№870 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
Кыргызстандык эпатаждуу кийимдердин дизайнери Максат Сманов Санкт-Петербург шаарында өткөн этномода IBEFF фестивалынын алкагында дизайнерлер арасындагы сынакта биринчиликти алды. Эл аралык сынак 22-июнда өттү. Бул тууралуу дизайнер өзү билдирди.
“Эл аралык дизайнерлердин этномода сынагында авангард стилиндеги кийимдерди көрсөтүп, биринчиликти алдым. Сынакка 16 өлкөдөн 21 катышуучу катышты. Менин кийимдерим көрсөтүлүп жатканда эл туруп кол чаап жатышты. Бул менин эмгегимдин чын эле кызыгуу жаратканынын көрсөткүчү болду деп кабыл алдым”,- деп кубанат ал.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |