Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУЗАКТА 11 ЖАШАР БАЛА КАЗА ТАПТЫ. АНЫ БЫЧАКТАДЫ ДЕП 14 ЖАШТАГЫ ЭЖЕСИ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

№871 11-июль - 17-июль, 2019-жыл

Ушул жылдын 8-июль күнү Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Каңды айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 11 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматына байланышып, окуя тууралуу маалымат алдык. Маалыматка таянсак, окуя тууралуу милицияга кырсык болгон үй-бүлөнүн кошунасы кабарлаган. Милициянын маалыматында булар айтылат:

“ДААРАТКАНАДАН ШЕКТҮҮ КИЙИМ, БЫЧАК ТАБЫЛДЫ”

– 8-июль күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө, Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Каңды айылында жаш өспүрүмдүн жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери, Сузак райондук прокуратурасынын жана РИИБдин тергөө тобу окуя болгон жерге барып текшерүү иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында аталган даректеги үйдүн чоң бөлмөсүнөн, денеси бычак менен бир нече жолу кесилген абалда, колу жана буттары скотч менен оролгон 2008-жылы туулган С.Анын жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерди тинтүү учурунда башка бөлмөдөн “Кудайберди мен сенден балаң аркылуу өчүмдү алдым” деген мазмунда жызылган кат табылган. Кырсык болгон үйдүн короосундагы дааратканадан аял кишинин футболкасы жана чолок шымы табылган. Кийимдерге канга окшош түстөгү тактар түшүп калган. Мындан сырткары ашкана бычагы табылып, буюмдар далил катары өндүрүшкө алынган.

Окуя болгон учурда баланын ата-энеси үйүндө жок болгон.

Факт боюнча топтолгон маалыматтар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам өлтүрүү» фактысы менен катталып, сотко чейинки териштирүү иши башталды.

Жүргүзүлгөн тергөө иш аракеттердин натыйжасында ошол эле Каңды айылынын тургуну, 14 жаштагы өспүрүм К.А. кылмышка шектүү катары сурак берген. Ал балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин, педагогдун, психологдун жана жактоочунун катышуусунда видеожазуу колдонуу менен суракка алынган.

“КАНТИП БЫЧАКТАП САЛГАНЫМДЫ ӨЗҮМ БИЛБЕЙ КАЛДЫМ”

Кылмышка шектелип жаткан 14 жаштагы өспүрүм өз көрсөтмөсүндө төмөнкүлөрдү айткан:

– Ал күнү уйкудан тургандан кийин (ата-энеси жумушка кеткен) иним экөөбүз дарбыз талашып урушуп кеттик, ошондо иним бычак менен өзүн өлтүрөм деп коркуткан. Түштөн кийин иним сууга түшүп келейин деп уруксат сурап кеткен. Ошол бойдон болжол менен саат 16:00 чамасында үйгө келди. Экөөбүз мурун бири-бирибизди скотч менен ороп ойночубуз, бир жолу ал мени скотч менен байлаган болчу. Мен инимди үйдүн чоң бөлмөсүндө кызыл түстөгү отургучка скотч менен колу бутун байладым. Ошондо иним менин намысыма тийген сөздөрдү айтып жиниме тийди. Атам мал сойгондо колдонгон бычакты алып, инимди бычактап салдым. Бирок кантип, канча жолу бычак сайып салганым эсимде жок, себеби өзүмдү билбей калдым. Эч ким билбесин деп бычакты жана булганган кийимдеримди дааратканага ыргытып жибердим. Анан кошуна Айнура деген эжеге барып инимдин өлүп жатканын айттым, бирок ага мен кылганымды айткан жокмун.

Сурактан кийин кылмышка шектүү К.А. балдарды коргоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнө тил каттын негизинде өткөрүлүп берилди. Учурда соттук-медициналык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул каргашалуу окуя коомдо талкуу жаратып, ар түрдүү жоромолдор айтылып жатат. Бир тарап кыздын көрсөтмөсүнө ишенсе, экинчи тарап окуя чынында башкача болушу мүмкүн, анткени 14 жаштагы өспүрүм кыздын мындай мыкаачылыкка барып, бир тууган инисин өлтүрүшү мүмкүн эмес деген пикирлерди айтышууда. Калганын териштирүүнүн кийинки этаптары көрсөтөт.

Мундуз Нурланбек уулу
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(12)
15.07.2019. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чё то не то
15.07.2019. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыр замандын жаш балдары ото акылдуу укмуштуудай болот бирок омурлору кыска болот деп таятам айтчу бул да болсо Акыр замандын белгилери
15.07.2019. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Скотч менен бири бирибизди ороп ойночубуз дейт ко. Кокуй ай,ошондой да оюн болобу. Ата энеси байкашса бодмок экен эмне оюн ойноп жатканы баодары
15.07.2019. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кыздыгын бироо коркуткан го ,кантип эле канча жылдан бери жашаган инисин олтурсун тан калыштуу
15.07.2019. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала ойноп жатканда байкаш керек,мурун интернет жок, телевизор аз коруп,ойундун баары кочоодо болчу.Замандын онугуусу м.н олтуруусу!!!Балким чын,балким коркутуу,аркасында башка бироо бар!!!
16.07.2019. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Катты ким жазган болот анда?(Кудайберди мен сенден балан аркылуу өчүмү алдым)
17.07.2019. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
el9nora,кол жазмасын көрүш керек экен э ошол кыздыкына окшош болсо демек бир далил...
17.07.2019. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кат ошол бойдон калып кеттиби
17.07.2019. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Табылган кийимдер ошол кыздыкы бекен, кантип эле 14 жаштагы кыздын энеси кийимдерин тааныбайт...
18.07.2019. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой тобоо, бул иш да ачылбай кете берет окшойт сыйкырдуу болуп, эжеси олтурду дегенине ишенич кыйын болуп турат. Аллахтан башка эч ким билбейтда.
18.07.2019. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Кудайберди,мен сенден балан аркылуу очумду алдым"деп кызын кат жазбаса керек дейм.Атасына очошкон бироолор кызын коркутушкан го,Жаман иш болуптур.Жайы жаннатта болсун ылайым оспурумдун.
24.07.2019. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун ата энесинен интервью алган эмес алардын да оюн билиш кк. Бул жерде бир сыр бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо