Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Лилия Абдыбаитова, ди-джей: “КҮЧТҮҮ БОЛЧУМУН. ТУРМУШКА ЧЫККАНДАН КИЙИН НАЗИК ЖАНГА АЙЛАНЫП БАРАТАМ”

№871 11-июль - 17-июль, 2019-жыл

“Кыргызстан обондору” радиосунун мукам үндүү ди-джейи Лилия Абдыбаитова турмушка чыкты. “Ушул курактагы мамиле өзгөчө барктуу болот” деген айымдын бактылуу бейпилдиктеги жан дүйнөсүнө саякатка бардык. Ошол бакыт тууралуу маегибиздин күбөсү болуңуздар.

– Кандайсыз, Лилия эже? Маекти шыр эле жакшы жаңылыгыңыздан баштагым келип жатат. Тууруңуз туруктуу болсун! Үй-бүлөлүк жашоодо жолдошуңуз менен бактылуу болуңуздар! Сиздин жүрөгүңүздү багындырган мырза ким?

– Жакшымын, рахмат! Менин дарегиме айтылган миңдеген каалоо-тилектерди социалдык тармактардан, телефондон да кабыл алып өзүмчө толкунданып жүрөм. Чын дилимден баарыңыздарга рахмат айтам. Жолдошумдун аты Акылбек. Кесиби боюнча котормочу. Бир нече тил билип, эл-жер кыдырган мырза. Ал экөөбүз ушул жылдын 7-июль күнү нике кыйдырдык. Күзүндө дос, кесиптештерди чогултуп, той өткөрөбүз, буюрса.

– Жаңылыгыңыз менен бөлүштүңүз. Бирок күйөрмандарыңыз түгөйүңүздүн сүрөтүн да көрүүгө кызыкдар.

– Акыл оор басырыктуу, жашоого олуттуу караган жигит. Ал көпчүлүккө көрүнүп, жеке турмушту мүнөт сайын чагылдырганды жактырбаганын мага башында эле айткан. Ошол себептүү анын сүрөтүн күтпөй эле койсоңуздар болот.

– Жогоруда жолдошуңуздун сапаттарын айтып кеттиңиз. Андан тышкары жездебиз башка мырзалардан эмнеси менен сизге өзгөчө көрүндү?

– Акыл экөөбүздүн көп окшоштуктарыбыз бар экен. Үй-бүлөдө ал жалгыз уул, мен жалгыз кыз. Ал дагы мага окшоп чоң эненин колунда чоңойгон. Алдыга койгон максаттары жакты. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөн убакта ортодо пикир келишпестиктер болбой койгон жок. Ошондой учурларда Акылдын өзүн алып жүргөнү, сүйлөгөн сөзүнө баа бердим. Экөөбүздүн жашоого көз карашыбыз бир экенин байкадым. Экөөбүз тең буга чейин турмуш көргөнбүз, турмуштун сыноолорунан өткөнбүз. Акыл экөөбүз ак-караны ажырата билген, турмуштун ысык-суугун көтөрүп калган мезгилде кезиктик. Эми баары жайында болот деген ниеттебиз.

– Ошондой эле болсун! Кантип, кайдан таанышып калдыңар?

– Интернет аркылуу таанышканбыз. Ал мага 8-мартта өзгөчө сөздөргө толгон куттуктоо жазып жибериптир. Мен таң калдым, мени билбеген адам эле ушундай сөздөрдү арнайбы деп. Анан ошол суроону өзүнө бердим. Ошентип таанышып калдык. Сүйлөшүп көрүп, кийин жолуктук. Ал көргөндө эле “болду, сен мага турмушка чыкканга даяр бол” деди. Мен “бири-бирибизди байкайлы” деп токтотуп койдум. Экөөбүз 5 ай сүйлөшкөндөн кийин чогуу түтүн булатуу чечимине келдик.

– Жаңы жашоо баштагандан корктуңузбу?

– Албетте, корктум. Өзгөчө уулумдун кабыл алуусу кандай болот деп чочуладым. Себеби уулум менин жанымда башка эркектин жүргөнүн буга чейин көргөн эмес да. Ал абдан кызганды. Азыркыга чейин көнө албай жатат. Бирок Акыл менен сүйлөшүп көрүп, “апа, ал мени жакшы түшүнөт экен” деп айтты. Муну укканда мен сүйүнүп калдым. Бара-бара уулум бизди түшүнүп, бул жагдайга көнүшүп кетебиз деп ишенем.

– Бул жаңылыкка ата-энеңиз кубанып жатса керек?

– Ата-энем толкунданып да, сүйүнүп да жатат. Кызыгы, Акыл апама шыр эле жакты. Ал эми атам менен баламдын кызганганы билинди.

– Сүйүүгө ишенесизби?

– Сүйүүгө ишенем. Өзгөчө “эркек сүйсө алат” деген сөзгө ынандым. Өз ата-энемдин мамилеси да бул сөзгө далил. Ата-энем азыркыга чейин кол кармашып жүрүшөт. Бири-бирин дайым колдоп турган таттуу түгөйлөр.

– 30 жаштын ары жагында деле жаш кездердей ынак сүйүү бар бекен?

– Ооба. Тескерисинче, ушул жаш куракта адамдык мамиле, жылуу сөздүн баркын билип, баалап, ырахаттанасың. Мага ушул курактагы мамиле жагат. Анткени түгөйлөр бири-бирин баалай билишет. Убакытты болбогон таарынычтарга кетирбестен, жаныңдагы жакын адамыңдын көңүлүн алып жашагың келет.

– Сизге көпчүлүк күчтүү аял деп баа беришет. Өзүңүздү күчтүү айым деп эсептейсизби? Күчтүү айымдардан мырзалар коркушат деп да коюшат. Ошондой бекен?

– Күчтүү болчумун. Баш кошкондон кийин назик жанга айланып баратам. Чынында эле күчтүү айымдардан мырзалар коркушат. Бирок акылдуу айым күчтүүлүгүн билдирбейт.

– Мырзалар менен таанышууда, мамилени андан ары улоодо айымдар биринчи кадамды жасап, аракет кылышы керек дешет...

– Мамиле түзүү эки адамдан тең күчтү, убакытты, аракетти талап кылат. Андыктан кыз да, жигит да кай бир учурда демилге көтөрүп турушу керек. Баарын эле эркекке же кызга жүктөп коюу туура эмес. Мурда ушундай кеңештерди бергенден тартынчумун, эл “өзү биринчи күйөөгө тийип алып, анан сүйлөсүнчү” деп айтпасын деп. Эми кыйын боло берсем болот (күлүп).

– Үй-бүлөдө ишеним болсо, көп маселени жеңип кетүүгө мүмкүн деп ойлойм. Бирок мырзаларга ишенбеш керек дешет. Сиздин бул көз карашка пикириңиз кандай?

– Мырзаларга ишенбеш керек дегенге кошулбайм. Ишенгенибиз үчүн анын жанында жүрөбүз да. Ишеним болбосо мамиленин кереги эмне? Болгону мырза сенин оюңду, сенин андан эмне күткөнүңдү билиши керек. Биз аларга көбүнчө каалообузду өзү билип алсын деп айтпай эле күтүп жүрө беребиз. Алар байкуштар эмнеге таарынып жатканыбызды түшүнүшпөйт.

– Жумушуңуз кандай болуп жатат? Жолдошуңуз иштебе десе, үйдө отурууга даярсызбы?

– Мурдагыдай эле “Кыргызстан обондорунда” программалык директор жана “Мегакомдо” абоненттерди колдоо кызматында супервайзер болуп эмгектенип жатам. Жолдошума “үйдө отурганга даярмын. Бирок үйдө отурсам, мени жинди кылып аласың” дегем. Ал “кааласаң иштей бер” деди.

– Түз эфирдеги окуялардан айтып берсеңиз.

– Бир жолу түз эфирде бир угарман айылындагы бир жигитти аябай мактап кирди. “Ал баарына жардам берет. Футбол талаасын курдуртту, кышында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратат” деп айтып берип жатат. Биз кошо мактап коштоп отурабыз. Бир маалда “ал ким болуп иштейт?” деп сурап калсак, “криминал” деп коёт. Ошол жерден эфирди токтотуп, ыр бере калдык. Ошондо элдин крим чөйрөдөгү адамдарды туу тутуп жатканына кадимкидей ичим ачышкан.

– Футбол көргөндү жактырат экениңизди билебиз. Кайсы команданын, футболчунун күйөрманысыз?

– “Барселона” клубу. Албетте, Месси өзгөчө жагат. Ал жөнөкөй жылдыз да.

– Жакшы. Эмнени кыялданасыз? Алдыдагы пландарыңыз?

– Менин карьера менен жеке жашоону чогуу алып кетсем экен деген аруу тилегим бар эле. Буюрса, ошол учур келди. Тирек болгон жолдошум, балам бар. Эми дагы кыздуу, уулдуу болсом деп тилейм.

– Бактылуусузбу?

– Ооба, бактылуумун. Көңүлүм тынч, жумушумдан ырахат алам. Айланамда жакшы адамдар бар. Таттуу күндөрдү башымдан кечирип жатам. Мындан өткөн керемет барбы?

– Сонун! Ар дайым бактылуу болуңуз. Жакшы жаңылыктарыңызга күбө бололу.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(29)
15.07.2019. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бактылуу болунуз.Бактылуу болгонго акыңыз бар.
15.07.2019. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Иии аявай жакшы кором. Арстанбек Абдыманов экоону пара ойлой берчуумун. Бактылуу болунуз. Эркектер эки кундо уйлонот. Аял заты баласын, кийинки жашоосун ойлоп кеч турмушка аттанат экенда экинчи жолу...
15.07.2019. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ар бир адам бактылуу болгонго укуктуу. Бактылуу болуңуз, көп ийгиликтерге жетиниз
15.07.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кундо эрте менен
15.07.2019. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аябай суйундум Лилия эже сиз учун. Аблан кубанычтамын. Бактылуу болунуздар. Коп балалуу болунуз
15.07.2019. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болунуз сонун жанылык
15.07.2019. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бактылуу болуңуз.Баласы чоң жигит болуп калыптыр,келишимдүү ,келбеттүү ,токтоо.Атасына окшоп алактап шалактабай.
15.07.2019. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nevestkaa,туура айтыпсыз
15.07.2019. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула!
15.07.2019. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жанылык, ар дайым бактылуу болунуз...
15.07.2019. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куттуктайм! Ылайым көп балалуу болуп, бактылуу жубайлардан болгула.
15.07.2019. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчи куйоосу ким эле
15.07.2019. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Klaridze,Тынар байке
15.07.2019. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Nurtilek06,Мен Тата Уланго деп журбоюмбу??
15.07.2019. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуз!Чын журоктон суйундум.Узак-узак жашагыла!
15.07.2019. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Лилия бактылуу бол!Окуп алып,абдан кубандым.Омурун узун болуп,жузунон кулку кетпесин.
15.07.2019. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бактылуу болсун!
16.07.2019. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгочо Месси жагат деген жери болбой калыптыр
17.07.2019. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
u02u02,Эми жон не гана фанат катары айттыда не болуптур.Журналистда суроо тугогонсуп ушуну берет тоа
16.07.2019. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Месси жакса Акылбек эмне болду?
16.07.2019. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тыкенин таманы тызз дептирда э
16.07.2019. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
macho90,Тыкен эжени давно тызылдаткан
17.07.2019. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуз эжеке
17.07.2019. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуз бактылуу болууга татыктусуз кармашкан колуңар узулбосун
18.07.2019. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылбек акылдуу мырза көрүнөт,....
18.07.2019. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баласы чонойуптуп эми жашоо керек Азамсын бактылуу бол...Мамасы кыргыз эмес го Лилиянын же мага ошондой корундубу??
18.07.2019. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Акылдуу айым кучтуулугун билдирбейт"
Эн туура+
19.07.2019. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул айымды өлө сүйчү элем, аттиң.. мейли эми бактылуу болсун! Кыргыздын "кызга бергис жубан бар"-деген макалына татыктуу айымдардын бири..
aydinnur түзөттү 2019-07-19 14:08:45
20.07.2019. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aydinnur, Сөз менен эле айтып сүйүп кала бербей, экинчиге чаап алсаң болмок экен, итак 10 жылдай бойдочка жүрүптүрго)).
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо