№871 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
– Мен күйөөмдүн биринчи аялымын. Менден кийин экинчи аялы бар, балким, дагы үчүнчүсүн алат. Ким билсин? Күйөөм экөөбүз 20 жыл мурун баш кошконбуз. Ал учурда жашообузда көп нерселер болорун билгем. Бирок үстүмө бирөөнү алышы үч уктасам түшүмө кирген эмес. Эмнеге мен биринчи аялдын статусунда калдым. Эмнеге ажырашып кетпедим? Менин жүрөгүм күйүп-жанып, жан дүйнөм тозокко айланган жок дейсиңерби? Айланды! Бирок мен 20 жыл мурун колун кармаган айдоочу азыр бутуна толук турган бизнесмен. Мен курсагымды челкейтип алып бутум шишип кеткенче кийим тигип, тигүү цехин ачып анын бизнесин чогуу түптөшкөм. Эми ажырашып кетип, жыйнаган мүлкүбүздүн жарымы капкайдагы бир катындын колунда калышын каалаган жокмун.
Бирок тозокто жашадым. Өрттөнүп кеттим. Эч бир эркек аялдын бул абалын түшүнө албаса керек. Куду ичиңде бир от кирип, куйкалап жаткандай сезим. Сырттагы оттон качсаң болот экен, ичтеги оттон кантип качасың?
“Дүйнөдө жалгыз эркек болсо да эмне, ботом?” дешти тааныгандар. Ал мен үчүн бир эле күйөө эмес эле. Бир көзүм, бир бутум, акылымдын жарымы, жашоомдун жарымы эле. Көз алдымда сүйдү башканы. Көз алдымда чабалактап, аны же үй-бүлөсүн тандай албай алдастады. Менин абалым деңизден ыргытылган балыктай болсо, анын абалы эки бөлүнгөн кемедей болчу.
Бактылуу болдубу? Менимче, жок. Көзгө көрүнбөгөн, эч ким сезип-сезе албаган, колго кармалып кармалбаган бир ирмемди кубалады. Чыныгы сезим эмес экенин сезгенинде кеч эле.
Бактылуу болдумбу? Жок, колунан оюнчугун жулдуруп жиберген баладай томсордум. Өмүр бою чогулткан мончокторум чачылды. Ар бир кышын сулуулап, кынаптап коюп чыккан сепилим урады.
Балдарыбыз бактылуу беле? Жок! Биздин көздөрүбүздү суроолуу карашчу. Кимибизге жан тартарын билбей ортодо чайналышты.
20 жыл бою жашадым, бүтүн дүйнөм менен күйөөмө байландым. Сүйдүм. Азыр мага жакын адамдардын бири эле “жакшы аялдан күйөө кетмек эмес” деди. Көрсө, кетет экен. Ал менден кетпеши үчүн эмне кылышым керек эле? Кыз десе кыз, уул десе уул төрөп бердим, колуна кол, бутуна бут болдум. Үйү жыйналбай, өзү жүдөгөн аялдардан деги эмесмин. Кирпигинин ирмелишинен эмне каалап турганын билчү элем. Кармабай туруп тамырынын кантип согуп жатканын туйчу элем. Дагы эмне кылып байлап калышым керек эле? Деги эле күйөө деген байлап кала тургандай малбы? Кыргызда күйөө кетсе да, жүрсө да аялын күнөөлөшөт. Түтөгөндө да ошого түтөдүм. Аял күйөө үчүн чыдай турган бир күң эмес, тескерисинче, ал каза турган алтын кен. Суусунун кандыра турган булак. Тилекке каршы, күйөөм булактын көзүн ачып, жанга жагымдуу даамын татып иче албады. Чачты, төктү, булгады да кетти. Жүрөгүмдөгү мээримди 20 жыл бою көрө албаган адамды мен дагы эмне амал менен байлап калышым керек эле?
Ойлонуп туруп бир гана күнөөмдү таптым. Мен күйөөмдү байытпашым керек эле. Колунда ашык акчасы болсо эки жагын каранып, экинчи аялга жутунуу эркектердин табиятында бар тура. Куду Эдигейдин Каранарындай чамынып, урунарга тоо таппай, көзүнө кызы да, баласы да, аялы да көрүнбөй калат экен. Эгерде акчасы болбогондо сезим эмес, эртең кантип балдарымдын курсагын тойгузам деген ой менен алек болмоктур.
Адыл, сен талкалап кеттиң. Сезимдерди, ыйык очогубузду талкалап кеттиң. Эми анын урандысынан бактыңды кайрадан курап жашап көр. Өзүмдү сактап калышым үчүн мен ичимдеги сени өлтүрүшүм керек эле. Болбосо ыза, таарыныч, сүйүү мени жалмап кетмек. А мен өлүүнү каалабадым. Балдарым үчүн мен жашоого карманышым керек эле. Башка бир учур болсо, балким, өзүмдү өлтүрүп ичимдеги сени жашатмакка аракет кылмакмын. Бирок бул жолу эмес. Бул жолу менсиз балдарыма оор болорун сездим. Биз баарыбыз үчүн жүрөгүмдөгү сени жок кылдым. Сен мен үчүн көз алдымда өлүп бара жаттың. Аны сезгениңде туталандың, ызаландың, жабылып бара жаткан эшикке чуркадың. Бирок эшик жабылды. Ичимдеги сени жок кылганымда гана сенин үйлөнүшүңө каршы болбодум. Согуш токтоду. Эми сен мен үчүн болгону балдарымдын атасы жана үйдүн капчыгы катары гана жашайсың. Ал эми аялдарга бере турган турмуштук сабагым, эч качан күйөөнү байытпагыла!
А.С.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
4
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Кыргызстанда бир балээ болсо жээндер качып кетишет, мекенди ошол токолдун балдары курал которуп коргошот!!!
Коодо ушул ондуу нерсени терс кабыл алышатда?!
Деги жөн жүргөн күнүңөр болобу? "Ат айланып казыгын табат"-дейт.Ошол башы иштебеген ат казыгын тапканча,аял 20 жылга каарып,айыккыс дартка кезигет.
"Аял баарына чыдаш керек!"- неге аялдар гана чыдашы керек,эркектерчи?! Неге аялы ооруп калса, башка аялга карап басат?