Бүгүнкү биздин каарманыбыз ырчы Нурмат Садыров болду. Ырчы мырза бойдок болгондуктан маегибиз кыздар, күйөрмандар, бойдокчулук жана чыгармачылык тууралуу болду.
– Салам, Нурмат, ден соолуктарың жакшыбы? Былтыркыга салыштырмалуу быйыл чыгармачылыкта азыраак иштеп жатасың го...
- Рахмат, жакшы жүрөм. Негизи анча-мынча тыныгуу болот, «чыгармачылык кризис» деп коёт го. Кечке эле көрүнгөн жерден чыга бербей, кээде ушундай тыныгуу керек болуп калат. Атайылап кылбайсың, көбүрөөк жеке жашооңо көңүл буруп калганда ырлар аз жаралып калат. Бирок иштеп эле жүрөм. Азыр тойго ылайыктуу эмес, көбүнчө жай ыргактагы ырларды жаздырып жүргөн кез. Жай ыргактагы ырлар той ырларындай хит болуп кетпейт.
– Жеке жашоомо көңүл бурдум деп жатасың, жүрөгүңдүн ээсин тапкансың го, ээ?
-Жок, азырынча таба элекмин. Издеп жүрөм. Апама, бир тууганыма көңүл буруп жүрдүм. Андан сырткары жакшылыктардан, той-топурдан көбүрөөк колум бошогон жок.
– Аптапта ырчылардын көбү Көлгө же тоого барып эс алып келишти. Сенчи?
- Бойдок кезде көбүрөөк иштеш керек болуп жатат. Эмнегедир убакыт аябай бат өтүп жаткандай сезилүүдө. Мурда билинчү эмес, 1 жылда 1 ыр жаздырып, 1 клип тарттырып шашпай жүрө берчү элем. Азыр 1 жылда 6 ыр жаздырып, 6 клип тарттырсаң деле аздык кылгандай болуп жатат. Эс алайын десем толтура ишим калып кетчүдөй.
– Үйлөнгөн соң үй-бүлөгө көңүл буруп, чыгармачылыгыма убакыт тар болот деп камданып жаткансың го...
- Андай кичине ой бар. Себеби бирөөнүн күйөөсүнө эле бойдок кыздар кызыга бермек беле?..
– Күйөрмандар жоголот деп үйлөнүүнү артка жылдырып жатасыңбы?
-Баары бир бойдок ырчыларга кызыгуу башкача болот да. Бойдок жүрсөң кээ бир бойдок күйөрман кыздарда
«тийип калат болушум керек» деген үмүт да болушу мүмкүн
(күлүп). Балким, мен деле чыгармачылыгымды сыйлаган күйөрмандардын бирөөсүн алып калышым мүмкүн да. Азыр бойдок болгондуктан күйөрмандарым көп. Үйлөнсөм бир аз азая түшөт болуш керек. Аны билип эле турам. Бирок чыгармачылыгымды жакшы көргөндөр үй-бүлөмдү деле жакшы көрүп сыйлашат деп ойлойм.
«Мен сиздин үйлөнгөнүңүздү эле күтүп жүрөм, сиз качан үйлөнгөндө гана турмушка чыгам» же
«сиз үйлөнсөңүз мен өмүр бою турмушка чыкпай жашай берем» деген күйөрман кыздар бар.
– Чындап эле күйөрман кыздарыңдын бирин жактырып калсаң аласыңбы?
- Үйлөнөрүмө чындап эле аз калды. Чыгармачылыктын түбүнө жетпейт экенсиң. Ыр жаздырып, клип тарттырып, элге кызмат кылып тойбойт экенсиң. Чыгармачылыкта ийгиликке жеткеним менен, үй-бүлө жактан кечигип жатам деп ойлоном. Мен дагы эртерээк балалуу болуп, алардын эрте чоңоюшун каалайм. Убакыт мени шаштырып жатат. Эгер убакыт шаштырбаса, дагы 2-3 жыл бойдок жүргүм келет. Буюрса, быйыл үйлөнөм деп пландап жатам, бирок ылайыктуу кыз жок. «Артисттерде кантип кыз жок болсун? Кыздардын баары силерде да. Кыздардын баары бирдей, жакшы кызды өзүң тарбиялап алсаң болот» дей беришет. Бирок көз жумуп эле үйлөнө албайт экенсиң.
– Бир кездери «Нурмат Садыров ырчы Толгонай Арзыкееваны жактырат экен» деп кеп тараган. Ырчы кыздар жагабы же күйөрман кыздарбы?
- Ырчы кыздарга үйлөнүп алчу болсом чыгармачылык жактан мага колдоо эле болот. Балким, ырчы кыздарды, балким, күйөрман кыздарымды алып калам. Бирок күйөрман кыздардан эле алган жакшы. Себеби ошол күйөрман кыз менин чыгармачылыгымды, бардык жагымды сыйлап, түшүнөт болушу керек
Ал эми Толгонай жакшы кыз. Анын жигити бар да. Бирок Толгонайдай жакшы кыздар жок эмес деп ойлойм. Мен күтүп жүрөм ошол кызды. Каякта жүрөт? Сонун күндөрдү бирге өткөрөт элек. Киного бармакпыз, Көлгө бармакпыз... Эмдигиче жентек той өткөрмөкпүз. Өзү эртерээк жолукпай жүрбөйбү.
– «Артистти күйөөм дебе» деп күйөрмандарың сага жолукпай жүрүшөт го анда...
- Ал макал «отмена» болгон. Азыр артист эместерди деле күйөөм дебегиле. Тескерисинче, артисттер эл көзүндө болгондуктан тартынат, түз жүргөнгө аракет кылат. Клиптерди да элге үлгү болгудай, идеалдуу жашоону көрсөтүп тартабыз. Мисалы, клипте мен аябай байдын баласы болуп тартылсам, жашоомдо бай деле эмесмин. Клиптен күйөрман кыздар көрүп «Нурматка тийсем ошондой бардар жашоодо жашайм» же «Асел Кадырбековадай болуп кетем» деп ойлошу мүмкүн да. Бирок андай болбой да калышы ыктымал. Себеби мен жеке жашоомду өтө деле жарыялагым келбейт. Эгер чыгармачылыктагы кызды сүйүп, ага үйлөнсөм, анда дайыма эл алдында болуп, экөөбүз кош жылдыз болобуз. Эгер чыгармачыл эмес кыз менен үйлөнсөм, анда элге чыгарбайм.
– Кээ бир ырчылар хайп жаратууну жактырышат. Сенде да ошондой ой болобу?
- Башынан эле мен негативдерге көп көңүл бурбайм. Көбүнчө мага жакшы комментарийлерди жазышат, жаман комментарийлерге туш болгум келбейт. Кээ бирлер жаман комментарийлер аркылуу мен популярдуу болуп жатам деп ойлоп «кара пиар» жасашат да. Менимче, сен чыгармачыл адам болгондон кийин артыңдан өмүр бою жакшы сөз ээрчип турганы жакшы. Оор басырыктуу, кадыр-барктуу ырчы болгум келет. Ошондуктан жан талашып «кара пиар» же «хайп» жасаганга аракет кылбайм. «Кара пиар» аркылуу популярдуу болгуча жакшы жагым менен таанылгым келет.
– Байкашымча, элге таанылгыча 10 жылдай убакыт короттуң окшойт. Бир кездеги кыялың азыр ишке ашып жатабы?
- Чынында эле чыгармачылыкта көп жүрдүм. Мурда 2-3 ырымды жаздырып алып тажрыйба топтоо үчүн таанымал ырчыларга кошулуп гастролго барып ырдап, бийлеп, алпаруучу болуп келчүмүн. Көңүлү менен акча беришсе алып койчумун, бербесе капа деле болчу эмесмин. Азыр 1 эле ыр жаздырып алгандарга «мени менен гастролго барып ырдап келбейсиңби» десең «канча сом бересиз?» деп дароо акчасын сурайт. Заман улам өзгөрүп жатат. Таң калганым, менде чыгармачылыкка болгон кызыгуу ошол кезде аябай күчтүү болгон экен. Такыр үмүтүм өчкөн эмес. Ошондуктан ушул деңгээлге жеттим десем болот. Азыр деле чыгармачылыкка ышкым өчпөй уланта бергим келет. Ушул кезди мен кыялымда да эңсечүмүн, түшүмдө да көрчүмүн. Ушул нерселерге жеткирген Кудайга миң мертебе ыраазымын.
– Маегиңе ыраазычылык. Кыялдарың орундалсын!
18 жашар боз уландардай жооп бериптир го суроолорго