ЖЫЛДЫЗДАР ЖАЙДЫН ЫСЫГЫНДА КАЙДА ЭС АЛУУДА?

№871 11-июль - 17-июль, 2019-жыл

Жайдын аптабы күчөп, бардыгыбыз эле эс алууну эңсеп тургандайбыз. “Бул жайда атактуулар кандай эс алууда?” деген суроого жооп издеп көрдүк.

Максат Садырбеков: “ХАЙНАНЬ АРАЛЫНДА ӨЗГӨЧӨ ЭС АЛЫП ЖАТАБЫЗ”

Биз Айсулуу экөөбүз (ред.: жубайы бийчи Айсулуу Молдалиева) бал айыбызды Кытайдын Хайнань аралында өткөрүп жатабыз. Эл аз учурунда келиппиз, эл көп болгондо аябай кымбатчылык болот экен. Атмосфера аябай жакты, жакшы мейманкана да тандап алыптырбыз. Кечээ “Махабат паркы” деп аталган жерге барып келдик. Өзгөчө шоулор болот экен. Үстүбүздөн суу куюп жиберип, сахнада сёрфинг боло калып, от жана калып укмуш болот экен. Мага өзгөчө ушул шоу таасир берди. Сонун эс алып жатабыз, бул жай эсибизден көпкө кетпейт го.

Чолпон Талипбек: “ЫСЫК-КӨЛДӨН ЭНЕРГИЯ АЛАМ”

Менин оюмча, жайында Ысык-Көлгө барыш керек. Мен үчүн бул эң жакшы эс алуу, иштерим боюнча барганда деле бир күн калып болсо да эс алып келгенге аракет кылам. Сезон башталгандан бери үч жолу бардым. Негизи жайында эле эмес, кышында да Ысык-Көлгө барам. Мага чарчап турганда эс алдырган аурасы, энергиясы жагат. Көл жээгинен тынчтыкты сезем. Кээде үй-бүлөм менен, кээде досторум менен, айрым учурда иш боюнча да барып калам. Адатта тынч, ызы-чуусу жок мейманкана тандайм, таңында туруп көл жээгине барып сууга түшүп, кечке жуук эрте эле жатып уктап эс алганга аракет кылам. Ал эми чет өлкөгө чыгып эс алууну күзгө пландап жатам.

Айдана Дека: “АВАЗ ЭКӨӨБҮЗ ЖАЙДЫ ЫСЫК-КӨЛДӨН ӨТКӨРӨБҮЗ”

Мурунку жылдары чет өлкөгө чыгып эс алчубуз. Чынын айтсам, Аваз (ред.: жолдошу ырчы Аваз Акимов) экөөбүзгө тең өзүбүздүн Ысык-Көлүбүздөн өткөн эс ала турган жай жок экен. Анткени башка чоң шаарларда биздикиндей таза сууну табыш мүмкүн эмес. Учурда Ысык-Көлдөбүз. Эки күн мурун досторубуз менен келгенбиз. Мен курбуларым, Аваз достору менен дегендей. Алар кетип, Аваз экөөбүз эле калабыз. Негизи жайды толук эле Ысык-Көлдө өткөрөбүз деп ойлоп жатам, анткени мен шаарда аябай кыйналып ысып жаткандыктан Аваз экөөбүз бул жакта болууну чечтик. Албетте, шаарга барып иштерибизди бүтүрүп келип турабыз. Планыбызда ата-энелерибизди да алып келип чогуу эс алдыруу бар.

Ильяз Андаш: “КӨЛДҮН СЕЗОНУН ОРОЗОДО ЭЛЕ АЧКАНБЫЗ”

Жай башталганда эле Каракол шаарына келип, эс алууну баштаганбыз. Мен иштер боюнча борборго барып келип жатам, бирок үй-бүлөм бул жакта. Каалаган учурда көлгө, каалаган учурда тоого чыгып жыргап жатабыз. Чет өлкөгө чыгып эс алышыбыз мүмкүн, бирок жайкысын мекенибизде эле болобуз. Анткени биздикиндей табият эч бир жерде жок.

P.S.: Мындан тышкары Анжелика Италияда, Айзада Жамгырчиева жана Кенже Дүйшеева Ысык-Көлдө, Алтынай Нарбаева өзүнүн дачасында эс алып жатканын билдик.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
15.07.2019. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аваз да Декана да жакпайт. Незнаю почему
15.07.2019. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айдана кош бойлуу экенин билдирип койду
15.07.2019. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Paprikafm,мен да шонтип ойлодум
15.07.2019. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Paprikafm,боюнда бар экенин жарыялап алды да.Биротоло токсткоз болуп жатам деп койбоптур да.
15.07.2019. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Скоро жаза баштайт да токсикозун
17.07.2019. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булар акчаны кайдан табат экен а баары эс алууда анысы аз келгенсип чет олкого эс алганы барабыз дейт го биз тентип иштеп журсок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо