№871 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
Тажикстандын түштүгүндө жайгашкан абакта 14 кылмышкер нанга ууланып каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, 7-июль күнү абак жайында жаза өтөөчүлөрдү Хужанд жана Истаравшандан Дүйшөмбүдөгү Нурек жана Яван колонияларына жеткирип бара жаткан кербен жолдон 6 ирет токтогон. Тамактануу учурунда кылмышкерлердин бири 16 адамга 3 бөлкө нан тараткан. Жарым саат өтпөй кылмышкерлер өзүн жаман сезип, кускулары келе баштаган. Абакка жеткенде баары эс-учун жоготушкан. Дарыгерлер ууланган 16 адамдын ичинен 2 гана адамды сактап калышкан. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, атайын тергөөчү топ түзүлгөн.
Дамира Арстанова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |