык. Ал соңку жылдары алдыңкы командаларда ойнобосо да, атын туура пайдалануунун аркасында 43 миллион доллар таба алган. Бекхэмден тышкары эң бай спортчулардын катарына футболчулардан Роналду, Месси, Анри, Роналдиньо жана Кака илинишкен. Ал эми аталган тизмеде “ЮАР-2010дун” бир да каарманы (Снейдер, Форлан же Иньеста) жок.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(4)
03.08.2010. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lebron dagy ba6ka kontract tyzdy go, ogo beter koboityp kire6esin
Ja6tar baseball oinogula;)
03.08.2010. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз спортчуларыныкын деле эсептеп корбойсүңөрбү?
03.08.2010. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
David Bekhem azamat da, birok Germaniyada ele jashasa bolmok.
05.08.2010. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын эң бай спортчуларын жазсаңыз болобу? Же тескерисинче эң кедей спортчуларбы? Мага кызык болууда!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо